Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 13-октябры №578-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь РеспуликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Өнөр жай менчигин коргоо тармагандагы кызматташтыкжөнүндө
макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчикбоюнча мамлекеттик агенттиктин даректоруна көрсөтүлгөн Макулдашуугапринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугуменен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укукберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2004-жылдын 29-декабрындагы № 850-6буйругу күчүн жоготгу деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өнөр жай менчигин коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаБеларусь Республикасынын Өкмөтү, эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн тарыхый достук мамилелерди эскеалышып, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматгашууну өнүктүрүүнүкаалашып, мындай кызматташууну өнүктүрүүнүн зарыл шарты өнөр жай менчигиннатыйжалуу жана тийиштүү түрдө коргоо болуп эсептелерин моюнга алышып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "өнөр жай менчиги" түшүнүгүн Өнөржай менчигин коргоо боюнча 1883-жылдын 20-мартындагы, Стогольмдо 1967-жьшы14-июлда кайтадан каралып чыккан, 1979-жылы 28-сентябрда өзгөртүүлөркиргизилген Париж конвенциясынын (мындан ары - Париж конвенциясы) 1-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүү керек. 2-статья Тараптар өнөр жай менчигин коргоо тармагында кызматташууну ушулМакулдашууга жана алар катышуучусу болгон же келечекте катышуучусу болотурган башка эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайдалуулуктун жана тењукуктуулуктун негизинде ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт. Тараптардын кызматташуусу: өнөр жай менчик объектилерине карата укуктарды коргоого жанапайдаланууга байланышкан маселелерди жөнгө салууга; өнөр жай менчигин коргоо тармагында Тараптардын мамлекеттерининулуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө; өнөр жай менчигии коргоо тармагында маалыматтарды, ченемдик жана башкадокументтерди, ошондой эле тажрыйба жана адистерди алмашууга; кызматашуунун эки Тарап өз ара макулдашкан башка формаларынабагытталат. 3-статья Өнөр жай менчигин коргоо тармагында бир Тараптын мамлекетинин жекеадамдары жана юридикалык жактары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагандаушул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында өзүнүн жеке адамдарына жанаюридикалык жактарына азыркы учурда берилген же бериле турган ушул элеукуктар менен артыкчылыктардан укуктук коргоонун ошол эле каражаттарыношол эле негизде жана ошол эле көлөмдө пайдаланышат. Мында ушул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча ТараптарПариж конвенциясынын жоболорун колдонушат. 4-статья Тараптар, эгерде ойлоп табууга автордук күбөлүк же СССРдин күбөлүгүберилип, бирок ушул ойлоп табууга улуттук патент алуу боюнча башка адамдарөтунүч берген күнгө чейин эле ушул ойлоп табууну пайдалануу укуктуу түрдөбашталса, Кыргыз Республикасынын же Беларусь Республикасынын ар кандайжеке адамдары же юридикалык жактары ушул ойлоп табууну лицензиялык келишимтүзбөстөн эле пайдаланууга укуктуу экендигин моюнга алышат. Ушуну менен бирге аталган ойлоп табуу кайсы Тараптын мамлекетининаймагында пайдаланылса авторлорго сыйакы төлөө ошол мамлекеттин ченемдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 5-статья Бир Тараптын мамлекетинин жекеадамдары жана юридикалык жактары экинчиТараптын мамлекетинин аймагында өнөр жай менчигине тийиштүү патенттикфондулардан, китепканалардан, маалымат банктарынан анын өздөрүнүн жекеадамдары жана юридикалык жактары пайдаланышкан шарттарда пайдаланышат. 6-статья Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга төмөнкүлөр жоопкер болуп саналышат: Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууИнтеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик; Беларусь Республикасында - Беларусь Республикасынын Илим жанатехнологиялар боюнча мамлекеттик комитети. Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча жоопкер мамлекетгак органдардынкызматташуусунун тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлүүчү атайынмакулдашуулар менен аныкталат. 7-статья Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн Тараптардын жоопкер мамлекетгикоргандарынын ортосунда бул Макулдашууга ылайык жүргүзүлүүчү кат алышууларорус тилинде жүргүзүлөт. 8-статья Бул Макулдашуудан келип чыгуучу же аны аткарууга байланышкан маселелербоюнча кайчы пикирлер чыккан учурда Тараптардын өкүлдөрү тиешелүүконсультацияларды өткөрүшөт жана ушул кайчы пикирлерди жайгаруу салуубоюнча зарыл чараларды көрүшөт. 9-статья Бул Макулдашуу Тараптардын өнөр жай менчиктерин коргоо тармагындабашка мамлекетгер менен эки тараптуу жана Көп тараптуу кызматташууларгакатышуусуна жолтоо болбойт. 10-статья Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушулМакулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол менентаризделчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Протоколдун жоболору ушул Макулдашуунун 11-статьясына ылайык күчүнөкирет. 11-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичкижол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнчакат жүзүндө акыркы кабар берилген күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнөкирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бириэкинчи Тарапка бул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө өз ниетин ушулмөөнөггүн бүтүшүнө алты ай калганга чейин кат формасында дипломатиялыкканалдар боюнча билдирбесе, анын күчү кийинки беш жылдык мөөнөттөргөөзүнөн өзү узартылып турат. Бул Макулдашууну колдонууну токтотуу эки Тараптын мамлекеттеринин жекеадамдарына жана юридикалык жактарына берилген же берилүүчү коргоодокументтеринин жарактуулугуна таасир этпейт. 200 -жылдын"_________________________________________________________шаарында ар бири кыргыз, беларусь жана орус тилдеринде эки нускадатүзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикир пайда болгон учурдаорус тилиндеги текстке артыкчылык берилет. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Јкмјті ічін Јкмјті ічін