Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР
КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-декабры №1/1
«Жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулук процесстерин өркүндөтүү жөнүндө»
Жер казынасын пайдалануунун жөндөө системасын мындан ары өркүндөтүү, жер казынасынын Мамлекеттик фондусунун жер казынасын геологиялык изилдөөсүн жана жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулук процесстерин оптималдаштыруунун натыйжалуу эсебин жана буйруусун камсыздоо максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомунун 16-пунктуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
Бекитилсин:
- Отчеттуулуктун 5-ГР жана 5-ГР (көмүр) түрлөрүн жана «Катуу пайдалуу казындылардын корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» №5-ГР жана «Көмүрдүн же күйүүчү сланецтин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» №5-ГР (көмүр) түрлөрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 1-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 6-ГР жана «Мунайдын, газдын, конденсаттын, этандын, пропандын, бутандын, күкүрттүн, гелийдин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» №6-ГР түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 2-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 11-ШРП түрүн жана «Казып алууда жер казынасындагы көмүрдүн (сланецтин) жоготуулары жөнүндө маалыматтар» №11-ШРП түрүн (жер астындагы жана ачык иштер) толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 3-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 70-ТП түрүн жана «Казып алууда катуу пайдалуу казындыларды чыгарып алуу жөнүндө маалыматтар» №70-ТП түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 4-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 71-ТП түрүн жана « Байытуу жана металлургиялык кайра иштетүүдө катуу пайдалуу казындыларды, ачуучу тоо тектерин жана минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн калдыктарын комплекстүү пайдалануу жөнүндө маалыматтар» №71-ТП түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 5-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Д-УВ түрүн жана «Көмүр суутек чийки зат кендеринде казып алуу иштеринин лицензиялык макулдашуусунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Д-УВ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 6-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Р-УВ түрүн жана «Көмүр суутек чийки зат кендерин издөөдө жана чалгындоодо лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Р-УВ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 7-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Д-ТПИ түрүн жана «Катуу пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Д-ТПИ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 8-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Р-ТПИ түрүн жана «Катуу пайдалуу казындылардын кендеринде геологиялык чалгындоо иштеринин лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Р-ТПИ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 9-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-ПМВ түрүн жана «Тузсуз жана минералдык сууларды казып алууда жана чалгындоодо лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-ПМВ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 10-тиркемеге ылайык;
- «Лицензиялык макулдашууда/Лицензияда белгиленген жер казынасын пайдалануу шарттарынын аткарылышы жөнүндө» жарым жылдык маалымат отчетту түзүү боюнча Инструкцияны, 12-тиркемеге ылайык;
- Тоо кен иштеринин пландарын макулдашуу боюнча Инструкцияны, 13-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Комитет) иш кагаздарын жүргүзүү сектору ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоо камсыз кылсын.
Комитеттин геология башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Комитеттин төрагасынын орун басары А.А.Сапаралиевге тапшырылсын.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул буйруктун көчүрмөсүн, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | Д. Зилалиев |
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№5-ГР «КАТУУ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫН КОРЛОРУНУН
АБАЛЫ ЖАНА ӨЗГӨРYШY ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ЖАНА
№5-ГР (КӨМYР) «КӨМYРДYН ЖЕ КYЙYYЧY СЛАНЕЦТИН
КОРЛОРУНУН АБАЛЫ ЖАНА ӨЗГӨРYШY ЖӨНYНДӨ
МААЛЫМАТТАР» ФОРМАЛАРЫН ТОЛТУРУУ ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. №5-гр «Катуу пайдалуу казындылардын корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» жана №5-ГР (көмүр) «Көмүрдүн же күйүүчү сланецтин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» формаларын толтуруу тартиби жөнүндө ушул Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Көмүр жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативтик укуктук актыларына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучуларынын №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формаларын толтуруунун жана тапшыруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында катуу пайдалуу казындыларды жана/же көмүрдү чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууну жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар, жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик түрүнө карабастан, жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формаларында берилүүчү маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет.
4. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары жер казынасынын пайдалануучунун карамагындагы бардык кендер (бөлүктөр, шахта талаалары, аянттар) боюнча берилет жана ар бир пайдалуу казындылар боюнча өзүнчө толтурулат. Окшош аттуу, бирок сапаты жана өнөр жайлык пайдалануусу боюнча ар түрдүү пайдалуу казындыларды бириктирүүгө жол берилбейт, мисалы:
· курулуш, цемент жана флюс акиташтары;
· курулуш жана айнек кумдары;
· ар түрдүү чополор ж.б
5. Комплекстүү рудалардын кендери боюнча (коргошун-цинктик, жез-молибдендик, калай-вольфрамдык ж.б.) корлордун кыймылы бирдиктүү отчетто түзүлөт, анда мамлекеттик баланста эсепке алынган ар бир пайдалуу компоненттин корлорунун абалы жөнүндө маалыматтар өзүнчө келтирилет.
6. Пайдалуу казындылардын кендери алардын өнөр жайлык өздөштүрүүсүнүн деңгээли боюнча төмөнкү тартипте топтолушат:
· эксплуатациялануучулар (шахталар, рудниктер, карьерлер ж.б.);
· өздөштүрүүгө даярдалып жаткандар, анын ичинде кендердин жана бөлүктөрдүн базасында курулуп же тоо кен казып алуучу ишканалардын курулушу долбоорлонуп жаткандар;
· чалгындалып жаткандар.
7. Жер казынасын пайдалануучулар пайдалуу казындылардын корлорунун отчеттук балансын, эсеп объекттери боюнча, корлордун түрлөрү жана иштетүүнүн ыкмасы боюнча бардык жыйынтыктарын келтирүү менен, берүүгө милдеттүү.
8. Эгерде жер казынасын пайдалануу объектинде (кен чыккан жерде, бөлүктөрдө) отчеттук мезгилде казып алуу иштери жүргүзүлбөсө жана сапаттык, сандык тиешеде корлордун өзгөрүшү болбосо, жер казынасын пайдалануучу отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга корлордун кыймылынын жоктугунун себептери боюнча эркин түрдөгү справканы берет.
9. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары геологиялык-маркшейдерлик эсептин алгачкы маалыматтарынын, ошондой эле жер казынасынын алгачкы өндүрүштүк жана бухгалтердик эсебинин негизинде, ушул Инструкцияга ылайыктуу түзүлүшөт.
Эскертме:
Геология маркшрейдердик эсеп - бул пайдалуу казып алуучулардын запасынын, абалынынын кыймылын эсепке алуу (пайдалуу сузуп алууларды даярдоо ачуу).
10. Толтурулган №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары жана түшүндүрүүчү кыскача каттар жер казынасын пайдалануучу уюмдун башкы геологу жана жетекчиси, ошондой эле казып алуу, жоготуу жана кедейлентүү эсебинин тууралыгына жоопкер маркшейдерлик кызматтын жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
11. Отчеттун берүү мөөнөтү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликте болот.
12. Отчеттукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчеттогу маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
II. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) ФОРМАЛАРЫНЫН «ЭКСПЛУАТАЦИЯ ОБЪЕКТИ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» I-БӨЛYМYН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
13. I-Бөлүмдүн 1.1-бөлүмчөсүндө кендин (бөлүктүн), шахтанын, кесилиштин, эксплуатациялык горизонттун, пласттын, ошондой эле алардын административтик-аймактык таандыгынын аталышы көрсөтүлөт. Ошондой эле жер казынасын пайдалануучунун аталышы көрсөтүлөт. 2-сапта жер казынасын пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ (лицензия/лицензиялык макулдашуу, концессиялык келишим, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу ж.б.) – аталышы, номери, берүү датасы, аракет мөөнөтү ж.б., жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
14. 1.2-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
· кенди өздөштүрүүнүн деңгээли жөнүндө: -курулуп жаткан ишканалар үчүн – рудникти куруунун башталган жылы, кенди эксплуатацияга киргизүүнүн жылы; чалгындалып жаткандар үчүн – канчанчы жылдан чалгындоо жүрүп жатат; -чалгындалгандар үчүн – чалгындоонун аяктаган жылы жана деңгээли;
· ишкананын өндүрүштүк потенциалы жөнүндө – жылдык өндүрүмдүүлүк ж.б.;
· жер казынасында пайдалуу казындынын тоо кен-техникалык жайгашуусунун өзгөчөлүктөрүн мүнөздөмөөчү маалыматтар. Корлордун эсебинин тереңдигин, ошондой эле кенди иштетүүнүн жетишкен тереңдигин көрсөтүү керек. Корлордун эсебинин жана иштетүүнүн тереңдиги метр (жер бетинен) менен көрсөтүлүшөт. Ачык иштетүү үчүн жарактуу кабаттык жана горизонталдуу жайгашкан кендер үчүн пайдалуу калың катмардын калыңдыгы жана ачылуусунун калыңдыгы көрсөтүлүшөт.
15. 1.3- бөлүмчөдө кендин (бөлүктүн) баланстык корлорунун саны жөнүндө, аларды корлор боюнча Мамлекеттик комиссиянын бекиткен датасы жөнүндө маалыматтар берилет
III. II-БөЛYМДYН №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) «КОРЛОРДУН КЫЙМЫЛЫ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАЛАРЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
16. II-Бөлүмдүн 2-графасында аракеттеги классификация боюнча пайдалуу казындынын тиби келтирилет. Мисалы, түстүү металлдар үчүн: кычкылданган, аралаш жана сульфиддик рудалар бай жана кедей, ылгый жана темгил ж.б. бөлүү менен. Ушул эле графада пайдалуу казындылардын орто кармоосу көрсөтүлөт.
«№5-ГР (көмүр) формасын», 2-графада, толтурууда кокстоо үчүн жарактуу көмүрдүн ылайыктуу маркасы жана технологиялык группасы көрсөтүлөт. Ушул эле графада казылган көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрү – нымдуулугу, күлдүүлүгү, учуучу жана амолалык заттардын кармоосу ж.б. көрсөтүлүшөт.
Бардык эсептелген пайдалуу казындылардын корлору боюнча ар түрдүүлүгү жана сорттору өзүнчө саптарда көрсөтүлөт.
Пайдалуу казындынын ар бир тиби үчүн өзүнчө (баланстык корлор үчүн – А+В+С1 категорияларынын суммасы) пайдалуу казындылардын жана зыяндуу кошумчалардын же пайдалуу казындынын чыгуусунун орто кармоосу (мисалы, каолиндин чыгуусу % менен, жасалгалоо таштарынын блокторунун чыгуусу % менен ж.б.). Пайдалуу казындылардын орто кармоосу отчеттук жылдын башындагы абал боюнча көрсөтүлөт. Кенде баланстык жана баланстан тышкаары корлор болгон учурда баланстан тышкаары корлордун пайдалуу казындыларынын кармоосу №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) формаларына түшүндүрмө кыскача катта келтирилет.
Чачыранды кендерде металлдардын жана минералдардын кармоосу кабаттын куб метрине же массасына грамм, килограмм менен көрсөтүлөт.
16.1. 3-графада аракеттеги классификация боюнча корлордун категориялары көрсөтүлөт. Категориялар боюнча корлордун эсеби жана суммасы төмөнкү тартипте жүргүзүлөт: А; В; А+В; С1, А+В+С1 жана С2.
С2 категориясынын корлору өзүнчө сапта берилет жана башка категориялар менен суммаланбайт.
16.2. 4-графада отчеттук жылдын 1 январына карата баланстык корлордун жалпы саны жөнүндө маалыматтар келтирилет, ушундайда ушул графада көрсөтүлгөн корлор ушул эле датага көрсөтүлгөн корлордун мамлекеттик балансындагы корлор менен дал келиши керек.
16.3. 5-графада кендеги эсепке алынган баланстан тышкаары корлордун саны көрсөтүлөт.
16.4. 6-графада ылайыктуу бекитилген долбоордук документте белгиленген пайдалуу казындылардын долбоордук жоготуусу көрсөтүлөт.
16.5. 7-графада пайдалуу казындылардын фактылуу казып алуусу жөнүндө маалыматтар берилет.
Казып алууга, пайдалуу казындыларды кедейлеткен бош тектерден башка, эгерде алар баланстык корлорго киргизилген болбосо, жер казынасынан жер бетине чыгарылган (ачык иштерде – карьерден ташылган) чийки заттын бардык санын киргизиш керек.
Баланстык корлордун эсебине киргизилген кедейлентүүчү тектер жана алардагы пайдалуу компоненттер казып алууга киргизилет. Казып алынган, кедейленген (чийки) руданын жана товардык руданын саны жөнүндө маалыматтар 7-графада чагылдырылбайт, алар отчеттук баланска түшүндүрмө кыскача катта келтирилет.
Өнөр жайлык казып алуу менен бирге геологиялык чалгындоо иштеринде жүргүзүлгөн кошумча казып алуу дагы көрсөтүлөт. Ушундайда казып алуу отчеттук жылдын 1-январына карата эсептеги корлордун казып алынган категорияларындай эле категорияга таандык болот.
Кандайдыр бир себептер менен мурунку жылдарда эсепке кирбей калган пайдалуу казындыларды казып алуу отчеттук жылда казып алуулар менен бирге 7-графада көрсөтүлөт, бирок, мурунку отчеттук мезгилдерде чагылдырылбаган казып алынган чийки заттын саны эскертүүдө көрсөтүлөт.
Эгерде комплекстик рудаларда корлордун балансында эсептелген кошумча компоненттер негизги пайдалуу казындылар менен бирге жер казынасынан казып алынса, бирок андан ары руданы иштетүүдө таптакыр жоголуп кетсе, ушул компоненттерди казып алууну 7-графада чагылдырыш керек, ал эми эскертүүдө эсептен чыгарылган корлор казып алынды, бирок руданы кайра иштетүүдө толугу менен жоготулду деп көрсөтүү керек.
Эгерде казып алынган чийки зат же анын бир бөлүгү байытуу фабрикасына келип түшпөй калдык жайларга (кампаларга) жыйылса, анда корлордун кыймылы дагы ошол калдык жайлар боюнча жүргүзүлөт.
Мындай учурларда жер казынасынан казып алынган чийки зат «Казып алуу» графасы боюнча эсептен чыгарылат, ал эми ушул графага эскертүүдө, канчалыгы, анын ичинде кампаланганы, көрсөтүлөт.
Мурда кампаланган чийки затты кайра иштетүүдө байытуу фабрикасына келип түшкөн чийки заттын саны кийинки отчеттук мезгилдерде «Казып алуу» графасы боюнча калдык жайдагы корлордун эсебинен чыгарылат, бирок кен боюнча жалпы жыйынтыкта ушул казып алуу жер казынасынан казып алуу менен суммаланбайт.
Эгерде казып алуу мурда эсептен чыгарылган 8-графа «Казып алууда (жер казынасында) жоготуу» корлор боюнча жүргүзүлсө, анда казып алынган руданын саны 7-грфада, жана «кошуу» белгиси менен 12-графада көрсөтүлөт.
Эгерде казып алуу баланстан тышкаары корлордон жүрсө жана казып алынган чийки зат кайра иштетүүгө түшсө, анда казып алынган чийки заттын саны 7-графада жана «кошуу» белгиси менен 10-графада (кайра баалоонун эсебинен өзгөртүүлөр) же 9-графада (эгерде бөлүктө кошумча чалгындоо жүргүзүлсө) эсепке алынат, жана ошол эле санга 16-графадагы баланстан тышкаары корлор кыскартылат.
Эгерде баланстан тышкаары рудалар баланстагылар менен бирге казып алынса, бирок өнөр жайда пайдаланылбаса же кайра иштетүүгө кондициялык чийки зат менен бирге кедейлетүүчү тек катарында түшсө, аларды казып алуу 7-графада чагылдырылбайт, бирок 16-графада баланстан тышкаары корлордун саны отчеттук жылда казып алынган баланстан тышкаары руданын санына кыскартылат.
17. 8-графада отчеттук жылда пайдалуу казындыларды казып алуудагы жоготуулар көрсөтүлөт.
Казып алуудагы жоготууларга казып алуу процессинде же тоо кен ишканасын жоюуда жер казынасында калтырылган пайдалуу казындылардын өчүрүлгөн баланстык корлорун бөлүгү кирет. Казып алуудагы жоготууларга камтуучу тектер менен бирге калдыкка ташталган пайдалуу казындылар дагы кирет.
Казып алынган пайдалуу казындыларды ташуудагы, ошондой эле кайра иштетүүдөгү жоготуулар бул графага киргизилбейт.
Пайдалуу казындылардын фактылуу жоготуулары жана кедейленүүлөрү белгиленген методикаларга ылайык аныкталат.
