Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-февралы №35-нпа
Кыргыз Республикасынын КР КЧ 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү» курулуш ченемин бекитүү жөнүндө
Ар кандай милдеттеги имараттардын жана курулмалардын жайларына жарык берүүнү долбоорлоо ченемдерин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24- июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш)жөнүндө жобону жетекчиликке алып
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. КР КЧ 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү» курулуш ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна (мындан ары-ЖТТКжИДМИ):
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий басып чыгаруунун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чаралар көрүлсүн;
ушул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, Ченемдик жана укуктук акттардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. МаКЧ 2.04-05-95 «Табигый жана жасалма жарык берүү» жана КЧ 23-05-95 «Табигый жана жасалма жарык берүү» курулуш ченемдери өз күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыялангандан соӊ 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | Б. Абдиев |
КЫРГЫЗРЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
__________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
ТАБИГЫЙ ЖАНА ЖАСАЛМА ЖАРЫКБЕРҮҮ
ЕСТЕСТВЕННОЕ И ИСКУССТВЕННОЕ ОСВЕЩЕНИЕ
DAYLIGHTING AND ARTIFICIAL LIGHTING __________________________________________________________________ |
Киргизүү датасы 2019-03-01
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери жаңы курулуп, реконструкцияланып жаткан ар кандай арналыштагы имараттардын жана курулмалардын бөлмөлөрүн, имараттан тышкары иш өндүрүү орундарын, өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын аянттарын, ал ишканалардын аянттарынын темир жолдорун, шаарлардын, айыл жериндеги калктуу пункттардын, автотранспорттук тоннелдердин тышкы жарыгын жарыктандырууну долбоорлоого жайылтылат. Станоктору, машиналары жана өндүрүш эмеректери менен чогуу комплект түрүндө келген, жеринде жарыктандыруу орнотмолорун долбоорлоону ошондой эле ушул ченемдерге ылайык ишке ашыруу керек.
1.2 Ушул ченемдер жер алдындагы өндүрүштөрдүн, дарыя жана башка порттордун, аэродромдордун, темир жол станцияларынын жана алардын жолдорунун, айыл чарба өнүмдөрүн сактоочу жайлардын, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, куштарды кармоочу жайлардын жарыгын долбоорлоого, ошондой эле атайын технологиялык жана сактоонун техникалык каражаттарын колдонуу учурунда сактык жарыктандырууга жайылтылбайт.
1.3 Ушул ченемдердин негизинде уюмдардын технологиялык процесстин жана имараттардын жана курулмалардын курулуш ченемдеринин бөтөнчө өзгөчөлүктөрүн эске алган стандарттары иштелип чыгат. Стандарттар аныкталган тартипте макулдашылып, бекитилет.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул ченемдерде А тиркемесине ылайык ченемдик документтерге шилтеме жасалды.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул ченемдерде Б тиркемесине ылайык терминдер жана аныктамалар колдонулду.
4 Жалпы жоболор
4.1 Ушул курулуш ченемдеринде, айтылган учурлардан тышкары, жайлар үчүн шарттуу жумушчу бетте жарык булагынын бардык түрү үчүн орто жарыктык ченемделет.
Жумушчу орундардагы минималдуу жарыктык жайдагы ченемделген орто жарыктыктан 10%дан ашык айырмаланбашы керек.
Ушул ченемдерде селитебдик аймактардын тышкы жарыктыгы үчүн жарыктын кандай булагы болбосун, жол бетинин жарыктыгы жана ачыктыгы ченемделет.
Бир баскычка айырмаланган люкстардагы жарыктыктын ченемделген маанилери төмөндөгү шкала боюнча кабыл алынышы керек: 0,2; 0,3; 0,5; 1; 2; 3; 4; 5; 6; 7; 10; 15; 20; 30; 40; 50; 75; 100; 150; 200; 300; 400; 500; 600; 750; 1000; 1250; 1500; 2000; 2500; 3000; 3500; 4000; 4500; 5000.