Редакцияот 14.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 14-июну № 89

Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги №3 токтому менен 10-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, референдумдун бюллетендерин облустук, Бишкек жана Ош шаардык референдум комиссияларына өткөрүп берүү референдум өткөруү күнүнө чейин 12 календарлык күн мурда б.а. 2010-жылдын 15-июнуна чейин жүзөгө ашырылышы керек, бирок өлкөнүн айрым региондорунда Убактылуу Өкмөт тарабынан өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнжө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 9-, 15-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 2010жылдын 27-июнуна дайындалган референдумда добуш берүү үчүн облустук, Бишкек, жана Ош шаардык референдум комиссияларына бюллетендерди жөнөтүү өлкөнүн айрым региондорунда Убактылуу Өкмөт киргизген өзгөчө кырдаал алып салынганга чейин токтотула турсун.

2 Бюллетендердин коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын УКМК жана ИИМге тапшырылсын.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев