Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-октябры № 562-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федера-тивдүү Республикасынын Фридрих Эберт атындагы фондунун ортосундагы Ма-кулдашуунун
долбоору жактырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Фридрих Эберт атындагы Фондусунун ортосундагы МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мындан ары "Фонд" деп аталуучуФридрих Эберт атындагы Фонд, Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын,ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук карым-катнаштардыкењейтүүгө жана терењдетүүгө салым кошууга болгон өз ара умтулуусуна, Ф.Эберт атындагы Фонддун Кыргыз Республикасынын экономикасында,социалдык чөйрөсүндө, илим жана билим берүү тармагында реформаларды иш-ке ашырууга колдоо көрсөтүү ниетине негизденишип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын улуттук, региондук жана жер-гиликтүү дењгээлдердеги экономикалык, социалдык жана коомдукөнүгүүсүнө, биринчи кезекте агро-өнөржай комплекси, социалдык инфраст-руктура, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, массалык маалы-мат каражаттарын өнүктүрүү, жетектөөчү кадрларды даярдоо сыяктуу тар-мактарды өнүктүрүүгө Фонддун көмөктөшүүсүнө багытталган Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү менен Ф.Эберт атындагы Фонддун ортосундагы кызматташу-унун ар кандай формаларын жана каражаттарын өнүктүрүүнү белгилейт. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жогоруда аталган тармактардакызматташуу төмөнкүлөрдү белгилейт: - тиешелүү мекемелердин, коомдук уюмдардын жана профессионалдыкбирикмелердин алкагында жана жекеме-жеке дењгээлде эки өлкөнүн саясий,ишкер, илимий жана коомдук чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог-ду колдоо жана өнүктүрүү; - бул Макулдашуунун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга ба-гытталган улуттук жана эл аралык конференцияларды, симпозиумдарды, се-минарларды, курстарды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; - эксперттердин барып-келүүлөрүн уюштурууга жана алардын ортосун-дагы иш тажрыйба алмашууга колдоо жана көмөк көрсөтүү, ошондой эле ушулМакулдашууга ылайык ишке ашырыла турган долбоорлордун алкагында маалы-мат алмашуу; - кыргызстандык адистерди жана жетектөөчү кадрларды даярдоого жанаалардын иш тажрыйбасын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоор-лорду ишке ашыруу; - экономикалык, саясий, социалдык жана башка коомдук процесстердинбиргелешкен изилдөөлөрүн ишке ашыруу. 3-статья. Фонддун Бишкек шаарында өзүнүн өкүлчүлүгү бар. Бул Макулдашуунун 1 жана 2-статьяларына ылайык Фонд Кыргыз Респуб-ликасынын шаарларынын биринде орун алуу менен өз эсебинен бир же бирнече өкүлдү ишке алуу мүмкүнчүлүгүн караштырат. Фонд төмөнкүлөрдү аткарууга ниеттенет: - Фонддун персоналын кармоону жана башка чыгымдарды, ошондой элеиштеген ар бир кызматкердин барып-келүүсү боюнча чыгымдарды жана эме-ректерди, жеке автомашиналарды, ошондой эле жеке пайдалануу предметте-рин ташуу үчүн транспорттук чыгашаларды өз мойнуна алууга; - өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде мамлекеттик органдар (институт-тар) тарабынан Германия Федеративдүү Республикасына иш тажрыйбасын жо-горулатуу жана практикалык билим алуу максатында жөнөтүлгөн Кыргыз Рес-публикасынын жарандарына финансылык, материалдык жана чарбалык колдоокөрсөтүүнү камсыз кылууга; - бул Макулдашууга ылайык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө; - Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө; - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын сактоого,өлкөнүн салттарын жана үрп-адаттарын урматтоого; - ишеним атмосферасында Кыргыз Республикасынын расмий мекемелерименен кызматташууга. 4-статья. 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнө төмөнкү милдеттенмелердиалат: - Фонддун Уставында белгиленген анын ишмердүүлүгүн камсыз кылууүчүн зарыл болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасына гуманитардык жар-дам көрсөтүү максатында келген шаймандарды киргизүүгө байланышкан бажыжана башка жыйымдардан бошотуу. Шаймандар үчүнчү тарапка сатылган учур-да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы жана башка жыйымдаралынат; - Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбеген Фонддунөкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаганалардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасына биринчи киришине бай-ланыштуу жана келгенден кийинки алты айдын ичинде алардын өлкөгө кирги-зилген кыймылдуу мүлкүнө жана башка жеке пайдалануу предметтерине кара-та бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу. Бирок, алар кыймылдуу мүлктү жанабашка жеке пайдалануу предметтерин саткан учурда Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык бажы алымдары жана салыктар алынат; - салыктардан бошотуу жана Фонддун өкүлдөрүнүн аларга төлөнүүчүэмгек акысын жана акчалай каржылоону эркин алышын камсыз кылуу. Мындайкирешеден алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу Кыргыз Республикасынын жа-рандары болуп саналган Фонддун кызматкерлерине таркатылбайт; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аккредиттегенФонддун өкүлдөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө консулдук жыйымдардыалуусуз кирүү визаларын ачуу жана Кыргыз Республикасында болуу үчүн за-рыл болгон башка документтерди берүү. 2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык ишмердүүлүктөналынган Фонддун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жана анын четэлдик кызматкерлеринин кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык салык салынууга тийиш. 5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Федеративдүү Республикасы-нын жараны болуп эсептелген Фонддун координаторуна Бириккен Улуттар Ую-мунун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө 1946-жылдын 13-февра-лындагы конвенциянын жоболоруна ылайык БУУнун эксперттерине берилгендейсыяктуу артыкчылыктарды жана иммунитеттерди берет. 6-статья. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун 7-статьясынаылайык күчүнө кире турган каттарды алмашуу аркылуу бул Макулдашуугаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн. Тараптар бул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуукелип чыккан талаш маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет. 7-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн Фонд алган күндөн тартып күчүнөкирет. Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири дагы белгиленген мөөнөт аяктаганга чейиналты айдан кеч эмес бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниетижөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, анда анын колдонулушукийинки бир жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартыла берет. __________ шаарында 200__-жылдын "__" _________ эки нускада, арбири кыргыз, орус жана немис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстартыкчылыкка ээ болот. Кыргыз Республикасынын Фридрих Эберт атындагы Фонд Өкмөтү үчүн үчүн