Загрузка документа…
| 3-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Архив фондунан документтердин көчүрмөлөрүн берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы № 41
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдери тарабынан (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер тарабынан;
- Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви тарабынан;
- шаардык мамлекеттик архивдер тарабынан;
- райондук мамлекеттик архивдер тарабынан.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы убактысы кызмат көрсөтүүнүн түрүнүн көлөмүнөн турат: жеке кайрылганда кезек күтүүнүн мөөнөтү 1,5 сааттан ашык эмес (суроо-талаптарды аткаруунун убактысы - 1 күндөн 30 күнгө чейин) мамлекеттик архивдин жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча арыз ээсине билдирүү менен.
Кызмат көрсөтүүлөр үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) ким экендигин ырастоочу документ;
б) арыз (жеке жактар үчүн), табыштама (юридикалык жактар үчүн) же белгиленген формадагы кат;
в) кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө тууралуу квитанция (юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти (ишеним кат) кошо беришет.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акы төлөнүүчү. Маалымкаттын (көчүрмөлөрдүн, документтен көчүрмөлөрүнүн) түрүнө жана маалыматтын көлөмүнө жараша прейскурант боюнча аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн санариптик жана кагаз алып жүрүүчүлөрдө берүү же архивдик документтерде арыз ээсине керектүү маалымат жок болгон учурда терс жооп берүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү токтотуп турууга болбойт.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болуучу ченемдик-укуктук документтер:
-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому (2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык) (мындан ары-Стандарт);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-январындагы №33 “КМШга катышкан мамлекеттердин архив маалыматын пайдалануу тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу” токтому (мындан ары-Макулдашуу);
-Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы №46/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери (мындан ары-Негизги эрежелер);
-Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабрындагы №130 буйругу менен бекитилген социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматынын мекемелери үчүн нускама (мындан ары-Нускама).
2. Кызмат көрсөтүүлөр процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Тапшырыктын (суроо-талаптын), анкета-арыздын келип түшүшү | Каттоо “Электрондук каттоо” АМСте жүргүзүлөт. Тапшырык же анкета аткарууга берилет. |
2. |
Архивдик документтерди көчүрүү үчүн суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруу | Керектүү маалымат бар болсо, мамлекеттик архивге сактоого түшкөн документтер боюнча аткарылат; Баш тартуу далилдүү түзүлөт; Мамлекеттик кызмат көрсөтүү же арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн баштапкы текшерүү жана арыз берүүчүнүн документтерин каттоо. |
3. | Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү | - Арыз ээсинин өзүнө архивдик документтердин көчүрмөлөрүн же терс жоопту берүү - Алуучу арызга документти алган датаны көрсөтүү менен кол коет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөсү
Жол-жобонун аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо Тапшырыктын (суроо-талаптын), анкета-арыздын келип түшүшү | ||||
1.1 иш-аракет
Суроо-талаптын же анкета-арыздын келип түшүшү | Мамлекеттик архивдин суроо-талаптарды, арыздарды каттоого алуучу кызматкери
| 10 мүнөттөн ашык эмес
| Каттоого алынган (тапшырык) суроо-талап же анкета-арыз.
| -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; -Типтүү нускама; -Негизги эрежелер; -Стандарт. |
1.2-иш-аракет
Тапшырыкты аныктоо жана арыз ээсине аткаруу же баш тартуу жөнүндө маалымдоо | Суроо-талаптарды, арыздарды каттоого алуучу мамлекеттик архивдин кызматкери | 5 мүнөттөн ашык эмес | Кызматкер ушул административдик аракетти аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү: -Суроо-талаптын (тапшырыктын) ушул архивге тиешелүүлүгүн аныктоо, эгерде документтин колдонууга чек коюлса, жашыруундук грифи бар болсо, же документ жок болсо, анда далилдүү баш тартуу. - Толук жана компетентүү жооп берүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү | -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондужөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; -Типтүү нускама; -Негизги эрежелер; -Стандарт; -Нускама. |
1.3-иш-аракет Жетекчинин кароосуна билдирмени киргизүү, жетекчинин тапшырыкка же анкета-арызга виза коюусу | Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Архивдик документтин көчүрмөсүн алууга уруксат берүү | -Нускама |
1.4-иш-аракет Суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруучуга берүү | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | 5 мүнөттөн ашык эмес | Суроо-талап же тапшырык аткарууга берилди | -Нускама |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Суроо-талап же анкета-арыз (тапшырык) аткарууга берилди | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: Жалпы кызмат көрсөтүүнүн убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу | ||||
2-жол-жобо : Архивдик документтерди көчүрүү үчүн суроо-талапты (тапшырыкты) же анкета-арызды аткаруу | ||||
2.1-иш-аракет Архив сактоочу жайдан архивдин кызматкеринин тапшырыгы боюнча көктөмөлөрдү алуу (талап) | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | 15 мүнөттөн ашык эмес | Карап чыгуу үчүн алынган көктөмөлөр | -Негизги эрежелер; -Нускама.
