Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 25

“Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-2024-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарынын (ТТК) топтолуусунун бааларын жана төлөм акыларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйамынын 34-беренесинин 11-пунктуна жана “Баткен –Тазалык” МИ 2023-жылдын 3-мартындагы №01-12/556 катынын, Баткен шаардык кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-апрелдеги отурумунун протоколунун жана корутундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:

 

1.”Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-2024-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарынын (ТТК) топтолуусунун бааларын жана төлөм акылары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)

2. Шаар аймагында таштандыларды чыгаруу наркы жана сатуу баасынын эсептик көрсөткүчү №2 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн (№2 тиркеме тиркелет)

3.Ташылып чыгарылган таштандылардын туруш нарын жана сатуу баасынын эсептик көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн (№3 тиркеме тиркелет)

4.Токтом шаар калкына шаардык кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Амиров/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов

 

Баткен шаардык кеңешинин VII

чакырылышынын XVI сессиясынын

№25  токтомуна №1 тиркеме

 

“БЕКИТЕМ”

Баткен шаардык кеңешинин

төрагасы

______________А.Аширов

26-апрель 223-жыл

“МАКУЛДАШЫЛДЫ”

Баткен шаарынын мэри

 

____________И.Бурканов

26-апрель 2023-жыл

 

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен-Тазалык” МЧЭИнын коммуналдык

кызматтарынын төлөмдөрүнүн

 

Бааларынын көрсөткүчү

 

№

Кызматтардын аталышы

Бирдиктүү өлчөмү

Ай сайын

 

Суммасы (сом менен)

1

Калкка

1 адамга

1 айга

20 сом

2

Бюджеттик мекемелерге

1м2 ( аянт)

1 айга

22 сом

3

Өндүрүштүк мекемелер

1м2 (имарат)

1 айга

19 сом

4

Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга

1м2 имарат)

1айга

10 сом

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

Ж.Алдашова

Баткен шаардык кеңешинин VII

чакырылышынын XVI сессиясынын

№25  токтомуна №2 тиркеме

Таштандыларды чыгаруу наркы жана саттуу баасын эсептик көрсөткүчү

Калк үчүн:

Элден каттуу таштандыларды чыгаруу кызматынын өздүк наркы 1 адамга шаар ичинде;

Шаар ичинде каттуу таштандыларды чыгаруу үчүн:

1250000 сом (2022-жылда түшө турган киреше) :240 (20сом х 12 айга) =5208 адам

5208 адам х1,1 м3 =5728,8 м3 (топтолгон мусор)

5208 адам х 20 сом х 12 айга = 1250000 сом

Жооптуу катчы:

Ж.Алдашова

Баткен шаардык кеңешинин VII

чакырылышынын XVI сессиясынын

№25  токтомуна №3 тиркеме

Ташылып чыгарлган таштандылардын туруш нарын жана сатуу баасынын эсептик көрсөткүчтөрү

Коммерциялык түйүндөр үчүн:

Коммерциялык түйүндөрдөн каттуу таштандыларды чыгаруу наркы 1м2 шаар ичинде:

Шаар ичинде каттуу таштандыларды чыгаруу үчүн: