Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
2018-жылдын 27-февралы № 115/07/1-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 20 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
С.Исаков |
| Т.Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 115/07/1-1 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ
2017-жылдагы улуттук экономиканын өнүгүүсү дүйнөлүк экономиканын калыбына келүүсү жана региондогу геосаясий тобокелдиктердин төмөндөөсү менен коштолуп, Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш мамлекеттеринин экономикасындагы экономикалык активдүүлүктүн калыбына келүү шартында жүрдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 609 буйругу), Орто мөөнөттүү мезгилге акча-кредит саясатынын негизги багыттарын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2014-жылдын 17-декабрындагы № 55/3 токтому) өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга багытталган.
Өкмөттүн жана Улуттук банктын 2017-жылдагы макулдашылган экономикалык саясаты өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга жардам берди.
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 104,5%ды түздү, ички дүң продуктунун (мындан ары - ИДП) көлөмү 439,3 млрд. сом суммасына барабар болду. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албастан ИДПнын реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү. Инфляциянын жылдык көрсөткүчү декабрь айында 3,7% (2016-жылдын декабрына карата 2017-жылдын декабры), ал эми жылдык орточо көрсөткүчү 3,2% деңгээлинде түзүлдү (2016-жылдын тиешелүү мезгилине карата).
Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2017-жылдын январь-ноябрында ИДПга карата 2,4% түздү. 2017-жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 62,7% түздү.