Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4

 

Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө

Жумгал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын 28.10.2021-жылдагы №128-Мыйзамы менен колдонууга кирген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 24.01.2023-жылдагы ”Укук бузуулар боюнча иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону” бекитүү тууралуу” №35 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу чараларын көрүү боюнча Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Муталиев