18. 9-графада чалгындоо иштеринин жыйынтыгында баланстык корлордун көбөйүшү жана /же азайышы көрсөтүлөт. Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылат:
а) алдын ала жана дыкат чалгындоонун, оозуган же эксплуатациялык-чалгындоо иштеринин жыйынтыгында корлордун көбөйүшү же азайышы;
б) КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясында кайра бекитүүнүн жыйынтыгында корлордун көбөйүшү же азайышы.
Аларды МККда бекитүүдөгү корлордун өзгөрүүсү кондициянын өзгөрүүшүнүн жыйынтыгында же геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүү менен байланышпаган башка себептер боюнча болсо, анда ошол өзгөрүүлөр 9-графада эмес, а 10-графада көрсөтүлөт;
в) отчеттук жылга чейин кендердин же айрым бөлүктөрүн корлорунун өзгөрүшү ар түрдүү себептер боюнча өз убагында эсепке алынган эмес;
г) аларды бир категориядан башкага өткөрүү менен байланышкан корллордун өзгөрүшү;
д) корлордогу кошумча компоненттердин өзгөрүшү, эгерде негизги компонентке чалгындоо иштерин жүргүзүү менен байланышкан өзгөрүүлөрдө.
18.1. 10-графада кайра баалоонун жыйынтыгында корлордун санынын өзгөрүүсү келтирилет. Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылат:
а) кошумча геологиялык чалгындоо же эксплуатациялык иштерди жүргүзүүсүз, минералдык чийки заттын кондицияларын (рудадагы пайдалуу компоненттердин кармоосу боюнча, кабаттын калыңдыгы боюнча ж.б.) кайра кароо менен байланышкан корлордун өзгөрүшү; ушул эле графа боюнча убактылуу кондициялар боюнча чалгындалган (баланска коюулган), бирок туруктуу кондицияларды бекитүүдөн кийин өндүрүштүк эмес болуп калгандагы корлор эсептен чыгарылганда;
б) тоо-кен ишканасын долбоорлонуну негиздөөдө техникалык-экономикалык себептер боюнча иштетүү үчүн рентабелдүү эмес деп таанылгандагы корлордун эсебинен алынгандар;
в) экономикалык же тоо кен-геологиялык шарттардын өзгөрүүсүнүн себебинде иштетүү үчүн рентабелдүү эмес деп таанылган тоо кен казып алуучу ишканалардын балансында эсептелген корлордун эсебинен алынгандар.
Баланска түшүндүрүүчү кыскача катта 10-графа боюнча корлордун эсептен чыгарылышынын себептери көрсөтүлүшү керек.
19. 11-графада тоо кен казып алуучу ишкананын балансынын же геологиялык чалгындоо уюмунун баланстык корлорунун такталбагандыгынын жыйынтыгында эсептен чыгарылган сандары көрсөтүлөт:
а) эсептен чыгарууга атайын акт менен бүтүмдөлгөн жана контролдук органдар менен макулдашылган тоо кен казып алуу ишканасынын эксплуатациялык аракетинин;
б) пайдалуу компоненттин кармоосу, калың катмардын өлчөмү жана калыңдыгы, көлөмдүк салмагы, чийки заттын сапаты жөнүндө кийинки геологиялык чалгынддоо же эксплуатациялоо-чалгындоо иштери менен байланышкан жаңы маалыматтарды алуунун.
20. 12-графада техникалык чектердин жана башка себептер менен байланышкан корлордун кыймылынын өзгөрүшү көрсөтүлөт. Анда корлордун бир бөлүктөн башкага өткөрүлүшү, бир уюмдан башкага берилиши, ошондой эле казып алуу менен байланышкан, мурда «Казып алуудагы жоготуулар» графасында эсептен чыгарылган корлордун өзгөрүүлөрү жана калдыктагы корлордун эсебинин өзгөчүлүгү менен болгон өзгөрүүлөр чагылдырышат.
Мурунку жылдарда отчеттук балансты түзүүдө кетирилген каталарды оңдоо алар ката кетирген графада жүргүзүлөт. Мисалы, эгерде ката кетирүү казып алууда же чалгындоодо болсо, каталарды оңдоо ошол эле графаларда жүргүзүлөт.
21. 13-графада отчеттук мезгилде өчүрүлгөн корлордун суммасы отчеттун бардык графалары боюнча көрсөтүлөт – сумма (гр.7+гр.8+гр.9+гр.11+гр.12), 8-12-графаларында келтирилген маалыматтар суммага киргизилет, эгерде ылайыктуу графаларда алар «алуу» белгиси менен көрсөтүлсө.
22. 15-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата баланстык корлордун саны көрсөтүлөт.
Мындайда, корлордун ар бир категориясы боюнча жана бүт кен боюнча, отчеттук баланстын туура түзүлүшүн текшерүү керек.
Ушундай текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: отчеттук жылдын 1-январындагы корлорун белгилөөчү сандан отчеттук жылда жер казынасынан казып алынган жана казып алууда жоготулган корлордун саны кемитилет, айырмасына чалгындоонун, кайра баалоонун, техникалык чектердин өзгөрүүсүнөн жана такталбаган корлорду эсептен чыгаруунун жыйынтыгында болгон корлордун бардык өзгөрүүлөрү кошулат (же кемитилет). Жыйынтыгында 15-графада көрсөтүлгөн корлордун санариби алынышы керек.
23. 5- жана 16- графаларда, ылайыктуу, отчеттук жылдын 1-январындагы абалы боюнча жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалы боюнча баланстан тышкаары корлордун саны жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Баланстан тышкаары корлордун өзгөрүү себептери (кошумча чалгындоо, кайра баалоо, казып алуу) түшүндүрүүчү кыскача катта келтирилиши керек.
