Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 16-сентябры № 4-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, буйрук кылам:
1. Төмөнкү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген стандарттары бекитилсин:
1) Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту менен документтештирүү 1-тиркемеге ылайык;
2) Визаларды жана визалык колдоону тариздөө 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды тариздөө 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо:
- никеге турууну каттоо жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү берүү;
- соттон тышкаркы тартипте ажырашуу жана ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк берүү (тараптардын ар бирине);
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу материалды каттоо жана тариздөө;
- туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү;
- маалымкаттарды, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөрдү, ошондой эле жарандык абалдын актыларын кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү 5-тиркемеге ылайык;
6) Өлгөндүгүн каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу 7-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу 8-тиркемеге ылайык;
9) Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо 9-тиркемеге ылайык;
10) Жарандын белгилүү бир жерде тирүү жүргөн фактысын күбөлөндүрүү 10-тиркемеге ылайык;
11) Жарандын фотосүрөт карточкада тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрүү 11-тиркемеге ылайык;
12) Документтер берилген убакытты күбөлөндүрүү 12-тиркемеге ылайык;
13) Чет мамлекетте камкорчунун дайындалганы тууралуу актыны түзүү жана камкордукка алынган мүлктү башкаруу боюнча отчетту бекитүү 13-тиркемеге ылайык;
14) Мураска берүүчүнүн өтүнүчү боюнча керээз кагазына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 14-тиркемеге ылайык;
15) Мурастык мүлктүн тизимин түзүү жана бул мүлктү коргоо боюнча чараларды көрүү 15-тиркемеге ылайык;
16) Кызыкдар жактардын өтүнүчүнүн негизинде берилген тизим боюнча мүлктү текшерүү 16-тиркемеге ылайык;
17) Мураска укук тууралуу күбөлүктү берүү 17-тиркемеге ылайык;
18) Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берүү 18-тиркемеге ылайык;
19) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн жарандардан 5 бетке чейинки көлөмдөгү документтерди суроо 19-тиркемеге ылайык;
20) Колтамганын аныктыгын, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү 20-тиркемеге ылайык;
21) Документтердин пакетин, керээз кагазын, акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка баалуулуктарды (мурастардан тышкары) сактоо. Акчалай суммаларды же мүлктү таандыктыгы боюнча берүү үчүн депозитке кабыл алуу 21-тиркемеге ылайык;
22) Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин "Мекен-карт" документин берүү 22-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 3-б “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Министрдин орун басары А.К.Имангазиевге жүктөлсүн.