Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-июлу № 2
«Жер бетинде тейлөө боюнча уюмдарды сертификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 21-чи Авиациялык эрежесин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Жер бетинде тейлөө боюнча уюмдарды сертификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 21-чи Авиациялык эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул 21-чи Авиациялык эреженин I бөлүмүнүн 9-чу пункту 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А.Ногойбаевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.Калилов |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын 19-июулундагы №2 буйругу менен бекитилген |
Ушул “Жер үстүндөгү тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери (мындан ары текст боюнча – Эрежелер) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчик түрүнө карабастан, жер үстүндө тейлөө көрсөткөн авиациялык ишмердиктин субъектилерине жана өз алдынча жер үстүндө тейлөөнү ишке ашырган авиациялык ташуучуларга (аба кемелеринин эксплуатанттарына) карата жайылтылат жана аткаруу үчүн милдетүү болуп саналат.
Коммерциялык аба ташууларга багытталган аэродромдо аба кемелерин жер үстүндө тейлөө уюштурулат.
Аба кемелерин жер үстүндө тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү физикалык жак же уюм, аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты менен аэродромдун/аэропорттун инфраструктурасын пайдаланууга келишим түзөт (аэродромдун/аэропорттун эксплуатантынын аба кемелерин жерден тейлөө боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнөн тышкары).
Аба кемелерин жер үстүндө тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү уюм, саламаттыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө аба транспортунда башка жүргүнчүлөр менен тең укуктуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу тартипте кызмат көрсөтөт.
Аба кемесинин эксплуатанты тийиштүү кызматтарды көрсөтүүгө аба кемелерин жер үстүндө тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзүү боюнча чечимди өз алдынча кабыл алат.
Аба кемесинин эксплутатанты өзүнө аба кемелерин жер үстүндө тейлөө кызматтарын көрсөтө алат. Өзүн өзү тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө уруксаатты бул Эрежелерге ылайык тастыктамалоо жол-жоболору өткөрүлгөндөн кийин жана аэродромдун/аэропорттун инфраструктурасын аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты тарабынан колдонуу боюнча келишим бар болгондо жарандык авиация органы тарабынан берилет.
Бул Эрежелер технологиялык процесстерди, өндүрүштүк түзүмдөрдү, инспекциялык текшерүү убагында аларды бул Эрежелерде көрсөтүлгөн тастыктамалык талаптарга аныктоо максатында өндүрүш каражаттарын камтыган кызматтардын багыттары жана түрлөрү боюнча жер үстүндө тейлөө кызматтарын көрсөткөн авиациялык ишмердиктин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын аэропортторунда ишке уруксат берүүдө жана тастыктамалоодо колдонулат.
Аэродромдун/аэропорттун эксплуатантына тастыкталбаган түзүмдүк бөлүгү же
1) аба кемелерин маршалингдөө;
2) аба кемелеринин турагы;