Редакцияот 17.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ

ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ

БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН

 

БУЙРУК

 

2020-жылдын 17-январы №1

2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн усулдугуна ылайык,

БУЙРУК КЫЛАМ:

Ушул буйруктун тиркемесине ылайык 2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченеми бекитилсин.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.

 

Директор

Т.И.Нурбашев

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-

энергетикалык комплексти жөнгө

салуу боюнча мамлекеттик

агенттиктин 2020-жылдын «17»январы

№1 буйругуна

 

 

 

2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген

коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченеми

 

Жоготуулардын аталышы

2019-жыл

Газ түтүктөрүндөгү жаратылыш газынын жоготуулары

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧКтын газ транспорттук тутумуна келип түшкөн жаратылыш газынын көлөмүнөн 9,1%