№5-ГР жана №5-ГР (көмүр) формаларынын графасында ушул кен (бөлүк) боюнча КР корллор боюнча Мамлекттик комиссиясы бекиткен, алар бекитилген сандарда жана категорияларда, баланстык корлор жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Бир эле кен боюнча корллор боюнча Мамлекеттик комиссиянын корлорду бекитүүнүн бир канча протоколу болгондо, кайталоону болтурбоо үчүн, алар кайсы бөлүккө тийиштүү экендигин так аныктоо керек, жана объекттердин, аянттардын жана эсептөөнүн тереңдиктеринин дал келишинде – корлорду бекитүүнүн акыркы (дата боюнча) протоколунун маалыматтары пайдаланылат.
24. 14-графа түстүү, асыл жана сейрек металлдар, темир, марганец жана хромит рудалары, барит, графит, плавик шпаты, күкүрт, доломиттер, каолин, кварциттер, магнезит, флюс акиташтары боюнча корлорду иштетүүдө гана толтурулушат.
IV. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) ОТЧЕТТОРУНА ТYШYНДYРYYЧY КЫСКАЧА КАТ
25. №5-гр жана №5-гр (көмүр) ар бир Формасына төмөнкү схема боюнча түзүлгөн Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелиши керек:
· кендин орун алышы; жакынкы темир жол станциясынын, калктуу пунктардын жана пайдалуу казындынын негизги пайдалануучулардын аралыгы жана багыты; кендин абсолюттук бийиктик белгиси;
· кен кайсы убактан бери белгилүү, анда качан жана ким геологиялык чалгындоо жана башка изилдөө иштерин жүргүзгөн;
· кендин жана райондун экономикалык мүнөздөмөсү (райондун өздөштүрүлүүсү, транспорттук шарттары, энергетикалык ресурстардын бардыгы, токойлор ж.б.);
· райондун жана кендин геологиялык түзүлүшү (түзүүчү тоо тектери, жатуу шарттары, руда талаасынын же продуктивтик аянттын структурасы, кендин генезиси жана жашы);
· пайдалуу казындынын катмарынын саны (зоналар, линзалар, тамырлар); алардын созулушунун жана жантайышынын узундугу; жер бетинен жатуу тереңдиги (минималдуу, максималдуу); калыңдгы; формасы; жантаюу элементтери; жооноюулардын, ичкерүүлөдүн, таралуунун бар экендиги; кендин жалпы аянты;
· пайдалуу казындылардын минералдык жана химиялык курамы (бул же башка пайдалуу компонент кандай минералдар менен берилген; негизги жана кошумча пайдалуу компоненттердин минималдуу, максималдуу жана орто кармоосу; зыяндуу аралашмалардын, шлак түзүүчү компоненттердин кармоосу жана практикалык мааниси болушу мүмкүн башка көрсөткүчтөр ( нымдуулук, күлдүүлүк, калориялуулук ж.б.);
· пайдалуу казындынын типтери жана өнөр жайлык сорттору;
· пайдалуу казындынын технологиялык касиеттери (байышы, концентраттарды кайра иштетүү);
· кендин гидрогеологиялык шарттары; ичүүчү жана техникалык суу жабдуусу;
· кенди иштетүүнүн тоо кен-техникалык шарттары; кенди иштетүүдө эксплуатацияны кыйындаткан жана атайын иш-чараларды колдонууну талап кылган факторлор, кенди (же анын бөлүгүн) ачык ыкма менен иштетүүнүн мүмкүндүгү; ачылуу үчүн тектердин жана пайдалуу калың катмардын катышы;
· кенди чалгындоо деңгээли;
· корлорду эсептөөнүн аянты жана тереңдиги; кандай негизги жана кошумча компоненттер боюнча корлор эсептелген;
· кенди өздөштүрүүнүн болжолдонгон мөөнөтү, казып алуунун долбоордук жана жетишилген деңгээли.
Кендин баяндоосу кыскартылган, конспекттик түрдө берилет. Кыскача катта баланстын таблицалык бөлүгүндө киргизилбеген кендер жөнүндө маалыматтар жайгаштырылышы керек.
Корлордун мамлекеттик балансында эсепке алынган эксплуатациялануучу кендер үчүн түшүндүрүүчү кыскача катта геологиялык же техникалык-экономикалык мүнөздөгү кошумча жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча алынган жаңы маалыматтар чагылдырылышы керек. Бул бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
· кендин геологиялык түзүлүшү боюнча жаңы маалыматтар;
· жаңы табылган жана контурланган пайдалуу казындылардын мүнөздөмөсү; алардын формасы, өлчөмдөрү, созулуу жана жантаюу боюнча узундугу; катмарды ачык ыкма менен иштетүүнүн мүмкүнчүлүгү; жүргүзүлгөн чалгындоо иштери менен байланышкан мурда аныкталган катмардын контурларынын өзгөрүшүнүн мүнөздөмөсү;
· жаңы чалгындалган пайдалуу казындылардын корлорунун сапаты (курамы, пайыздык кармоосу, сорту, маркасы);
· ишкананын (рудниктин, байытуу фабрикасынын) жылдык долбоорлук жана өндүрүштүк кубаттуулугу; пландык жана фактылык товардык продукцияны казып алуу (кедейленүүнүн эсеби менен); кардарларга жиберилген товардык продукциянын саны (кара металлдар жана металл эмес пайдалуу казындылар боюнча);
· казылып алынган товардык руданы байытуу фабрикасында кайра иштетүү жөнүндө маалыматтар (кайра иштетилген руданын саны, кайра иштетилген рудадагы металлдын саны жана кармоосу, алынган концентраттын жана андагы металлдын кармалган саны);
· жер казынасындагы пайдалуу казындылардын казып алууда, ташууда, технологиялык кайра иштетүүдө ж.б. жоготуулардын мүнөздөмөсү; долбоордук (же пландык) жоготуулардын жана кедейленүүнүн фактылык менен салыштыруусу;
· казып алынган минералдык чийки заттын комплекстүү пайдалануусунун мүнөздөмөсү (чийки затты казып алуудагы жана кайра иштетүүдө өнөр жайда пайдалануучу компоненттердин-химиялык элементтеринин же алардын кошулмаларынын тизмеси; байытууда маанилүү компоненттерди чыгарып алуунун пайызы; пайдаланууга мүмкүн, бирок пайдаланылбаган пайдалуу компоненттердин тизмеси);
· кендин өнөр жайлык келечеги жана чалгындоо иштеринин мындан аркы багыты.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№6-ГР «МУНАЙДЫН, ГАЗДЫН, КОНДЕНСАТТЫН, ЭТАНДЫН, ПРОПАНДЫН, БУТАНДЫН, КYКYРТТYН, ГЕЛИЙДИН КОРЛОРУНУН
АБАЛЫ ЖАНА ӨЗГӨРYШY ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР»
ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. №6-ГР «Мунайдын, газдын, конденсаттын, этандын, пропандын, бутандын, күкүрттүн, гелийдин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө ушул Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө», «Мунай жана газ жөнүндө» Мыйзамдарына жана башка нормативтик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучулардын №6-ГР Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик түрүнө карабастан, мунайды жана/же газды чалгындоо жана иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын пайдаланууну жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №6-ГР Формасын боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. №6-ГР Формасында берилүүчү маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет.
4. Толтурулган №6-ГР Формасы жана түшүндүрүүчү кыскача кат №6-ГР Формасы боюнча отчетту түзүүгө жооптуу жактын жана жер казынасын пайдалануучу уюмдун жетекчисинин колдору коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Отчеттун берүү мөөнөтү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликте болот.
6. Отчеттукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчеттогу маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
II. №6-ГР (МУНАЙ, ГАЗ, КОМПОНЕНТТЕР) ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
7. 6-ГР Формасы боюнча отчет жер казынасын пайдалануучу тарабынан отчеттук жылдын 1-январына карата абалы боюнча мамлекеттик экспертизадан өткөн корлор жөнүндө маалыматардын негизинде берилет.
8. Мунайдын, газдын жана конденсаттын келечек ресурстары жөнүндө маалыматтар №6-ГР Формасына берилүүчү түшүндүрүүчү кыскача катта өзүнчө таблицада келтирилет.
9. Мунайдын, газдын жана компоненттердин корлорунун бириктирилген балансы өзүнчө кендер боюнча, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагы боюнча, ошондой эле газдын түрлөрү боюнча корлорду суммалашуу жолу менен түзүлөт. Андан башка, күкүрт суутектин 0,00139% жана андан жогору кармоосу менен күкүрт суутектүү газдын корлору эсептелинет.
10. Өнөр жайлык пайдаланууга тартылуу деңгээли боюнча мунайдын, газдын, компоненттердин корлору төмөнкү эки негизги категорияларга бөлүнүшөт:
· чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алынган кендердин, бөлүктөрдүн, катмарлардын, кабаттардын корлорунун бөлүштүрүлгөн фонду;
· жер казынасын пайдаланууга укук берилбеген кендердин, бөлүктөрдүн, катмарлардын, кабаттардын корлорунун бөлүштүрүлбөгөн фонду;
Бөлүштүрүлгөн фонддун ичинде кендин корлору алардын өнөр жайлык өздөштүрүүнүн деңгээли боюнча төмөнкү тартипте бөлүнүшөт:
· иштетилүүчүлөр, пайдалуу казындылардын негизги түрлөрүнүн (мунай, газ) жок дегенде бирөө боюнча казып алуу иштери жүргүзүлсө.
Иштетилүүчү кендерде отчеттук жылда мунай жана газды казып алуу болбогон иштетилбеген горизонттор бөлүнүшөт.
· өндүрүштүк өздөштүрүү үчүн даярдалган катмарлардын корлорун иштетүүгө лицензия алынган, биорк кенди иштетүүгө даярдоо иштери жүргөндүктөн казып алуу жүргүзүлбөгөн;
· чалгындалып жаткандар.
Бөлүштүрүлбөгөн фонддун ичинде кендин корлору алардын өнөр жайлык өздөштүрүүнүн деңгээли боюнча төмөнкү тартипте бөлүнүшөт:
· иштетилүүчүлөр, аларды иштетүүгө лицензиясы жок иштетилип жаткан кендин бөлүгү, бөлүк, катмар, горизонт;
· өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган;
· чалгындалып жаткандар;
· консервациялангандар.
10.1. Иштетилип жаткандарга анын курамына кирген пайдалуу казындыларын жана компоненттерин өнөр жайлык казып алуу жүргүзүлгөн мунай жана газдын кендери кирет.
Кендин иштетилүүчүлөр тобуна, анын бардык эмес бөлүктөрүндө, катмарларында, кабаттарында пайдалуу казындыны казып алуу жүргүзүлүп жаткан, ошондой эле эгерде казып алуу менен бирге кээ бир бөлүктөрдө, катмарларында, кабаттарында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп жаткан кендер кирет.
Иштетилип жаткандарга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө кошумча казып алуу, ошондой эле казып алуунун жана пайдалуу казындыны кайра иштетүүнүн технологиясын изилдөө үчүн тажрыйба-өнөр жайлык иштетүүнү жүргүзүүдөгү кендер кирбейт.
Ушул кендер, аларды кабыл алынган бөлүү критерийлерине ылайыктуу, өздөштүрүнүн башка группаларына киришет:
· өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн даярдалгандарга же чалгындалып жаткандарга.
Кошумча же тажрыйба-өнөр жайлык казып алуу аларды жүргүзүүдөгү ар бир кендер боюнча эсептелет, жана жыйынтыктарды чыгарууда ишкана, Кыргызстан боюнча казып алынган чийки заттын жалпы санына киргизилет.
10.2. Өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн даярдалгандарга, мунай жана газдын чалгындалган кендери (катмарлар) же кендердин (катмарлардын) бөлүктөрү, төмөнкү шарттарды аткарууда кирет:
· мунайдын, газдын жана алардагы башка компоненттердин өнөр жайлык маанидеги геологиялык жана чыгарылуучу корлору мамлекеттик экспертизадан өтүшкөн;
· мунайдын, газдын жана конденсаттын курамы жана касиеттери, өнөр жайлык маанидеги конденсаттын жана башка компоненттердин кармоосу, кенди (катмарды) иштетүүнүн өзгөчөлүктөрү, мунайдын жана газдын дебити, гидрогеологиялык, геокриологиялык жана башка жаратылыш шарттары мунайдын кенин иштетүүнүн технологиялык схемасын же газдын кендерин тажрыйба-өнөр жайлык долбоорун түзүү үчүн башталгыч маалыматтарды алууну камсыздоо деңгээли изилденген;
· чалгындалган кендин районунда мунайды, газды жана компоненттерди казып алуучу келечек ишканалардын керектөөлөрүн канааттандырууну камсыздоочу курулуш материалдарынын жана ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуунун мүмкүн болгон булактарынын чийки зат базасы бааланышы керек;
· өнөр жайлык жана башка булганыч сууларды төгүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн долбоордук-иликтөө иштерин жүргүзүүдө чалгындалган көзөнөктөрдө сиңдирүүчү горизонттордун бар экендиги жөнүндө маалыматтар бар;
· айлана чөйрөнү булгоону болтурбоону камсыздоо боюнча иш-чаралардын иштелип чыгуусу жөнүндө сунуштар түзүлгөн.
10.3. Чалгындалып жаткан кендерге алынган лицензиясына ылайыктуу геологиялык чалгындоо иштери жргүзүлүп жаткан же аларды жүргүзүү пландаштырылган кендер кирет. Чалгындалып жаткандарга ар түрдүү себептер менен геологогиялык чалгындоо иштери токтотулган жана мунайдын, газдын жана компоненттердин корлору болүштүрүлбөгөн фондко өткөн кендер дагы киришет.
10.4. Консервацияланган кендерге аларда чалгындоо же иштетүү токтотулгандар кирет. Иштетилип жаткан кендерди консервациялангандарга өткөрүү пайдалуу казындыларды казып алуу боюнча ишканаларды жоюу же консервациялоо тартибин регламенттештирүүчү аракеттеги нормативтик документтерге ылайык жүргүзүлөт.
10.5. Эгерде кенде өнөр жайлык өздөштүрүүнүн жана чалгындоонун ар түрдүү деңгээлиндеги бөлүктөр (катмарлар, кабаттар) болсо, анда ошол кен отчеттук баланста өндүрүштүк өздөштүрүүнүн эң жогорку деңгээлдеги деп эсептелет.
11. 6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасындагы мунайдын, газдын жана компоненттердин корлору жөнүндө маалыматтар категориялардын тартибинде жайгаштырылат: А, В, А+В, С1; А+В+С1, С2. С2 категориядагы корлор өзүнчө сап менен берилет жана башка категориядагы корлор менен суммаланбайт.
Корлорду ар бир категория боюнча өзүнчө көрсөтүүсүз корлордун категориялары боюнча бардыгын жана өзгөрүүшүн суммардуу көрсөтүүгө жол берилбейт.
12. Корлорду эсепке алуу төмөнкүчө жүргүзүлөт: мунай, конденсат, этан, пропан, бутан, күкүрт боюнча – миң т, күйүүчү газдар, азот жана көмүр кычкыл газ боюнча - млн.м3; гелий боюнча – миң м3.
13. №6-ГР (мунай, газ, конденсат) Формасын толтуруучу ар бир жер казынасын пайдалануучу объекттин эсеби, корлордун категориялары жана өндүрүштүк өздөштүрүү топтору боюнча бардык жыйынтыктарды көрсөтүү менен аны бүткөн түрдө бериши керек.
14. №6-ГР (мунай, газ, конденсат) Формасын толтуруу «Отчеттун объекти боюнча маалыматтар» I-бөлүмдөгү берилген бардык саптарды толтуруп башталышы керек. Кендердин өндүрүштүк өздөштүрүү деңгээли 10-пунктка ылайык көрсөтүлөт.
Мунай менен газдын кендери (катмарлар) төмөнкү типтерге бөлүнүшөт:
· мунайлык, газ менен ар түрдүү даражада каныккан мунайды гана кармаган;
· газмунайлуу жана мунайгаздуу (эки фазалык): газмунайлыктарда катмардын негизги бөлүгү мунайлуу, ал эми газ (газ калпагы) аз көлөмдү ээлейт; мунайгаздууларда – газ калпагы көлөмү боюнча системанын мунай бөлүгүнөн ашык; мунайгаздууга мунайлуу тегереги менен болгон газдык катмарлар дагы кирет;
· мунайгазконденсаттуу, мунай, газ жана конденсат камтыган;
· газдуу, газды гана камтыган;
· газконденсаттуу, газда конденсат камтылган.
Ушул эле бөлүмдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· объекттин (бөлүктүн, кендин) орун алышы;
· продуктивтүү кабаттын аталышы жана жашы төмөнкүдөй кезекте (жогорудан төмөн): геохронологиялык таблицага ылайык система – бөлүк – ярус;
· коллектордун тиби (карбонаттуу же терригендүү);
· эсеп объектисинин төбөсүнүн тереңдги, башкача айтканда окшош геологиялык-геофизикалык касиеттери менен мүнөздөлгон жана иштетилип жаткан же көзөнөктөрдүн бир тору менен иштетүүлүсү мүмкүн (бирдиктүү иштетүүнүн объекти болуп саналган бир канча продуктивтүу кабаттардын бириктирилишине жол берилет) бир же бир канча продуктивтүү кабаттардын, метр менен;
· газдын түрү (эркин – Св, газ калпагы – Гш, мунайда эритилген – Р) күйүүчү газдар жана алар камтыган компоненттер үчүн.
Бириктирилген Мамлекеттик баланста, жогоруда аталгандардан башка, , ошондой эле карамагындагы кен жайгашкан ишкананын, уюмдун аталышы, область көрсөтүлөт.
15. Мунай боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
15.1 I-бөлүмдү толтуруу. Отчеттун объекти жөнүндө маалымат.
1.1 бөлүмчөдө жер казынасынын эксплуатацияланып жаткан бөлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар келтирилет.
1.2 бөлүмчөдө продуктивтүү калың катмарды (кабат) мүнөздөөчү маалыматтар келтирилет:
· корлордун ар бир категориясынын жана А+В+С1 кат. суммасынын мунайгаздуулугунун аянты, миң м2 менен;
· корлордун ар бир категориясынын жана А+В+С1 кат. суммасынын мунайканыгуу калыңдгы (жалпы/натыйжалуу), м менен. Корлор эсебинин объектисинин жалпы мунайканыгуу калыңдгы – өткөрүүчү кабатчанын жогорку төбөсүнөн суумунай контактына же контактсыз зонадагы өткөрүүчү кабатчанын төмөнкү таманына чейинки продуктивтүү кабатты түзүүчү бардык тоо тектеринин суммардуу калыңдгы.
Корлор эсебинин объектисинин натыйжалуу мунайканыгуу калыңдыгы - өткөрүүчү кабатчанын жогорку төбөсүнөн суумунай контактына же контактсыз зонадагы өткөрүүчү кабатчанын төмөнкү таманына чейинки катмарча - коллекторлордун суммардуу калыңдгы.
А+В+С1 категорияларынын мунайканыгуу калыңдыгы (жалпы/натыйжалуу) аянт боюнча орто таразаланган катарында эсептелет:
· бирдиктин үлүшүндөгү ачык көзөнөкчөлүк (көзөнөкчөлүктүн коэффициенти);
· бирдиктин үлүшүндөгу мунайканыгуу (мунайканыгуу коэффициенти);
· бирдиктин үлүшүндөгү мунайды чыгарып алуу;
· өткөргүчтүк мкм2= мД/1000.
Көзөнөкчөлүк коллекторлор үчүн өткөргүчтүк керндик жана геофизикалык маалыматтар менен аныкталат; жаракалыктар, көзөнөкөлүк-жаракалык-каверналык коллекторлор үчүн – гидродинамикалык изилдөөлөр боюнча:
· бирдиктин үлүшүндөгү кайра эсептик коэффициент;
Кабаттын параметри (3 – 7) пункттарда ар бир категория жана А+В+С1 категорияларынын суммасында келтирилет.
Эгерде иштетүүнүн бир объектинен (катмардан) мунайды казып алуу эки же андан көп жер казынасын пайдалануучулар жүргүзүшсө, анда параметрлерди катмар боюнча толугу менен жер казынасын пайдалануучу – оператор берет.
1.3-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) жылдар:
· кендин (катмардын) ачылыш жылы;
· алынган лицензияга ылайыктуу кенди (катмарды) иштетүүгө киргизген жыл;
· аракеттеги жобого ылайыктуу кендин консервацияланган жылы;
2) ар бир катмар жана бүтүн кен боюнча отчеттук жылдагы казып алууну кошуп иштетүү башталгандан бери казып алуу. Мунайды казып алуу А, В, С1 категориялары боюнча өзүнчө жана А+В+С1 категорияларынын суммасы боюнча келтирилет.
3) корлорду бекитүү датасына карата ар бир катмар боюнча өзүнчө жана бүтүн кен боюнча казып алуу (эксперттик комиссиянын протоколуна ылайык);
4) бүтүн кендин жана ар бир өзүнчө катмардын иштетүлүүсү (% менен) иштетүүнүн башталышынан казып алуунун отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата алгачкы чыгарылуучу корлорго жана отчеттук жылдын казып алынуусунун кошуу отчеттук жылдын аягына чыгарылуучу корлордун катышы катарында аныкталат;
5) продукциянын сууланышы % менен кендер жана ар бир катмар үчүн казып алынган суунун тоннадагы санынын жыл аралыгында казып алынган суюктуктун тоннадагы санына (жылдын орто сууланышы) катышы катарында аныкталат.
6) корлорду алуунун темпи % менен (алгачкы/учурдагы) кендер жана ар бир катмар үчүн отчеттук жылдын казып алуусунун алгачкы чыгарылып алынуучу корлорго (алгачкы чыгарып алуу темпи) жана отчеттук жылдын казып алуусунун кошуу отчеттук жылдын аягына чыгарып алынуучу (учурдагы чыгарып алуу темпи) корлордун катышы катарында эсептелинет.
Талг.= | Д | Тучур.= | Д |
З + Нд | З + Д |