Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО ИШТЕРИ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-февралы № 49
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат Көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин мекемелери тарабынан берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16- январындагы №26 токтому менен бекитилген Мамлекеттикжана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптимизациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Тиркелген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери тиркемелерге ылайык бекитилсин:
-“Аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик-каттоо документтерин (акысыз) берүү” - 1-тиркеме;
- “Аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик-каттоо документтеринин дубликатын берүү (акы төлөө) - 2-тиркеме;
-“Аскердик-дарыгердик комиссиясы тарабынан жарандардымедициналык күбөлөндүрүү” -3-тиркеме.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын, аскердик-медициналык башкармалыгынын башчылары:
-мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иштерди жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке ылайык уюштурсун;
-аталган кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоожана андан ары сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн.
3. КР КИМК төрагасынын 2018-жылдын 18-майындагы №271 “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасарына жүктөлсүн.
5. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник |
Э.Дж.Тердикбаев |
КР КИМКТ
2019-ж.19.02. №49
буйругуна №1 тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана карамагындагы мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-беренесинин 8-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан (мындан ары - КР КИМК РШАК) жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрдү жана ведомствонун мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому менен бекитилген тийиштүү стандарттардын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 3 күндөн ашык эмес, 10 жумушчу күнүнө чейин узартылышы мүмкүн (архивдик суроо-талаптарды алууну сураган учурларда).
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) аскер комиссарынын атына жазылган арыз;
б) паспорттун көчүрмөсү;
в) эгерде паспортто жашаган жеринде башка район көрсөтүлсө, жашаган жеринен маалым кат;
Жогоруда саналган документтерге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
- 30х40 мм өлчөмүндөгү өӊү так көрсөтүлгөн түстүү сүрөт – 2 даана.;
(3) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: аскер билетинин жазылган бланкы.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү уюштуруу төмөнкү иш аракеттерди өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Аскердик-каттоо документтерин берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө арыз ээсине кеӊешберүү жана маалымдоо |
|
2. | Мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн керектүү документтерди кабыл алуу |
|
3. | Документтерди иштеп чыгуу. Аскердик-каттоо документтерин берүүгө керектүү документтерди даярдоо. Аскердик билеттин бланкын толтуруу |
|
4. | Аскердик билеттин бланкын берүү |
|