Загрузка документа…
КР Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна 2-тиркеме |
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн нотариалдык аракеттерди жасоо жана нотариалдык иш жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө практикалык көндүмдөрүн алуу, ошондой эле кесиптик билимин жогорулатуу такшалуудан өтүүнүн максаты болуп саналат.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 09-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Такшалуудан өткөрүү тартиби
3. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары - такшалуучу) такшалуудан өтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (мындан ары - Юстиция министрлиги) кайрылууга тийиш. Такшалуудан өтүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
1) арыз;
2) акыркы иштеген жери же нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
3) нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
4) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
5) өмүр баян;
6) паспортунун көчүрмөсү;