Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2-майы № 106-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик ко-омунун (Россия Федерациясы) ортосунда нефть-газ тармагындагы өз арапайдалуу кызматташууну өнүктүрүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердиккоомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы Кыргыз Республикасыныннефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөөжүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун тиркелген
долбооружактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик мурда "Кыргызнефтегаз" ачыкакционердик коомуна "Көгарт" (Жалал-Абад) жана "Чыгыш Майлуусуу IV"(Шаркыратма) нефть-газ келечектүү аянттарды геологиялык изилдөө үчүнберилген лицензияларды "Газпром" ачык акционердик коомуна же анын туун-ду ишканасына аныкталган тартипте кайрадан тариздесин. 3. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна "Көгарт" (Жалал-Абад)жана "Чыгыш Майлуусуу IV" (Шаркыратма) нефть-газ келечектүү аянттардынбардык геологиялык жана техникалык документтерин "Газпром" ачык акцио-нердик коомуна (Россия Федерациясы) же анын туунду ишканасына өткөрүпберүү сунушталсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын энергетикалыккомплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө МАКУЛДАШУУ 2007-жылдын Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү(мындан ары - КР Өкмөтү) менен "Газпром" ачык акционердик коомунун(мындан ары - "Газпром" ААК) ортосундагы ушул Макулдашуунун 1-тиркеме-синде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянтта-рында (мындан ары - Аянт) жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүп,аныкталган углеводород кендерин кийин россия-кыргыз биргелешкен ишкана-сында (мындан ары - Биргелешкен ишкана) иштетүүнүн жалпы принциптерижөнүндө бул макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) 2003-жылдын 16-майын-дагы Газ тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана 2006-жылдын27-январындагы Биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө ниеттер тууралуу мемо-рандумду ишке ашыруу максатында 2007-жылдын "___" ___________________________________шаарында түзүлгөн. (А) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республика-сынын 1997-жылдын 2-июлундагы N 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы N 82 жана 2002-жылдын4-февралындагы N 23 Мыйзамдарына ылайык киргизилген өзгөртүүлөрү жанатолуктоолору менен) ылайык жер казынасы Кыргызстандын жалпы улуттукбайлыгы жана жеке менчиги болуп эсептелерин; (Б) Кыргыз Республикасынын аталган мыйзам актылары КР Өкмөтүнүн(КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамле-кеттик агенттик): - Аянтта жер казынасын геологиялык изилдөөгө лицензияларды бере-рин; - Аянтта аныкталган углеводороддордун кендерин иштетүүгө жана ка-зууга лицензияларды берерин; (В) КР Өкмөтү Аянттын жер казынасында болушу мүмкүн болгон углево-дороддордун ресурстары Кыргыз Республикасынын жана "Газпром" ААКнынжалпы кызыкчылыгы үчүн нефть-газ өнөр жайында кабыл алынган эл аралыкпрактикага ылайык чалгындалышына жана эксплуатацияланышына каалоосунбилдирерин; (Г) "Газпром" ААК издөө жана чалгындоо жумуштарын жүргүзүү жагындажетиштүү тажрыйбага ээ жана керсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн жетиштүүфинансылык ресурстары бар экенин көњүлгө алышып, тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1. Макулдашуунун предмети 1.1. Тараптар Биргелешкен ишкананын иштеши үчүн негиз түзүү макса-тында керектүү даярдоо иш-чараларын жүргүзүшөт жана анын жыйынтыгы бо-юнча Аянттын жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүшөт. Бул максат-та "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) ушул Макулдашуунун 1.3 жана1.4-пункттарына ылайык чыгымдарды жумшоого ниеттенет. 1.2. Эгер Аянттан углеводороддордун коммерциялык запастары табыл-баса: (А) КР Өкмөтү "Газпром" ААКга (же анын туунду ишканасына) ушул Ма-кулдашуунун 1.1-пунктунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Та-раптар кошумча макулдашкан башка аянттарында даярдоо иштерин жүргүзүүгөжана алардын жыйынтыгы менен жер казынасын геологиялык изилдөөгөмүмкүндүк берет. (Б) "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) Аянтта даярдоо иштеринжүргүзүүгө жана геологиялык изилдөөгө байланыштуу тарткан чыгымдар угл-ведороддордун коммерциялык запастары табылган башка аянттарда "Газпром"ААК (же анын туунду ишканасы) углеводороддордун кендерин иштеткенде эс-ке алынат (орду толтурулат). "Газпром" ААКнын тарткан чыгымдарын эсепкеалуунун (ордун толтуруунун) механизмин жана тартибин (анын ичинде про-дукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун схемасын пайдалануумүмкүндүгүн) Тараптар өзүнчө макулдашууда макулдашат. 1.3. Газпром" ААКнын тапшыруусу боюнча "ВНИИГАЗ" ЖЧК КР Өкмөтүушул Макулдашуунун 4.1 (А) пунктунун 1-абзацына ылайык маалыматтардыжана информация бергенден кийин техникалык-экономикалык баалоону жанаАянтта геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн этаптуу программасын (мындан ары- Программа) даярдайт. Программада ар бир Тараптын жүргүзүлгөн этаптыннатыйжасынын негизинде Программанын ар бир кийинки этабын ишке ашыруунутоктотуу жана жалпы эле Макулдашуудан чыгуу жөнүндө чечим кабыл алуумүмкүндүгү каралууга тийиш. 1.4. Программаны кароонун жыйынтыгында жана ал "Газпром" ААКнынГаз өнөр жайынын кендерди иштетүү жана жер казынасын пайдалануу боюнчакомиссиясында жана башкаруу органдарында, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарында жактырылгандан кийин Та-раптар биринчи кезектеги участокторду, Аянтта жер казынасын геологиялыкизилдөөнүн көлөмдөрүн жана этаптарын, ошондой эле аларды жүргүзүүгө чы-гымдардын негизделген көлөмдөрүн макулдашат. 1.5. "Газпром" ААК жана/же анын туунду ишканасы Программаны ишкеашырууда алган жер казынасы жөнүндө маалыматтар лицензиялык макулдашуу-ларда каралган мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүп бе-рилет. 1.6. Эгер Программаны ишке ашыруунун натыйжасында Аянтта углеводо-роддордун запасы табылса, "ВНИИГАЗ" ЖЧК аларды иштетүүнүн техника-лык-экономикалык баасын иштеп чыгат, анын негизинде Тараптар: (А) 2006-жылдын 27-январындагы Биргелешкен ишкана түзүү боюнча ни-еттер жөнүндө меморандумда; (Б) ушул Макулдашуунун 6.4, 6.5 жана 6.6-пункттарында айтылганшарттарда углеводороддордун аныкталган кендерин иштетүү үчүн Биргелеш-кен ишкана түзүүнүн ылайыктуулугу жөнүндө чечим чыгарышат. 2. Башкаруучу комитет 2.1. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу жана аткарылы-шын көзөмөлдөө максатында ага кол коюлгандан кийин 30 күндүн ичиндебашкаруучу комитетке (мындан ары - Башкаруучу комитет) экиден өкүл да-йындашат, анын иши жөнүндө жобону иштеп чыгышат жана бекитишет. 2.2. Башкаруучу комитеттин чечимдери бир добуштан кабыл алынуугатийиш. 2.3. Тараптар Башкаруучу комитеттин иштешине байланыштуу бардыкчыгымдарды, ошондой эле ушул Макулдашууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүжүргүзүү үчүн өздөрүнүн адистерин, консультанттарын жана эксперттеринжиберүүгө чыгымдарды көтөрүшөт. 3. Ыйгарым укуктуу уюмдар 3.1. Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ага кол коюлгандан кийинэки аптанын ичинде: (А) "Газпром" ААК Программанын даярдалышын жана аткарылышын уюшту-руу боюнча бардык иштерди жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмду аныктайт жа-на КР Өкмөтүнө тийиштүү билдирүү жиберет; (Б) КР Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында иштерди жүргүзүүчү ый-гарым укуктуу уюмду аныктайт жана "Газпром" ААКга тийиштүү билдирүү жи-берет. 4. Тараптардын милдеттенмелери 4.1. КР Өкмөтү өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат: (А) ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде "Газп-ром" ААКга (же анын туунду ишканасына) Аянтка байланыштуу бардык ке-ректүү маалыматтарды жана информацияны, анын ичинде геологиялык жанагеофизикалык маалыматтарды, карталарды, моделдерди жана интерпретация-нын жыйынтыктарын, ошондой эле коммерциялык, контракттык жана финансы-лык информацияны берүүгө жана аны менен чектелбөөгө; (Б) Программа жактырылган учурдан кийин эки апталык мөөнөттүничинде ушул Макулдашуунун 1.4-пунктуна ылайык "Газпром" ААКга (же анынтуунду ишканасына) Аянттын жер казынасынын участокторун геологиялыкизилдөө жүргүзүү максатында пайдалануу укугуна лицензияны (мындан ары -1-лицензия) аныкталган тартипте берүүгө; (В) Аянтта углеводороддордун кени ачылган учурда Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Газпром" ААКга (же анын ту-унду ишканасына) ошол кендерди иштетүүгө жана углеводороддорду казуугалицензия берүүгө (мындан ары - 2-лицензия); (Г) "Газпром" ААКнын өкүлдөрүнө (же анын туунду коомуна жана ыйга-рым укуктуу уюмуна), консультанттарына жана подрядчыларына виза, урук-саттарды, лицензияларды алууга, ошондой эле консультация, Программанын,1-лицензиялардын жана 2-лицензиялардын шарттарын аткарууга байланыштуумаалыматтарды жана башка материалдарды чогултуу үчүн Аянтка баруугакөмөк көрсөтүүгө; (Д) - 1-лицензиялардын жана 2-лицензиялардын шарттарына ылайык жерказыналарын пайдалануу үчүн жер бөлүп берүүнү тез арада тариздөө; - товарларды, материалдарды, жабдууларды бажылык тариздөөгө, аныничинде убактылуу алып кирүү жана алып чыгуу режиминде тариздөөгө, ошон-дой эле ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу бардык маа-лыматтарды, үлгүлөрдү жана талаалык маалыматтарды экспорттоо үчүн ке-ректүү уруксаттарды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте алууга көмөк көрсөтүүгө. (Е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте"Газпром" ААКга (же анын туунду коомдоруна, ыйгарым укуктуу уюмуна жанаподрядчыларына) товарларды, материалдарды, жабдууларды, кызматкөрсөтүүлөрдү импорттоодо, убактылуу алып кирүүдө (алып чыгууда), ошон-дой эле ушул Макулдашуунун шарттарын аткарууга байланыштуу үлгүлөрдүжана талаалык маалыматтарды экспорттоодо бажылык төлөмдөр боюнча жењил-диктерди берүүнү камсыздоого. 4.2. "Газпром" ААК өзү (же анын туунду коому) 1-лицензияларды ал-гандан кийин, ошондой эле КР Өкмөтү ушул Макулдашуунун 4.1-пунктунаылайык милдеттенмелерди аткаргандан кийин Кыргыз Республикасынын мый-замдарына, Программага жана 1-лицензиялардын шарттарына ылайык Аянттагыжер казынасын геологиялык изилдөө боюнча жумуштарды аткарууга милдет-тенме алат. 5. Өзгөчө шарттар 5.1. "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) 1-лицензиялардыншарттарына ылайык Аянттын жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүпжана ага байланыштуу бардык чыгымдарды көтөрө тургандыктан Тараптар"Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы) аталган жумуштар бүткөндөн ки-йин 2-лицензияларды алууга өзгөчө укукка ээ болооруна макул болушту. 5.2. Тараптар ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү ичинде үчүнчүТараптар менен ушул Макулдашуунун предметине тиешелүү сүйлөшүүлөрдүжүргүзбөстүгүн, келишимдерди же макулдашууларды түзбөстүгүн бири биринебилдиришти жана гарантия беришет. 5.3. Тараптардын эч бири ушул Макулдашууга ылайык өз укуктарын жеукугунун кайсы бир бөлүгүн башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусузүчүнчү тарапка өткөрүп бере алышпайт. 6. Чыгымдар 6.1. Программаны даярдоо боюнча бардык чыгымдарды "Газпром" ААКкөтөрөт. Программаны ишке ашыруу боюнча бардык чыгымдарды "Газпром" ААКжана/же анын 1-лицензияны алган туунду ишканасы көтөрөт. 6.2. Программаны даярдоодо "Газпром" ААКнын каражаттарынын эсеби-нен алынган интеллектуалдык менчик объектилери жана бардык информация,анын ичинде техникалык-экономикалык баалоо жана Программа "Газпром"ААКнын менчиги болуп эсептелет. 6.3. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында "Газпром" ААКнын жа-на/же анын туунду ишканасынын каражатынын эсебинен жаратылган менчикобъектилери (материалдык жана материалдык эмес активдер) "Газпром" ААК-нын жана/же анын туунду ишканасынын менчиги болот. 6.4. Тараптар Аянтта аныкталган углеводород кендерин иштетүү ушулМакулдашуунун 1.6 жана 6.5-пункттарынын шарттарын эске алуу менен үчүнбиргелешкен ишкана түзүшүп, мурда 4.1 (В) пунктка ылайык берилген 2-ли-цензиялар ага таризделет. 6.5. КР Өкмөтү ушул Макулдашуунун 6.2 жана 6.3-пункттарындакөрсөтүлгөн, жарандык укуктун жүгүртүүгө жарактуу менчик объектилериболгон менчик объектилери Тараптар макулдашкан көз карандысыз баалоочужүргүзгөн акчалай баалоонун жыйынтыгы менен Биргелешкен ишкананын ус-тавдык капиталына "Газпром" ААК жана/же анын туунду коомунун үлүшүнүнбөлүгүн, бирок ушул Макулдашуунун 6.1-пунктуна ылайык "Газпром" ААК жа-на/же анын туунду коому тарткан чыгымдардын өлчөмүнөн кем эмес төлөөнүнэсебине киргизилерин гарантиялайт. 6.6. "Газпром" ААК Программаны ишке ашыруунун натыйжасында анык-талган углеводороддордун кенин иштетүү үчүн керектүү, кыргыз ТараптынАянт боюнча мурда тарткан чыгымдарынын натыйжасында жаратылган, Тарап-тар макулдашкан көз карандысыз баалоочу ырастаган акчалай наркы бар жа-рандык укуктун жүгүртүүгө жарактуу объектилери Биргелешкен ишкананынуставдык капиталындагы кыргыз Тараптын үлүшүнүн бөлүгүн төлөө үчүн кир-гизилерин гарантиялайт. 6.7. КР Өкмөтү ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса,же ушул Макулдашуудан бир тараптуу чыкса, же углеводороддордун геологи-ялык запастары ачылып, бирок Тараптар ачылган кендерди иштетүүнүн шарт-тары боюнча макулдашууга жетише алышпаса КР Өкмөтү "Газпром" ААКнын жа-на/же анын туунду коомунун тарткан иш жүзүндөгү чыгымдарын 1 (бир) жыл-дын ичинде компенсациялайт. "Газпром" ААК (же анын туунду ишканасы)тарткан, Тараптар макулдашкан көз карандысыз аудитор ырастаган, алар ишжүзүндө төлөнгөн атага карата КР Өкмөтү компенсациялоого тийиш болгончыгымдарды индекстөө механизмин Тараптар кошумча макулдашат. 7. Жашырындык Ушул Макулдашууга ылайык алынган, чечмеленген, иштелип чыккан жеачылган бардык маалыматтарга жана информацияга, жана Биргелешкен ишканатүзүүгө байланыштуу бардык талкууларга карата Тараптар түзгөн жашырын-дык жөнүндө макулдашууга ылайык жашырындык шарты колдонулат. 8. Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү 8.1. Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет жанаПрограмманы даярдоо жана аткаруу мөөнөтүнүн ичинде жарактуу болот. 8.2. Макулдашуунун жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөнмурда токтотулушу мүмкүн: (А) Тараптардын бир добуштан чечими боюнча; (Б) ушул Макулдашуунун1.3-пунктуна ылайык. 9. Корутунду жоболор 9.1. Тараптардын ортосунда ушул Макулдашуудан улам же ага байла-ныштуу чыгуучу бардык талаштар достук маанайда, ак ниеттик жана өз аратүшүнүшүү шартында сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен че-чилүүгө тийиш. 9.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга ушул Ма-кулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө макулдашуулар ме-нен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 9.3. Ушул Макулдашуунун бардык тиркемелери анын ажырагыс бөлүгүболуп эсептелет жана Макулдашууга барабар юридикалык күчкө ээ болот. 9.4. Бул Макулдашуу орус жана кыргыз тилдериндеги эки түп нускадатүзүлдү, мында Макулдашуунун орус тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкөээ. "Газпром" ААКнын атынан Кыргыз Республикасынын А.Б.Миллер Өкмөтүнүн атынан Башкарманын төрагасы А.Ш.Атамбаев Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууга 1-тиркеме 2007-жылдын "___"_________ Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн нефть-газ келечектүү аянттарынын жайгашкан орду -----------------------------------------------------------------------|№| Аянттын аталышы |Географиялык координаты||-|-------------------------------------------|-----------------------||1|Көгарт (Жалал-Абад) | ||-|-------------------------------------------|-----------------------||2|Чыгыш Майлуусуу IV (Шаркыратма) | |----------------------------------------------------------------------- "Газпром" ААКнын атынан Кыргыз Республикасынын А.Б.Миллер Өкмөтүнүн атынан Башкарманын төрагасы А.Ш.Атамбаев Премьер-министр