Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы

 

2023-жылдын 03-октябрындагы № 150

 

Элдик Курултай өткөрүү жөнүндө

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышып чыңдоо максатында, КР Президентинин 2023 – жылдын 29 – августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 215 Жарлыгына ылайык Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча өкүлчүлүгүү жыйындарды кадамдап аткарылуучу аракеттерин карап жана талкулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кадамжай шаар аймагында өкүлчүлүктүү жыйын 2023–жылдын 18–ноябрына саат 10:00го чакырылсын.

 

2. Кадамжай шаар аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү калктын санына ылайык 100 өкүл турары белгиленсин.

 

3. Кадамжай шаар аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 1–тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Жергиликтүү жамааттар арасында өкүлчүлүктүү жыйындар 16–октябрдан 21–октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү жана жыйындарды өткөрүү боюнча графиги № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

А.Абдыразаков

 

Кадамжай шаардык кенешинин

2023–жылдын 3–октябрындагы

№ 150 токтомдун № 1–тиркеме

 

Элдик курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамы:

1.     

Шамшиев У.Т.

– шаардык кеңештин депутаты

2.     

Жуматаева Г.

– шаардык кеңештин депутаты

3.     

Кулмурзаев Г.

– шаардык кеңештин депутаты

4.     

Шерматов Б.

– шаардык кеңештин депутаты

5.     

Мамарасулова И.

– мэриянын аппарат жетекчиси

6.     

Пазылов И.

– айыл башчысы

7.     

Абдурасилов М.

– айыл башчысы

8.     

Асанов Т.

– айыл башчысы

9.     

Махманурова З.

– “Кадамжай Сууканал” ишканасынын бухгалтери

10.   

Таштанов Э.

– Жаштар комитетинин мүчөсү

11.   

Эшанкулова А.

– шаардык кеңештин жооптуу катчысы

 

Жооптуу катчы

А.Эшанкулова

 

Кадамжай шаардык кеңешинин

2023 – жылдын 3–октябрындагы

№ 150 токтомуна № 2 – тиркеме

 

Кадамжай шаарында өткөрүлүүчү жыйындардын

Г Р А Ф И Г И

№

Өткөрүлүүчү жери

Кайсы көчөлөр

Жооптуулар

Датасы.

1

Базардын ичи

Мехцех, Заводская, Орозбеков Аңкурсайга чейин

Абдыкалыкова Б., Нурмаматова Н.

16.10.23ж

2

Жаштык кинотеатры

А.Жалилов, Набережная

Шакирова Х.,                   Абдыразаков А.

17.10.23ж

3

Мечит (Пролетарскийдеги)

Пролетарский, Садрик, Сейдалиев, Комсомольская, Спортивный

Орозалиева К.,                                       Мамадаминов У.

20.10.23ж

4

Мечит

(Пүлгөн 3-бр.)

Орозбеков, Школьный, Ж.Орозбаев, Темирбаев

Абдырахманов А., Караев. Ш.

20.10.23ж

5

Мечит

(Лесхоз)

Эрмек бий, И.Зайляпов, Пузулуев

Боджоев Э., Караев Ш.

19.10.23ж

6

Мечит

(4-бр.)

4-бригада

Боджоев Э., Караев Ш.

20.10.23ж

7

Геолоктор көчөсү (военный часть)

Бегалиев, Молдо Нажимидин

ХалиловаБ., Арыков И.,

Боджоев. Э.

20.10.23ж

8

Жаңы-Жер

(балдар аянтчасы)

Жаңы-Жер

Кулмурзаев. Г., Абдырахманов А.

17.10.23ж

9

ДК

Кирова, К.Ысманов, Береговая

Курбанова У., Ырысматов. К., Макканов Т.

18.10.23ж

10

Жийделик

общий

Шерматов Б., Ырысматов, Дастиров К.

21.10.23ж

11

Северный

(стадион футбол)

Северный, Металлург

Абдыразаков И.,                Шамшиев У.

18.10.23ж

 

 

Жооптуу катчы

А.Эшанкулова