Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 21-декабры №1-п
“Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын аткарууда, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмеси” 1-тиркемесинин 21-пунктун ишке ашыруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды тапшыруучу адамдарга медициналык кароо жүргүзсүн жана алардын ден-соолугунун абалы жөнүндө корутунду берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин документтерди камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Мамлекеттик Реестрге киргизүү үчүн ушул буйрукту жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Статс-катчы | Н.А. Бардинова |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын “21” декабры №1-Н буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды (мындан ары – Нормативдер) жүргүзүү жана андан ары ишке ашыруу боюнча иштин түзүмүн, мазмунун, аны уюштурууну аныктайт.
2. Нормативдер ушул жобонун 1-жана 2-тиркемелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын дене бой жактан даярдыгына карата, артыкчылыктын алтын, күмүш белгилерине, калктын ар кандай курак топторундагы (18 жаштан 69 жашка чейинки) категориялары үчүн сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүдө билимдин, шыктын жана көндүмдөрдүн тизмегине ылайык келген сыноолордун (тесттердин) жана ченемдердин түрүн камтыган талаптарды аныктайт.
2-глава. Максаты жана милдети
3. Нормативдердин максаты жеке адамдын ден соолугун, гармониялуу жана ар тараптуу өнүгүүсүн чыңдоодо, атуулдукка тарбиялоодо жана калкты дене бой жактан тарбиялоону ишке ашыруудагы ишти улантууну камсыз кылууда дене тарбия жана спорттун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Нормативдердин милдети:
1) калктын дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгууга, дене бой жактан өзүн өркүндөтүүгө, сергек жашоого жана ушул негизде республиканын жарандарынын өмүрүнүн узактыгын көбөйтүүгө болгон каныккан муктаждыктарын калыптандыруу;
2) өз алдынча, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен машыгууну уюштуруунун каражаттары, ыкмалары жана формалары жөнүндө калктын билим деңгээлин жогорулатуу;
3) дене тарбия системасын жана массалык, студенттик, ошондой эле калктын бардык курактагы топтору үчүн спортту өнүктүрүү системасын, анын ичинде спорттук клубдардын санын көбөйтүү жолу менен модернизациялоо.
3-глава. Нормативдердин түзүмү жана мазмуну
5. Нормативдер жаш курактарга ылайык 5 баскычка бөлүнөт:
Баскычтардын аталышы | Курактын диапазону (толук жашы) | |
эркектер | аялдар | |
Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан тарбиялоо боюнча нормативдик талаптар | ||
6 баскыч | 18-29 жаш | 18-29 жаш |
7 баскыч | 30-39 жаш | 30-39 жаш |
8 баскыч | 40-49 жаш | 40-49 жаш |
9 баскыч | 50-59 жаш | 50-59 жаш |
10 баскыч | 60-69 жаш | 60-69 жаш |
6. Нормативдик-тестирлөөчү бөлүк төмөнкүлөрдү карайт:
1) сыноолордун (тесттердин) милдеттүү жана адамдын жыныстык жана жаш курактык өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык дене бой жактан сапатын, кыймылдоо шыгын өнүктүрүүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү түрлөрүн тандап алуу боюнча;
2) дене тарбия жана спорт, машыгуулардын гигиенасы, ден соолук абалына таасирлер, акыл жана күч жагынан иштөөгө жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жаатында билим жана көндүм деңгээлин баалоого карата талаптар;
3) билим берүү мекемелеринде милдеттүү машыгууларды, спорттун түрлөрү боюнча спорттук секцияларда жана ден соолук чыңдоо багытындагы топтордо уюштурулган машыгууларды, ошондой эле өз алдынча даярдыкты камтыган кыймылдоо ишинин ар кандай түрлөрүнүн минималдуу көлөмүн аныктоочу бир жумалык кыймыл режимине карата сунуштамалар
4-глава. Нормативдерди ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери
7. дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө, анын ичинде өз алдынча машыккан адамдарга диспансеризациянын (медициналык байкоонун) же медициналык кароонун жыйынтыктарынын негизинде нормативдерди аткарууга жол берилет.
8. Нормативдерди аткарууда дене бой жактан даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү программаларында, “Дене тарбия” предмети боюнча билим берүү уюмдарында эске алынат.
9. Орто кесиптик жана жогорку окуу жайларына окууга кирген учурда абитуриент дене тарбия жана спорт боюнча өзүнүн жеке жетишкендиктери, нормативдерди тапшыруунун айырмалануу белгилери жөнүндө берген маалыматтары эске алынат.
10. Нормативдик талаптары тапшырууга карата даярдануунун негизги формалары билим берүү программаларынын, спорттун түрлөрү боюнча секцияларда жана ден соолукту чыңдоо багытындагы топтордо окуу-машыгуу сабактарынын, ошондой эле өз алдынча машыгуунун жана республикалык, региондук, спорттук-массалык иш-чаралардын ведомстволук календардык пландарына кирген нормативдерди тапшыруу боюнча мелдештердин негизинде дене тарбия жана спорт менен машыгуу болуп саналат.
11. Билим берүү жана өнөр жай уюмдарынын, мекемелеринин жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык өкүлчүлүктөрү, кесиптик бирлик органдары менен биргеликте окуп жаткандардын жана кызматкерлердин дене бой жактан даярдыгынын Нормативдерин тапшырууга даярдоого жана тапшырууну камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
12. Иш берүүчү Нормативдердин артыкчылык белгилерине ылайык келген нормативди жана талаптарды аткарган адамдарга белгиленген тартипте сыйлоого укуктуу.
13. Сыноолордун (тесттердин) түрлөрүн жана нормативдерди аткаруунун маалыматтарын эсепке алуу статистикалык байкоонун белгиленген тартибинде жана эсепке алуучу документтердин негизинде ишке ашырылат.
14. Нормативдерди аткаргандарга күбөлүктөр, “күмүш” же “алтын” белгилери берилет, алардын үлгүсү жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилет.
15. Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо физикалык даярдоо боюнча Нормативдик талаптарды жайылтууну маалыматтык камсыз кылуу жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Жаштар иштери, дене тарбия
жана спорт боюнча мамлекеттик
агенттигинин “21” декабрь 2018-ж. №1-Н
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын калкын
дене бой жактан даярдоо боюнча
нормативдик талаптар жөнүндө жобого
1-тиркеме
ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР 18-29 жаш (6-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
| Тесттер | ЭРКЕКТЕР 18-24 жаш | ЭРКЕКТЕР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 100 метрге чуркоо (секунд) | 13,6 | 14,1 | 14,8 | 15,1 |
2 | 2 000 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 6:15 | 6:35 | 7:08 | 7:32 |
3.1 | Бийик турникке тартылуу (жолу) | 24 | 22 | 20 | 18 |
3.2 | же полдон көтөрүлүп тартылуу (жолу) | 32 | 28 | 27 | 24 |
4 | Отурган абалдан алдыга эңкейүү, буттар түз (кар.) | +19 см. | +16 см. | +14 см. | +11 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | ЭРКЕКТЕР 18-24 жаш | ЭРКЕКТЕР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | “Чөлмөк” чуркоо 3х10 м. (сек.) | 7,7 | 8,0 | 7,9 | 8,2 |
6 | Ордунан туруп узундукка секирүү (см.) | 240 | 225 | 220 | 210 |
7 | 700 гр. (м.) салмактагы спорттук снарядды ыргытуу | 37 | 35 | 34 | 32 |
8 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн., ичиндеги аткаруулардын саны) | 37 | 35 | 34 | 31 |
9 | Өз салмагы менен отуруп-туруу (30 сек.) | 35 | 32 | 33 | 30 |
10 | 50 м. (мүн., сек) сууда сүзүү | убакыт эске алынбастан | убакыт эске албастан | убакыт эске албастан | убакыт эске алынбастан |
Эскертүү: Бассейн жок болгон учурда “50 м. сууда сүзүү” сыноосунун түрү убакытты эске албастан “3000 м. кросстук чуркоого” алмашылат.
БЕЛГИ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ
ЭРКЕКТЕР 18-24 жаш | ЭРКЕКТЕР 25-29 жаш | |||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | |
Белги алуу үчүн аткаруу зарыл болгон сыноолордун (тесттердин) саны | 7 | 6 | 7 | 6 |
18-29 жаштагы АЯЛДАР ҮЧҮН ЧЕНЕМДЕР (6-баскыч)
Милдеттүү сыноолор (тесттер):
№ | Тесттер | АЯЛДАР 18-24 жаш | АЯЛДАР 25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
1 | 100 метрге чуркоо (секунд) | 17,4 | 17,8 | 18,2 | 18,8 |
2 | 1000 метрге чуркоо (мүн., сек.) | 3:35 | 3:58 | 4:03 | 4:15 |
3.1 | 110 см. жапыз турникке жерде жаткан абалда тартылуу (тартылуулардын саны) | 12 | 10 | 8 | 6 |
3.2 | же полдон өзүн көтөрүү (көтөрүүнүн саны) | 18 | 16 | 15 | 14 |
4 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | +22 см. | +21 см. | +20 см. | +19 см. |
ТАНДООГО СЫНООЛОР (ТЕСТТЕР)
№ | Тесттер | АЯЛДАР 18-24 жаш | АЯЛДАР
25-29 жаш | ||
алтын белги | күмүш белги | алтын белги | күмүш белги | ||
5 | “Чөлмөк” чуркоо 3х10 м. (секунд) | 8,8 | 9,0 | 9,2 | 9,5 |
6 | Ордунан туруп узундукка секирүү (см.) | 190 | 175 | 160 | 150 |
7 | 500 гр. (метр) салмактагы спорттук снарядды ыргытуу | 28 | 26 | 24 | 22 |
8 | Чалкасынан жаткан абалда тулку боюн көтөрүү (1 мүн. канча жолу) | 30 | 28 | 26 | 24 |
9 | Өз салмагы менен отуруп туруу (30 сек.) | 30 | 28 | 26 | 24 |
10 | 50 м. (мүн., сек.) сууда сүзүү | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан | убакытты эске албастан |