Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН

 

БУЙРУГУ

2017-жылдын 6-апрели № 1

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынчтык убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө

(КР Коргоо Министрлигинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46 буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин анык муктаждыгын жана камсыздалгандыгын эске алуу менен медициналык техниканы жана мүлктү талап кылуу ишин талаптагыдай уюштуруу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынчтык убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуунун тиркелген ченемдери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын, укуктук камсыздоо башкармалыгынын, иш башкармалыгынын башчылары жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүшсүн:

- катталгандан тартып, үч жумуш күндүн ичинде "Эркин Тоо" гезитине расмий түрдө жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин веб-сайтына жайгаштыруу;

- буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчү, ченемдик актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен эки нускадагы көчүрмөсүн, расмий жарыялангандан тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына маалымат катары жиберүү.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2004-жылдын 17-мартындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынчтык убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуу ченемдерин колдонууга киргизүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын (материалдык-техникалык камсыздоо боюнча) орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник к/к

 

М.Касымкулов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 1 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынчтык убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуу ЧЕНЕМДЕРИ

 

(КР Коргоо Министрлигинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46 буйругунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынчтык убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуу ченемдери (мындан ары-жабдуу ченемдер) тынчтык убакта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын өздүк курамын медициналык камсыздандыруу боюнча иш-чараларынын комплексин өткөрүүгө медициналык техника жана мүлккө болгон табелдик муктаждыкты аныктоого багытталган.

(КР Коргоо Министрлигинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Жабдуу ченемдери: материалдык камдыктарга (чыгымдоо) кирүүчү медициналык мүлктөр боюнча - бир жылдык муктаждыкка; негизги каражаттарга, аз баалуу жана бат эскирүүчү предметтерге (инвентарларга) кирүүчү медициналык мүлктөр (инвентардык) боюнча - башталгыч убакка жана бекитилген колдонуу мөөнөтүнө жараша эсептелген.

3. Медициналык техниканы жана мүлктү талап кылуу ушул жабдуу ченемдерге ылайык, аскердик бөлүктөрдүн штаттарынын жана табелдеринин негизинде, алардын анык муктаждыгын жана камсыздалгандыгын эске алуу менен ар жылдын башталышында жүргүзүлөт.

4. Штатында фельдшердин кызмат орду бар аскердик бөлүктүн медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 0301 ченеми менен аныкталат. Мында ар бир 1ден 50гө чейинки өздүк курамга ченемдин жарымы эсептелинет;

- инвентардык медициналык мүлк боюнча - № 0406 ченеми менен аныкталат.

5. Штатында врачтын кызмат орду бар, бирок медициналык пунктта лазарети жок аскердик бөлүктүн медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 0302 ченеми менен аныкталат. Мында ар бир 1ден 50гө чейинки өздүк курамга ченемдин жарымы эсептелинет;

- инвентардык медициналык мүлк боюнча - № 0407 ченеми менен аныкталат;

- медициналык пункттун штатындагы бөлүнүштөргө: стоматология кабинетине - № 0514 ченеми менен; физиотерапия кабинетине - № 0616 ченеми менен; функционалдык диагностика кабинетине - № 0719 ченеми менен; клиникалык лабораторияга - № 0923 ченеми менен; дарыканага - № 1026 ченеми менен аныкталат.

6. Штатында врачтын кызмат орду жана медициналык пунктта лазарети бар аскердик бөлүктүн медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 0302, 0303 ченемдери менен аныкталат. Мында ар бир 1ден 50гө чейинки өздүк курамга ченемдин жарымы эсептелинет;

- инвентардык медициналык мүлк боюнча - № 0407, 0408 ченемдери менен аныкталат;

- медициналык пункттун штатындагы бөлүнүштөргө: стоматология кабинетине - № 0514 ченеми менен; физиотерапия кабинетине - № 0617 ченеми менен; функционалдык диагностика кабинетине - № 0720 ченеми менен; клиникалык лабораторияга - № 0923 ченеми менен; дарыканага - № 1026 ченеми менен аныкталат.

7. Аскердик госпиталдын медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 0304 ченемдери менен аныкталат. Мында ар бир 1ден 5ке чейинки штаттык жана кошумча койкаларга ченемдин жарымы эсептелинет;

- инвентардык медициналык мүлк боюнча: хирургия бөлүмчөсүнө - № 0409 ченеми менен; терапия бөлүмчөсүнө - № 0410 ченеми менен; анестезиология жана реанимация бөлүмчөсүнө - № 0411 ченеми менен; кабыл алуу бөлүмчөсүнө - № 0412 ченеми менен аныкталат;

- аскердик госпиталдын штатындагы бөлүнүштөргө: стоматология кабинетине - № 0514 ченеми менен, ал эми кабинеттин штатында тиш технигинин кызмат орду болсо -кошумча № 0515 ченеми менен; физиотерапия кабинетине - № 0618 ченеми менен; функционалдык диагностика кабинетине - № 0721 ченеми менен; рентген кабинетине - № 0822 ченеми менен; клиникалык лабораторияга - № 0924 ченеми менен; дарыканага -№ 1027 ченеми менен аныкталат.

8. Аскердик бейтапкананын медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 0305 ченемдери менен аныкталат. Мында ар бир 1ден 50гө чейинки медициналык камсыздоого алынган адамга ченемдин жарымы эсептелинет;

- инвентардык медициналык мүлк - № 0413 ченеми менен;

- аскердик бейтапкананын штатындагы бөлүнүштөргө: стоматология кабинетине - № 0514 ченеми менен, ал эми кабинеттин штатында тиш технигинин кызмат орду болсо -кошумча № 0515 ченеми менен; физиотерапия кабинетине - № 0618 ченеми менен; функционалдык диагностика кабинетине - № 0721 ченеми менен; рентген кабинетине - № 0822 ченеми менен; клиникалык лабораторияга - № 0924 ченеми менен; дарыканага -№ 1027 ченеми менен аныкталат.

9. Санитардык-эпидемиологиялык отряддын лабораториясынын медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы № 0925 ченеми менен аныкталат.

10. Аскердик госпиталдын кошумча жайгаштырылган инфекция, тери-венерология жана психоневрология бөлүмчөлөрүнүн медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 1128, 1129, 1130 ченемдери менен;

- инвентардык медициналык мүлк боюнча - № 1231, 1232, 1233 ченемдери менен аныкталат.

11. Аскердик санаторийдин медициналык техникага жана мүлккө болгон табелдик муктаждыгы:

- чыгымдоо медициналык мүлкү боюнча - № 0303 ченеми менен аныкталат. Мында ар бир 1ден 50гө чейинки штаттык эс алуу орунга ченемдин жарымы эсептелинет;

- инвентардык медициналык мүлк - № 0407, 0408 ченемдери менен;

- аскердик санаториянын штатындагы бөлүнүштөргө: стоматология кабинетине - № 0514 ченеми менен; физиотерапия кабинетине - № 0618 ченеми менен; функционалдык диагностика кабинетине - № 0721 ченеми менен; клиникалык лабораторияга - № 0923 ченеми менен; дарыканага - № 1026 ченеми менен аныкталат.

12. Штатында медициналык курам жок, ошондой эле санитардык инструктордун кызмат орду бар аскердик бөлүктөр медициналык мүлк менен медициналык камсыздоого бекитилген бөлүктөр жана мекемелер аркылуу камсыздандырылат. Аскердик бөлүктүн санитардык инструкторуна медициналык биринчи жардам сумкасы жана санитардык носилка берилет.

13. Вакциналар жана анатоксиндер, тазаланган туберкулин профилактикалык прививканын Улуттук календары, эпидемиялык көрсөткүч календары, тынчтык убактагы Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын прививка календары боюнча, вакцинация ала турган аскер кызматчылардын санына жараша талап кылынат жана ал медициналык техникага жана мүлккө болгон муктаждык боюнча отчет-табыштамаларда көрсөтүлөт.

14. Медициналык биринчи жардам көрсөтүү үчүн бардык бөлүнүштөрдө (роталарда, батареяларда), оңдоо устаканаларында, автопарктарда, аккумулятордук станцияларда, спорттук залдарда, кароол бөлүмдөрүндө медициналык мүлктүн камдыгынын эсебинен медициналык биринчи жардам аптечкалары дайындалат.

15. Аптечкаларды, сумкаларды, комплекттерди жана медициналык тез жардам шкафтарын толуктоого керектелүүчү медициналык мүлк табелдик ченемдердеги муктаждыктан ашыкча түрдө талап кылынат жана ал медициналык техникага жана мүлккө болгон отчет-табыштамада көрсөтүлөт.

16. Кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн медициналык жабдуусунун үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн, табелдик ченемдерден ашыкча, маанилүү медициналык мүлк, үч айлык муктаждыктын ченеминде кармалат.

Эң маанилүү жана керектүү медициналык мүлктүн тизмегин Коргоо министрлигинин аскер-медициналык башкармалыгынын башчысы бекитет.

(КР Коргоо Министрлигинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46 буйругунун редакциясына ылайык)

17. Ушул Жыйнак ХII главадан турат. Ченемдер төрт сан менен көрсөтүлгөн-биринчи эки сан Жыйнактын главаларынын номерин көрсөтөт жана кийинки эки сан-ченемдердин ирээттүү саны. Чыгымдоо медициналык мүлк Эл аралык АТХ 2 (Анатомо-Терапевтикалык-Химиялык классификация системасы) коду менен белгиленген. Инвентардык медициналык мүлктүн коду Эл аралык GMDN классификатору боюнча.

II. Ушул жабдуу ченемдердеги колдонулган кыскартуулардын тизмеги

Толук аталышы

Кыскартылган аталышы

Өлчөө бирдиктери

 

1. Узундук:

 

миллиметр

мм

сантиметр

см

метр

м

2. Көлөм:

 

миллилитр

мл

литр

л

метр куб

куб. м

3. Салмак:

 

микрограмм

мкг

миллиграмм

мг

грамм

г

килограмм

кг

тонна

т

4. Өлчөө бирдиктери:

 

топтом

топтом

комплект

компл.

аракет бирдиги

АЕ

барактар

барак.

эл аралык бирдик

ЭБ

миң эл аралык бирдик

миң. ЭБ

түрмөк

түр.

таңгак

таңгак

флакон

флак.

даана

дн.

Сактоо мөөнөтү

 

Айлар

ай.

Башка аталыштар

 

Агглютинация реакциясы

АР

Түз эмес гемагглютинация реакциясы

ТГАР

Комплементти байлоо реакциясы

КБР

Ченемдүүлүк

Ч

 

 

III. Медициналык чыгымдоо мүлктөрү менен жабдуу ченемдери

N 0301, 0302, 0303, 0304, 0305

(КР Коргоо Министрлигинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46 буйругунун редакциясына ылайык)

 

Ченемдин аталышы

Ченемдин номери

100 өздүк курамга саналган, фельдшери бар аскердик бөлүктүн медициналык чыгымдоо мүлкүнүн жабдуу ченеми

0301

100 өздүк курамга саналган, врачы бар аскердик бөлүктүн медициналык чыгымдоо мүлкүнүн жабдуу ченеми

0302

10 орунга саналган, лазарети бар аскердик бөлүктүн медициналык чыгымдоо мүлкүнүн жабдуу ченеми

0303

10 орунга саналган, аскердик госпиталдын медициналык чыгымдоо мүлкүнүн жабдуу ченеми

0304

100 амбулаториялык кабыл алууга саналган, аскердик бейтапкананын медициналык чыгымдоо мүлкүнүн жабдуу ченеми

0305