Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июну № 1
«Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды сатып алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын тейлөөсүн жакшыртуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кызматтарды сатып алуу келишим түзүүнүн негизинде тейлөөнүн тартиби жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Автомобиль жолдор башкармалыгына:
- ушул буйрук бекитилген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны "Эркин Тоо" гезитине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.
3. Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго катоодон өткөн күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун камсыздасын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.
Министр | К. Калилов |
| Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын “___” _________ № ___ буйругу |
1. Бул Жобо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын тейлөөнүн тартибин автомобиль жолдорун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүүнүн негизинде орнотот жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулат.
2. Бул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:
тапшырыкчы – жол чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик орган, анын оперативдүү башкаруусунда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору (жолдордун участкалары) бар, келишимдин негизинде ал жолдорду же жолдордун участкасын башка юридикалык жакка тейлөөгө тапшырат;
кызмат көрсөтүүчү –автомобиль жолдорун тейлөө жана күнүмдүк оңдоп-түзөө боюнча кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак, тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш кылып, жолду (жолдун участогун) тейлөөнүн талап кылынган деңгээлин камсыздоого жооптуу;
кызмат көрсөтүүнү сатып алуу келишимин түзүүнүн негизинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тейлөө – жолду тейлөөнүн ыкмасы, ал боюнча кызмат көрсөтүүчү учурдагы оңдоп-түзөөнү жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын тейлөөнү келишимдин негизинде жүргүзөт;
автомобиль жолун тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр - жол коопсуздугун камсыздоо жана автомобиль жолдорунун жана жол курулуштарынын абалына талаптардын орнотулган деңгээлин камсыздоого багытталган автомобиль жолдорун учурдагы оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси;
автомобиль жолдорунун абалын баалоо (диагностика)-автомобиль жолдорун жана жол курулуштарынын конструктивдүү элементтеринин параметрлери жана абалы жөнүндө, транспорттук агымдардын мүнөздөмөсү, керек болгон учурда оңдоо иш-чараларына муктаждыгын аныктоо үчүн жана башка маалыматты изилдөө, жыйноо жана талдоо, ошондой эле автомобиль жолдорун андан ары пайдалануу процессиндеги абалын баалоо жана болжолдоо;
автомобиль жолдорун тейлөөнүн деңгээли – жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу автомобиль жолдорунун конструктивдүү элементтеринин белгилүү бир абалын жана аны оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн эсебинен жаратылыш-климаттык шарттарынын таасиринен сактоону чагылдыруучу көрсөткүч;
автомобиль жолдорун тейлөө деңгээлин баалоо – жолдорду тейлөөнүн талаптарынын ченемдеринин жана эрежелеринин деңгээлине таасир берүүчү иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдүн ылайык келүүсүн табуу процесси;
автомобиль жолдорун күнүмдүк оңдоп-түзөө – автомобиль жолдорунун транспорттук-пайдалануу мүнөздөмөсүн калыбына келтирүү боюнча жумуштардын комплекси, аларды аткарууда автомобиль жолдорунун ишенимдүүлүгү жана коопсуздугунун конструктивдүү жана башка мүнөздөмөлөрү козголбойт.