Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2023-жылдын 2-октябры № 1

  

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын

29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндө

 

 

Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

 

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгы аткарууга алынсын.

 

2.2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.

 

3.Жергиликтүү Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык  планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4.Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5.Календардык планга ылайык Жергиликтүү Курултайды өткөрүү күнү 18-ноябрь, Жергиликтүү Курултайдын делегаттарынын саны 40 деп белгиленсин.

 

6.Жергиликтүү жамааттардын жыйындары 16-октябрдан 21-октябрга чейин өткөрүлсүн.

 

7.Ушул токтом менен бекитилген Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык  планына жараша өз мөөнөттөрүндө аткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.

 

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам. 

 

 

Төрага:

Б.Токонов

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

 Кең-Арал айылдык кеңешинин

 2023-жылдын 2-октябрындагы

№1 токтому менен бекитилген

 

 

Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык  планы

 

 

№

Иш-чаралардын мазмуну

Өткөрүү

убактысы

уюштуруучулар

Негиз/эскертме

Элдик Курултайдын делегаттарын жергиликтүү жамааттардан шайлоо

1.

Жергиликтүү кеңеш тарабынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүчүлүктүү жыйындар (мындан ары-өкүлчүлүктүү жыйындар) жөнүндө чечимди сессияда кабыл алуу:

-өкүлчүлүктүү жыйындын  убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо;

-өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү;

-өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери (нормасы);

-жыйындарды өткөрүү графигин бекитүү;

-өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү;

-өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү

2023-жылдын\

6-октябрына чейин

Айылдык кеңеш

 

2.

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүү

2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин

Айылдык кеңеш

 

3.

Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо

Комиссиялар түзүлгөн учурдан тартып 2023-жылдын 23-25-октябрына чейин

Жумушчу топ

Бекитилген график

 боюнча

4.

Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибинин долбоорлорун даярдоо

2023-жылдын

14-ноябрына чейин

Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

5.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү

2023-жылдын 18-ноябры (ишем-би)

Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

6.

Өкүлчүлүктүү жыйындардын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу  протоколдору жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине жөнөнтүү

2023-жылдын

24-ноябрына чейин

Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                 Н.Бейшеналиева

 

 

 

 

 

2-тиркеме

 Кең-Арал айылдык кеңешинин

 2023-жылдын 2-октябрындагы

№1 токтому менен бекитилген

 

 

 

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы

 

1.1.  Б.Токонов-айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

1.2. К.Кузебаева-Т.Алымкулов атындагы балдар бакчасынын директору,         

        жумушчу топтун орун басары;

1.3. Н.Бейшеналиева-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы

 

                                Жумушчу топтун мүчөлөрү:

1.4. Н.Сулайманкулова-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;

1.5. Ж.Төлөгөнова   -айылдык кеңештин депутаты;

1.6. Д.Алымкулов    -айылдык кеңештин депутаты;

1.7. А.Анарбаева      -айылдык кеңештин депутаты;

1.8. Г.Сооронкулова -айылдык кеңештин депутаты;

1.9. Р.Сүйүнбаев       -айылдык кеңештин депутаты;

1.10. О.Жамангараев -айылдык кеңештин депутаты;

1.11.Улукбек уулу И. -айылдык кеңештин депутаты;

1.12.А.Карабаев         -айылдык кеңештин депутаты;

1.13.А.Усенбеков      -айылдык кеңештин депутаты;

1.14.Т.Жанышбекова -УДТ №5 мед.айым;ав+

1.15. Б.Азаматов         -А.Арыстанов о/м мугалими;

 

 

Жооптуу катчы                                                                Н.Бейшеналиева

 

 

 

 

 

“БЕКИТЕМ”

 Кең-Арал айылдык

Кеңешинин төргасы

_______________Б. Токонов

02.10.2023

 

 

Жамааттарда жыйындарды/чогулуштарды өткөрүү графиги

 

 

№

к/н

Жамааттардын аталышы

Делегаттардын саны

 

Өткөрүү күнү

Орду

1.

Кең-Арал айыл аймагынын калкы

40

20.10.2023

14-00

Клуб

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                       Н.Бейшеналиева