Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 13-январы № 4
Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 261, 2011-жылдын 15-июлундагы № 104, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жаранынын ишке орношуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетүү, чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн Кыргыз Республикасына тартуу тартибин белгилейт жана эмгекчи-мигранттарды коргоонун укуктук ченемдерин аныктайт жана алардын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат.
I глава Жалпы түшүнүктөр
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр менен терминдер
Эмгекчи-мигрант - жөнгө салынган статуска ээ жана өзү жараны болбогон мамлекетте эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн адам.
Тышкы эмгек миграциясы - эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу негизде анын чегинен ыктыярдуу тышка кетүүсү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү.
Барып-келип (чегарага танапташ) эмгектенүү миграциясы - жөнөтүүчү мамлекеттин аймагында туруктуу жашаган шартта эмгек иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чектеш мамлекеттин аймагына туруктуу барып туруусу жана чектеш мамлекеттин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү.
Иш берүүчү - ишке орношкон мамлекетте жумуштарды аткарууга (кызмат көрсөтүүтө) эмгек келишиминин (контракттыы) же жарандык-укуктук келишимдин шарттарында иш берген же өз ишин жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.
Жөнөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө өздөрүнүн эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн жөнөтүүгө байланышкан иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жак.
Эмгектик иш-аракет - жалданма жумуш, башка акы төлөнүүчү жумуш, ошондой эле жалданма жумуштан айырмаланган, эреже катар, контракттын, келишимдин же жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квотанын негизинде же мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлүп күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз алдынча иштеген эмгекчинин жашоосу үчүн каражатты камсыз кылган иш.
Мыйзамсыз эмгек миграциясы - чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын улуттук мыйзамдарда белгиленген ишке орношуу тартибин жана эрежелерин бузуу менен Кыргыз Республикасында эмгектик жана кесиптик иш-аракетин жүзөгө ашыруусу.
Мыйзамсыз эмгекчи-мигрант - чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата улуттук мыйзамдарда белгиленген ишке орношуунун тартибин жана эрежелерин бузган адам.
Чегарага танапташ эмгекчи-мигрант - чектеш мамлекетте өзүнүн туруктуу жашаган жерин сактаган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык ага карата визасыз режим колдонулган, жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына мезгил-мезгили менен кирип турган жана чектеш мамлекетке визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жок дегенде бир жолу кайтып келген танапташ мамлекеттин жараны.
Жөнөтүүчү мамлекет - эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган жана андан эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында башка мамлекетке чыгып кеткен мамлекет.
Ишке орношуучу мамлекет - эмгекчи-мигрант эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн мамлекет.
Үй-бүлө мүчөлөрү - эмгекчи-мигрант менен никеде турган адам, ошондой эле анын багуусундагы балдары жана иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык үй-бүлө мүчөлөрү деп таанылуучу башка адамдар.
Жөнгө салынган статус - ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке орношуучу мамлекеттин аймагында болууга жана акы төлөнгөн эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашырууга уруксаттын болушу.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартуу жана пайдалануу квотасы - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы абалга жараша эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын санынын жогорку чеги.
Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде аларды Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетине тартуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык келсе, конкреттүү иш жаатында жогорку билими, иш тажрыйбасы, көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү билими, зарыл болгон квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде уюм түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жагындагы мамлекеттик саясаты
Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жагындагы мамлекеттик саяcаты төмөнкүдөй максаттарга багытталган:
- тышкы эмгек миграциясынын процесстерин жөнгө салууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун керектөөсүн зарыл болгон жумушчу күчү менен канааттандырууга, экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын рационалдуу жана тең салмактуу түзүмүн түзүүгө;
- улуттук эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош жумушчу орундарын ээлөөгө артыкчылыктуу укуктарын камсыз кылууга;
- легалдуу эмес тышкы эмгек миграциясынын алдын алууга жана ага жол бербөөгө;
- эмгекчи-мигранттардын укуктук жана социалдык жактан корголушун камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөргө тартуу жана ишке орноштуруу боюнча башка мамлекеттердин квоталарын белгилөөсүнө көмөк көрсөтүүгө;
- эмгек миграциясы жагында эл аралык актыларга кошулууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоого;
- эмгек рыногундагы бош орундар жөнүндө маалыматтар базасын түзүүгө, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектик иш-аракетин уюштуруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик тармактары аркылуу Кыргыз Республикасынын калкына дайыма маалымат берип туруу мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүүгө.
Тышкы эмгек миграциясы жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй принциптерге:
- адам укугу жана эмгекчи-мигранттарды социалдык жактан коргоо жагындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерин жактай турганына;
- тышкы эмгек миграциясы жагындагы иш-чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда улуттук кызыкчылыктарды сактоого негизделет.
3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө
Ушул Мыйзамдын күч-аракети мамлекеттик башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерге, анын ичинде Кыргыз Республикасында жекече ишкерлер катары катталган жана ишкердик ишти юридикалык жакты түзбөй туруп жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн чет өлкөгө жөнөтүү, чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзгөн жактарга (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субъекттер), ошондой эле эмгекчи мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жайылтылат. Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.