Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 4-майы № 67
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
(КР 2008-жылдын 26-февралындагы № 16, 2009-жылдын 15-июлундагы № 214, 2011-жылдын 3-майындагы № 17, 2013-жылдын 15-июлундагы № 144, 2015-жылдын 17-февралындагы № 35, 2016-жылдын 27-июлундагы № 148, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир адамдын кайрылуу укугун жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын кароо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) жарандын кайрылуусу (мындан ары - кайрылуу) - жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки формада баяндалган сунуш, арыз, даттануу;
электрондук кайрылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын электрондук почтасынын расмий дарегине же электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму аркылуу келип түшкөн, ушул Мыйзамдын 6-1-статьясында белгиленген тартипте каралуучу арыз ээсинин кайрылуусу;
2) сунуш - мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштерин жакшыртуу, мамлекеттин жана коомдун ишинин экономикалык, саясий, социалдык маданий жана башка чөйрөлөрүнүн маселелерин чечүү боюнча жарандын сунуштарын камтыган кайрылуу;
3) арыз - жарандын өзүнүн конституциялык укуктары менен эркиндиктерин же башка адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралу жарандын өтүнүчүн камтыган кайрылуу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтер жөнүндөгү билдирүү;
4) даттануу - жарандын анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчүн камтыган кайрылуу;
5) жекече кайрылуу - бир жарандын кайрылуусу;
6) жамааттык кайрылуу - эки же андан ашуун жарандын кайрылуусу, жарандардын атынан уюмдардын кайрылуусу, ошондой эле митингдердин жана жыйналыштардын резолюциялары;
7) кызмат адамы - бийлик өкүлүнүн иш-милдеттерин туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткаруучу адам.
(КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 144, 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн негизги принциптери
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иштеринин негизги принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
2) мыйзамдуулук, демократиялуулук, жеткиликтүүлүк;
3) кайрылууларды кароонун милдеттүүлүгү;
4) кайрылуулардын өз убагында каралышы, калыстыгы жана толуктугу;
5) кайрылууларды караган учурдагы жарандардын теңдиги;
6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;
7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.
(КР 2008-жылдын 26-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү мыйзамдар