Редакцияот 05.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-сентябры № 216

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдон келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 1946-жылы туулган, И.К.Скрябин атындагы КМАУнун профессору Орозалиев Төлөмүш катталсын.

2. Орозалиев Төлөмүшкө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов