Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО ИШТЕРИ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-октябры № 3
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ишти уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштин маселелерин иретке келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ишти уюштуруу тартиби бекитилсин.
2. Аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- катталгандан тартып үч жумушчу күндүн ичинде "Эркин Тоо" гезитине расмий түрдө жарыялоо же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жайгаштыруу;
- ченемдик актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдөгү эки нускадагы көчүрмөсүн, расмий жарыялангандан тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберүү.
3. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдөө тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 1999-жылдын 15-июнундагы № 155 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын (материалдык-техникалык камсыздоо боюнча) орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник |
| М.Касымкулов |
| Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын 2017-ж. 27 октябрындагы №3 буйругуна тиркеме |
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдөө жөнүндө ушул тартип (мындан ары - Тартип), коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык иштелип чыкты.
Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кургактагы аскерлеринин, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиясынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары – КР Коргоо комитети) кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы камсыздоону уюштурууга жалпы талаптарды аныктайт.
2. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматынын санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу бөлүкчөсү.
Санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык – калктын саламаттыгын сактоону камсыздаган, ден соолук үчүн зыянсыз эмгектенүү, тамактануу, тиричилик, тарбиялоо, окутуу, эс алуу, дене тарбия менен машыгуу шарттарын түзүү боюнча мыйзамдык, долбоордук, техникалык, санитардык-гигиеналык, санитардык-эпидемияга каршы жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси менен калктын коомдук саламаттыгын сактоону жана бекемдөөнү камсыздаган адамды курчаган чөйрөнүн абалы.
Санитардык-эпидемиологиялык отряд – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөл жүргүзгөн медициналык кызматтын өзүнчө бөлүгү.
3.. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү санитардык-эпидемиялык көзөмөл жугуштуу ооруларды, айлана чөйрөнүн (көлмөлөрдүн, топурактын жана абанын) булганышын алдын алууга, бөгөт коюуга жана жоюуга, аскерлердин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, өздүк курамдын ден соолугун бекемдөөгө багытталган санитардык-гигиеналык жана санитардык эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү жана контролдоо тутумун элестетет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында жайгашкан объекттерде санитардык-эпидемияга каршы эрежелердин жана ченемдердин аткарылышын алдын алуучу жана күнүмдүк көзөмөл формасында жүзөгө ашырылат.