|
2.2-иш-аракет Көчүрүү үчүн көктөмөлөрдү карап чыгуу (арыз ээси), документтерди тандоо | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | Иштин көлөмүнө жараша | Арыз ээси тарабынан каралып чыккан архивдин илимий-маалымдама аппараты (көктөмөлөрдүн тизимдери, маалымат базасы, архивдин жол көрсөткүчү ж.б) | -Негизги эрежелер; -Нускама.
|
2.3-иш-аракет Архивдик документтерди көчүрмөлөө
| Суроо-талапты же арызды аткаруучу кызматкер (ксерокөчүрмө) же Илимий-маалымдама аппараты бөлүмүнүн кызматкери (сканерден өткөрүү) | Иштин көлөмүнө жараша | Документтердин көчүрмөлөрү (көчүрмөлөнгөн же сканерден өткөрүлгөн документ) | - Негизги эрежелер; - Иштин негизги түрлөрүнө убакыттын жана аткарылган жумуштун көлөмүнүн типтүү ченемдери.
|
2.4-иш-аракет Көктөмөлөрдү кайра кайтаруу: барактап текшерүү(окуу залынын башчысы, кызматкер) | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматчы | Иштин көлөмүнө жараша | Документтердин бүтүндүгү жана сакталышы | -Негизги эрежелер; -Нускама.
|
2.5-иш-аракет Көчүрмөлөнгөн (Негиз) документти күбөлөндүрүү жана аткаруучунун колу | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | Иштин көлөмүнө жараша | Таризделген документ жана архивдик документтердин көчүрмөлөрүн көктөө (тигүү) | -Нускама; -Негизги эрежелер. |
2.6-иш-аракет Жетекчинин колу, штамп жана мекеменин мөөрү
| Архивдин жетекчиси | 10 мүнөттөн ашык эмес | Кол коюлган жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн архивдик документтердин көчүрмөлөрү | -Нускама; -Негизги эрежелер. |
2.7-иш-аракет Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер | 10 мүнөттөн ашык эмес | Кызмат көрсөтүүлөр боюнча банкка төлөө үчүн архивдик мекеменин маалымдаректери | -Баалардын прейскуранты |
2-жол-жобонун тиби: атайын | ||||
2-жол-жобонун узактыгы : иштин көлөмүнө жараша | ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы:Документтердин көчүрмөлөрү (көчүрмөлөнгөн же сканерден өткөрүлгөн документ ); | ||||
3-жол-жобо: Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү | ||||
3.1-иш-аракет Арыз ээсин кабыл алуу жана берилген архивдик маалым каттарды, документтен көчүрмөлөрдү жана көчүрмөлөрдү каттоо журналына жазуу (автоматташтырылган каттоо) | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер
| 10 мүнөттөн ашык эмес | - Бланктын датасы жана коюлган каттоо номери | -Нускама; -Негизги эрежелер. |
3.2-иш-аракет Архивдик документтин көчүрмөлөрүн берүү | Суроо-талапты же анкета-арызды аткаруучу кызматкер
|
3 мүнөттөн ашык эмес | Көчүрмөнү же сканерден өткөрүлгөн архивдик документти берүү | -Негизги эрежелер
|
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес | ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: көчүрмөнү же сканерден өткөрүлгөн архивдик документти берүү | ||||