Редакцияот 18.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 18-июну № 100

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 16-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ № 63 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугуна кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Дектерин, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 16-июнундагы № 025-10/2843 жана 2010-жылдын 17-июнундагы № 025-10/2872  кайрылуусун кетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кошумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамы бекитилсин (1-тиркемеге ылайык).

2 КР ТИМдин кайрылуусуна ылайык орус тилиндеги шайлоо бюллетендеринен 2300 даана жана кыргыз тилиндеги шайлоо бюллетендеринен 1700 даана, жалпысынан 4000 даана бөлүнүп берилсин (КР ТИМдин кайрылуусу 2, 3-тиркемеде).

3 Бул Токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн

4 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев