Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2018-жылдын 31-декабры № 33-нпа
Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу”бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоодо жана ал жерлерде курууда имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Бекитилсин:
- тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери;
- 2018-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту (мындар ары – КР УИА СИ) тарабынан иштелип чыккан Ысык-Ата жер жаракасынын тилкесиндеги калдык өзгүрүүлөрдүн пайда болушунун натыйжасында эң бийик ылдамдануулардын (PGA) картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Ысык-Ата активдүү жер жаракасынын чегиндеги жер бетинин селкинүү күчтөрдүн (интенсивдүүлүк) балл менен көрсөтүлгөн тилкелердин картасы.
2. КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери 2019-жылдын 1-мартынан тартып ишке киргизилип, КР КЧ 31-02:2008 “Бишкектеги Ысыката жер жаракасынын аймагында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери менен катар жарыш түрдө иштээри аныкталсын.
3. 2020-жылдын 2-мартынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
- КР КЧ 31-02:2008 “Бишкектеги Ысыката жер жаракасынын аймагында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдери;
- 2018-жылга чейин күчүндө болгон Ысыката жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын аймагынын бөлүмдөрүнүн карта-схемасы.
4. 2020-жылдын 2-мартына чейин жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары – ЖТТКжИДМИ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мында ары- Мамкурулуш) алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти менен биргеликте курулуш конструкцияларын эсептөө үчүн КР КЧ 31-02:2018 “Ысык-Ата жер жаракасына чектеш Бишкек шаарынын жана айылдардын аймактарында курулуштарды долбоорлоо жана куруу” курулуш ченемдеринин эсептик жоболорун Кыргыз Республикасында актуалдуу болгон программалык комплекстерге киргизүү боюнча иш алып барсын.
5. Мамкурулуштун алдындагы ЖТТКжИДМИ тарабынан:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чаралар көрүлсүн;
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук акттар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул буйрук 2019-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Статс-катчы | С. Борубаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
_________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик иш кагаздарынын системасы
ЫСЫК-АТА ЖЕР ЖАРАКАСЫНА ЧЕКТЕШ БИШКЕК ШААРЫНЫН
ЖАНА АЙЫЛДАРДЫН АЙМАГЫНДА КУРУЛУШТАРДЫ ДОЛБООРЛОО ЖАНА КУРУУ
ПРОЕКТИРОВАНИЕ И ЗАСТРОЙКА ТЕРРИТОРИЙ ГОРОДА БИШКЕК И СЕЛ, ПРИМЫКАЮЩИХ К ЫСЫК-АТИНСКОМУ РАЗЛОМУ
The design and building of territories of the bishkek and villages, adjoining to
Ysyk-Ata fault
_________________________________________________________________
Киришүү датасы – 2019-03-01
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Бул курулуш ченемдерин Ысык-Ата жер жаракасына туура келген Бишкек шаарынын, Жал, Жогорку Орок, Ылдыйкы Орок, Орто-Сай жана Көк-Жар айылдарынын аймагында тургузулган жана жайгашкан курулуш куруу, реконструкциялоо, тургузулган имараттарды жана курулуштарды бекемдөө жана калыбына келтирүү долбоорлорун иштеп чыгууда сактоо керек.
1.2 Бул ченемдер сейсмикалык таасирден кээ бир элементтери бузулушу мүмкүн болуп, имараттарды, курулуштарды ылайыктуу эксплуатациялоодо же адамдарды коркунучсуз жерге көчүрүүдө убактынча токтотуп турууда кыйындык жараткан имараттар менен курулуштарга талаптарды коёт.
1.3 Бул ченемдердин негизги максаттары:
- жер титирөөдө адамдардын өмүрүн сактоо;
- жер титирөөдөн келген зыянды чектөө;
- жер титирөөдөн кийин калкты жарандык коргоо үчүн зарыл болгон имараттар менен курулуштардын эксплуатациялык сапатын сактоо.
1.4 Бул ченемдер объектилерди долбоорлоого жана курууга жарабайт:
- ушул ченемдин талабына жооп бербеген жалпы өлчөмдөрү, көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдери;
- жаңы конструктивдик системалар, чечимдер, материалдар жана сейсмикалык коргоонунун атайын системалары бар;
- Ысык-Ата жер жаракасы таасир эткен тилкенин түштүк бөлүгү кирген 5-тилкеде (6-бөлүмдү кара).
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
1.5 Бул ченемдин 1.4 пунктунда санап өтүлгөн объектилерди долбоорлоону жана курууну тийиштүү ченемдик иш кагаздарын иштеп чыкканга чейин архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган сейсмотуруктуу курулуш боюнча адистештирилген илимий-изилдөөчү уюмдар тарабынан иштелип чыккан долбоорлоонун техникалык шарттары менен ишке ашыруу зарыл.
1.6 Бул ченемдердин (эрежелер топтому, колдонмолор, стандарттар, техникалык шарттар, сунуштар, ж.б.дын) өнүгүшү үчүн түзүлгөн иш кагаздарынын жоболору ушул ченемдердин негизги талаптарына карама-каршы келбеши керек.
1.7 Бул ченемдерде каралган эсептик жүктүн жана конструктивдик иш чаранын деңгээли минималдуу болуп эсептелет жана буйрутмачынын көз карашы боюнча жогорулашы мүмкүн.
1.8 Имараттар менен курулуштардын жаңы конструктивдик системасы, ошондой эле жаңы материалдар жана конструкциялар, курулушта колдонуудан мурун, тийиштүү эксперименттик текшерүүдөн өтүшү зарыл.
2 Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш ченемдерде төмөнкү ченемдик иш кагаздарына шилтемелер колдонулат:
№6-нпа Эрежелер жыйнагы Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелер жыйнагы;
Кыргыз Республикасында кыймылсыз объектилерди долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү иш кагаздарын берүү тартиби жана курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу тартиби жөнүндөгү Жобо;
КР КЧ 20-02:2018 Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери.
Э с к е р т ү ү – Бул курулуш ченемдерин колдонууда Кыргыз Республикасынын аймагында шилтеме ченемдик иш кагаздарынын иштешин ушул жылы басылып чыккан Улуттук органдын тийиштүү маалыматтык көрсөткүчү боюнча, укуктуу мамлекеттик органдын стандартталышы боюнча, архитектуралык-курулуш иштеринин чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча текшерип коюу максатка ылайыктуу болот. Эгер шилтеме иш кагазга өзгөрүү киргизилген (өзгөртүлгөн) болсо, бул курулуш ченемдерин колдонууда өзгөртүлгөн ченемдик иш кагазын жетекчиликке алуу зарыл. Эгер иш кагаздагы шилтеме өзгөртүлбөстөн алып салынган болсо, анда шилтеме келтирилген жобо бул шилтемеге тиешеси болбогон бөлүгү колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесине ылайык кабыл алынган терминдер пайдаланылды.
4 Символдор, алардын кыскартылышы жана шарттуу белгилер
Ушул курулуш ченемдеринде Б тиркемесине ылайык кабыл алынган символдор, алардын кыскартылышы жана шарттуу белгилер пайдаланылды.
5 Жалпы жоболор
5.1 Ушул курулуш ченемдеринде Ысык-Ата жер жаракасына туура келген Бишкек шаарынын, Жал, Жогорку Орок, Ылдыйкы Орок, Орто-Сай жана Көк-Жар айылдарынын аймагында имараттарды жана курулуштарды долбоорлоодо сакталышы зарыл болгон гана жоболор камтылган. Бул жактан ушул иш кагаз Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген башка курулуш ченемдерин жана эрежелерин толуктайт.
5.2 Ысык-Ата жер жаракасынын таасириндеги аймакта имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону төмөнкүлөрдү эсепке алуу менен ишке ашыруу зарыл:
- учурдагы «Ар кандай функционалдык милдеттеги имараттарды жайгаштыруу боюнча чектөө» ченемдеринын бөлүмүнүн жоболорун;
- курулуш аянтында инженердик-геологиялык иликтөөнүн натыйжасын;
- учурдагы ченемдеринин «Имараттардын көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдери» аттуу бөлүмдө берилген имараттар менен курулуштардын көлөмдүк-пландалган жана конструктивдүү схемаларын;
- учурдагы ченемдеринин «Эсептик сейсмикалык жүктөр» атуу бөлүмүндөгү талаптарга ылайык аткарылган имараттар менен курулуштардын конструкцияларынын сейсмикалык таасирге карата эсебинин жыйынтыгын.
5.3 Жер жаракага чектеш аймакта имарат тургузууга учурдагы ченемдеринин талаптарына ылайык иштелип чыккан долбоору бар болгондо жол берилет.
5.4 Ысык-Ата жер жаракасына чектеш аймакта имараттарды жана курулуштарды курууну бекитилген тартип менен жүргүзүү зарыл (кара: Кыргыз Республикасында кыймылсыз объектилерди долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү иш кагаздарын берүү тартиби жана курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу тартиби жөнүндөгү Жобо).
5.5 Ысык-Ата жер жаракасынын таасириндеги аймактарда долбоорлорго жана курууга уруксат берилбейт:
- бузулганда оор экологиялык, экономикалык жана социалдык зыяндарга алып келүүчү имараттарды жана курулуштарды;
- өнөр жай (өндүрүш) имараттарын жана курулуштарын;
- өрт өчүрүү депосунун имаратын;
- райондун энерго жана суу камсыздоо системаларынын имараттарын жана курулуштарын;
- өкмөттүк байланыш системаларынын имараттарын жана курулуштарын;
- посёлоктук жана участкалык бөлүмдөрдүн имараттарынан тышкары ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын административдик имараттарын;
- өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча атайын курулуштарды жана имараттарды;
- травматологиялык жана хирургиялык бөлүмү бар госпиталдарды жана ооруканаларды, медициналык тез жардам станцияларынын имараттарын;
- жер титирөөнүн кесепетин жоюуда катышуучу авариялык, медициналык жана башка кызматардын гараждарынын имараттарын;
- жалпы сыйымдуулугу 200 кишиден ашкан театрлардын, кинотеатрлардын, концерттик залдардын, үстү жабык стадиондордун жана башка маданий-эс алуучу имараттарды;
- музейлердин имараттарын, улуттук жана маданий баалуулуктар сакталган имараттарды, мамлекеттик архивдердин имараттарын;
- 18 метрден ашуун аралыгы бар имараттарды жана курулуштарды;
- жогорку көркөм жана тарыхый баалуулукка ээ эстеликтерди.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
5.6 Эгер башка талаптар ушул ченемдерде айтылбаган болсо, учурдагы ченемдеринин жобосуна ылайык долбоорлонуп жаткан имараттар жана курулуштар, ошондой эле алардын бөлөк элементтери башка иштеп жаткан ченемдик иш кагаздарынын талаптарын канааттандырышы шарт.
6 Ысык–Ата жер жаракасынын таасир этүү тилкелери
6.1 Ысык-Ата жер жаракасынын таасири этүү тилкелери катары жалпы туурасы 3000 м Ысык-Ата жер жаракасына чектеш, эки тарабынан (1500 м түндүк жана түштүк тарабынан) Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгына чектеш Бишкек шаарынын аймагын түшүнөбүз.
Ысык-Ата жер жаракасынына чектеш Бишкек шаарынын аймагында Аламүдүн жана Сокулук райондоруна караган Көк-Жар, Беш-Күнгөй, Кара-Жыгач, Орто-Сай, Чоң-Арык, Ылдыйкы Орок, Жогорку Орок, Жал айылдары жайгашкан.
6.2 Ысык-Ата жер жаракасы, курулуш куруу үчүн жарамдуулук даражасы боюнча Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгынын жайгашышы картада көрсөтүлгөн 5 тилкеге бөлүнөт (В Тиркемени кара):
1-тилке – жер жаракасынын магистралдык сызыгынан 100 метр түндүк жана 200 метр түштүк аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
2-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түндүктө 100 метрден 300 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
3-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түндүктө 300 метрден 500 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
4-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түндүктө 500 метрден 1500 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт;
5-тилке - жер жаракасынын магистралдык сызыгынан түштүктө 200 метрден 1500 метрге чейинки аралыкта жайгашкан аймакты камтыйт.
7 Курулуш аянтынын сейсмикалык коркунучтуулугу
7.1 Курулуш аянттарынын сейсмикалык коркунучтуулугун Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картаны пайдаланып аныктоо керек.
Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картасы В-тиркемеде берилген.
7.2 Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картада жер жаракасына чектеш потенциалдуу коркунучтуу аймак 290, 350, 392,4 и 490,5 см/с2 горизонталдык эӊ бийик ылдамдануунун амплитудасынын изосызыктары менен мүнөздөлөт.
Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгы жайгашкан картада көрсөтүлгөн agR сейсмикалык интенсивдүүлүк көрсөткүчү асканын кыртышына кирет (кыртыштык шарттын түрү IА КР КЧ 20-02 боюнча) жана тектоникалык бузуулардан келип чыккан геомеханикалык эффекттерди, ошондой эле жердин рельефин эсепке албайт.
Г тиркемесиндеги таблицада аймактын сейсмикалык коптуулугунун көрсөткүчтөрү балл жана эң жогорку тездөө менен келтирилген.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
7.3 Курулуш аянтынын кыртыш шартынын түрүн инженердик-геологиялык илитөөлөрдүн жыйынтыгынан келип чыккан, учурдагы ченемдик иш кагаздарынын жобосуна ылайык жана имараттын же курулуштун жоопкерчилик классына байланыштуу атайын талаптарды жана курулуштун өзүнүн шарттарын эсепке алуу менен аткарылган КР КЧ 20-02 маалыматтарына ылайык аныкталышы керек.
7.4 Сейсмикалык касиети боюнча курулуш аянтынын кыртыш шартынын тибине жана agR эӊ бийик ылдамдануунун чоңдугуна байланыштуу S(agR) коэффициентинин маанисин КР КЧ 20-02 келтирилген туюнтманын жардамы менен аныкталышы керек.
4-тилкемеде жайгашкан курулуш аянты үчүн S(agR) коэффициентинин маанисин Ысык-Ата жер жаракасынын магистралдык сызыгына чейинки аралыкты эске алган kgF, коэффициентине көбөйтүү керек. kgF коэффициентинин маанисин төмөнкү туюнтманын жардамы менен аныктоо керек:1,0≤ kgF =1,25‒0,0002·R≤1,15 (7.1)
мында R – курулуш аянтынан Ысык-Ата жаракасынын магистралдык сызыгына чейинки аралык метр менен.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
7.5 Курулуш аянтынын балл менен көрсөтүлгөн эсептик сейсмикалуулугун планда жана бийиктиги боюнча долбоорлонуп жаткан имараттар менен курулушттардын жол берилген көлөмүн аныктоодо, ошондой эле учурдагы ченемдерде көрсөтүлгөн конструктивдик ой менен колдонуучу жер титирөөгө каршы иш чаралар учурунда эске алуу зарыл.
8 Ар кандай функционалдык милдеттеги имараттарды жайгаштыруу боюнча чектөөлөр
8.1 Жер жаракасынын аймагында курулуш курууну Бишкек шаарынын генералдык планына ылайык жана 6.2. пунктунда келтирилген жобону эске алуу менен ишке ашыруу зарыл.
8.2 Жер жаракасынын аймагында жаңы конуштарды жана сейсмикалык жактан ылайык келбеген өзүнчө имараттардын жана курулуштардын аянттарын жайгаштырууга болбойт.
8.3 Сейсмикалык жактан ылайык келбеген аянттарга төмөнкүлөр кирет:
а) кыртыштык шартынын III түрүндөгү 9 баллдан жогорку сейсмикалуулукка ээ аянттар;
б) тоо кендери ачык казылган, физико-геологиялык процесс менен өтө бузулган тектери бар, чөгүү касиетине ээ болгон кыртыштарда;
в) эңкейиштин тиги 15° ашкан, структурасы өтө бузулган толтурулган тектер;
г) эшилип түшүү, жер көчүү, кулоо жана сел жүрүү коркунучу бар тилкелерде жайгашкан.
8.4 8.3 пунктта көрсөтүлгөн курулуш үчүн аянттарда имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо ушул ченемдердин 1.5 пунктуна ылайык жүргүзүү зарыл.
8.5 Эңкейишинин тиги 15° ашкан (кара: 8.3 в) курулуш аянттарында имараттардын жана курулуштун чөйрөсызыгы жылмышуу тегиздигинин чегинен сыртта болушу шарт, анын абалы эңкейиштин сейсмикалык таасирге туруктуулугун эске алуу менен аныкталат.
8.6 Имараттар менен курулуштарды 8.3 г) пунктунда көрсөтүлгөн аянттарда курууга эшилип түшүү, жер көчүү, кулоо жана сел жүрүү коркунучунан коргоо боюнча атайын иш чарасыз жол берилбейт.
8.7. 2,3,4-жана 5-тилкемелерде жайгашкан аянттарда төмөнкүлөрдү долбоорлоого жана курууга уруксат берилет:
- эс алуу тилкемелери, жашыл конуштар, ачык спорт аянттары, скалддык имараттар, гараждар;
- 5.5 пунктта санап өтүлгөндөрдөн башка имараттар жана курулуштар.
(КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 47-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
8.8. 1-тилкемеде жайгашкан аянттарда эс алуу зоналарынан, жашыл конуштардан, ачык спорт аянттарынан башка имараттарды жана курулуштарды долбоорлоого жана курууга жол берилбейт.
9 Эсептик сейсмикалык жүктөр
9.1 Имараттарга жана курулуштарга эсептик сейсмикалык жүктү курулуш аянтынын сейсмикалык касиети боюнча кыртыштын шартынын түрүнө, курулуш аянтынын сейсмикалуугуна, курулуш аянтында горизонталдык сейсмикалык таасирди күчөткөн топографиялык эффектин эсепке алган коэффициентине байланыштырып, ошондой эле конструктивдик схеманын өзгөчөлүгүнө жана имараттардын жана курулуштардын жоопкерчилигене карап аныктоо зарыл.
9.2 Сейсмикалык таасирдин Sd(T) горизонталдык курамын мүнөздөөчү эсептик реакциянын спектрин КР КЧ 20-02 талабына жараша аныктоо талап кылынат.
Курулуш аянтынын кыртыштык шартынын түрүнө байланыштуу реакциянын спектринин формасын аныктоочу TC мезгилинин маанисинин эсептик серпилгич реакциянын спектрин түзүүдө 9.1 таблицасынын маалыматтарына ылайык кабыл алуу керек.
9.1 Т а б л и ц а с ы – ТС мааниси
Сейсмикалык касиет боюнча кыртыш шартынын түрү | ТС, с |
IA | 0,48 |
IБ и II | 0,72 |
III | 0,96 |