Редакцияот 22.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-сентябры № 285

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б. Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 - беренесинин 4 - бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 - бөлүгүнүн 2, 19 - пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б. Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп:

- Смирнова Елена Викторовна. 1969 - жылы туулган, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драмалык театрынын АРТ директору катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкулү Смирнова Елена Викторовнага ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов