Редакцияот 06.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-октябры № 346

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин бир нече жолу бузган "Саясат пресс" мезгилдүү жалпыга маалымдоо каражатына эскертүү берүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2, 5-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ы.Жолдубаевадан "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарынын бузулушу жөнүндө "Саясат пресс" мезгилдүү жалпыга маалымдоо каражатынын мыйзамсыз үгүт иштерин токтотууга керектүү чараларды кабыл алуу жөнүндө сураган өтүнүч арызынын (чык. № 22, 30.09.2011-ж.) негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Саясат пресс" мезгилдүү жалпыга маалымдоо каражаты шайлоо алдындагы үгүттүн эрежесин бир нече жолу бузгандыгы жөнүндө эскертилсин.

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов