Редакцияот 25.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 25-октябры № 394

2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочулар катарында төмөндөгүлөрдүн өкүлдөрү аккредитациялансын:

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар Миссиясы (№ 1 тиркеме);

- Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги (№ 2 тиркеме);

- Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (№ 3 тиркеме);

- Демократиялык институттар жана адамдын укуктары боюнча Бюросу (ДИАУБ/ОБСЕ) (№ 4 тиркеме).

2. Эл аралык байкоочуларга аныкталган үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялинов.

 Төрага

Т.Абдраимов