РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2023-жылдын 28-сентябры №7
Жергиликтүү жамаатардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ№215 жарлыгына ылайык жергиликтүү жамаатардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө сунушту жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү жамаатардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги (Өкүлчүлүктүү жыйындын убактысы жана өтүүчү жери, өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны, өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси) тиркемеде көрсөтүлгөн таблицага ылайык бекитилсин. (Тиркеме №1).
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №2).
3. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |
Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы №7 токтомуна тиркеме №1 |
Жергиликтүү жамаатардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | ААА | Калктын саны | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү нормасы (саны) | Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу депутаттар. | Өткөрүлүүчү жери жана өткөрүү графиги | Уюштуруучулар |
1 | Ак-Босого | 938 | 6 | Джоошбаев Т | Д.Жороев ат. о/м 16.10.2023 Саат 10-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
2 | Самат | 2381 | 15 | Абдираимов А | Самат ат.о/м 16.10.2023 Саат 13-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
3 | Чимген | 3529 | 22 | Айтемиров Б | Чайкана 16.10.2023 Саат 16-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
4 | Ак-Булак | 988 | 6 | Амиров А | Ак-Булак мектеби 17.10.2023 Саат 10-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
5 | Тайлан | 1654 | 10 | Амиров А | Тайлан о/м 17.10.2023 Саат 13-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
6 | Голбо | 1845 | 11 | Кудайбердиев К | К.Казиев ат. о/м 17.10.2023 Саат 16-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
7 | Раззаков 1/2 | 4876 | 30 | Худойназаров Д | Амир Темур ат. о/м 18.10.2023 Саат 10-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
8 | Раззаков 3 | 3287 | 20 | Туракулов М | №4 гимназия мектеби 18.10.2023 Саат 13-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
9 | Раззаков 4 | 3567 | 22 | Маматкулов И | Исфана о/м 18.10.2023 Саат 16-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
10 | Раззаков 5/6 | 5834 | 35 | Максутова Э | А.Навои ат. о/м 19.10.2023 Саат 10-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
11 | Раззаков 7 | 3795 | 23 | Саматов С | Ыссык-Көл о/м 19.10.2022 Саат 13-00 | Раззаков шаардык кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ. |
| Жалпы саны | 32694 | 200 |
|
|
|
Раззаков шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
З.Н. Туяков |
Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы №7 токтомуна тиркеме №2 |
Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. | Сапаев Бакытбек Торобаевич- | Раззаков шаардык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы; |
2. | Туяков Зухрудин Насиридинович- | Раззаков шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы; |
3. | Саатбаев Жамаатбек Абибллаевич- | Раззаков шаардык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү; |
4. | Халов Муйдин Нооманович- | Раззаков шаарынын мэриясынын башкы адиси, жумушчу топтун мүчөсү; |
5. | Камчыбекова Сонунбу Мырзашовна- | “Активист” коомдук бирикмесинин жетекчиси, жумушчу топтун мүчөсү. |