Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Архитектура, курулуш жана
турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин
2025-жылдын 18-февралындагы № 89-чуа
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын “ 20” сентябры № 7-нпа буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча
ЭРЕЖЕЛЕР ТОПТОМУ
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 12-январындагы № 65-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
Ушул Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштарды, дыйкан (фермердик) чарбалардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтому (Эрежелер топтому) айылдык калктуу конуштарды, дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштырууга жана курууга болгон талаптарды аныктайт.
1.2. 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө”, 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, 1999-жылдын 3-июнундагы № 47 “Дыйкан (фермердик) чарбалар жөнүндө”мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 22-августундагы № 632 токтому менен бекитилген “Жер жана агрардык реформа жөнүндө Жобо”, ошондой эле архитектура, шаар куруу жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана башка шааркуруу чөйрөсүнө тиешелүү кабыл алынуучу актылар ушул эрежелер топтомунун курамдык бөлүктөрү болуп саналат жана аны менен чогуу колдонулат.
1.3. Ушул эрежелер топтому айыл жеринде жаңы калктуу конушту долбоорлоодо жана буга чейин барларын реконструкциялоодо, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларын уюштурууда сакталууга тийиш. Алар менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан айылдык калктуу конуштарды, дыйкан (фермердик) чарбаларды, ошондой эле жеке курулуштарды долбоорлоону, курууну жана көрктөндүрүүнү ишке ашыруучу бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.
1.4. Ушул эрежелер топтомун колдонууда азыркы убакта колдонуудагы ченемдик-техникалык документтерди жетекчиликке алуу зарыл.
Бул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор) – социалдык, экономикалык, функциялык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык - гигиеналык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана курулуш объекттеринин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керектүү көлөмдө объектиге башка талаптарды комплекстүү түрдө эске алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтердин бөлүгү;
архитектуралык-пландоо шарты (АПШ) – архитектуралык шарттарды жана талаптарды, анын ичинде курулуш объектисинин функциялык арналышына, жайгашуусуна жана негизги параметрлерине, ошондой эле инженердик тарамдарга кошулууга техникалык шарттарды, санитардык, өрткө каршы, экологиялык шарттарды жана шаар куруу документтерине ылайык объекттерди долбоорлоого чектөөлөрдү камтыган архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдары тарабынан берилүүчү документ;