Загрузка документа…
| 4-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Документтерди архивдик мекеменин аймагында убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы №42
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдери тарабынан (КР КФФД БМАдан тышкары);
- облустук мамлекеттик архивдер тарабынан;
- Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви тарабынан;
- шаардык мамлекеттик архивдер тарабынан;
- райондук мамлекеттик архивдер тарабынан.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезекте күтүү жана суроо-талапты кабыл алуу 20 мүнөттөн ашык эмес; документти издөө жана берүү убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес. Архивдик мекеменин аймагында (окуу залы) документтерди пайдалануунун чектелген мөөнөтү - 30 күндөн ашык эмес. 30 жумуш күнү өткөндөн кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн узартуу зарыл.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) жазуу түрүндө арыз
б) ким экендигин ырастоочу документ;
в) өздүк архивдин документтерин пайдалануу үчүн фонд түзүүчүнүн (эгерде каза болсо, жакын туугандарынын уруксаты) уруксаты (фонд түзүүчү талап кылган кезде);
г) чет өлкөлүк жарандар үчүн - чет өлкөлүк жаранды кабыл алган чет өлкөнүн мекемесинин конкреттүү документтерди пайдаланууга уруксат берүү тууралуу өтүнүч каты;
д) юридикалык жактар өкүлүнүн укуктарын тастыктаган кошумча документ берет (ишеним кат).
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: окуу залына, мамлекеттик органдардын документтери менен иштөө үчүн өзүнчө бөлмөлөргө архивдик документтерди берүү
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө негиз болуучу ченемдик - укуктук документтер:
- КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
- КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамы;
- КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамы;
- КРӨ 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому (мындан ары – Стандарт);
- КРӨ 2000-жылдын 20-январындагы № 33 «КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда архивдик маалыматты пайдалануу принциптери жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө» (мындан ары – Макулдашуу);
- Мамлекеттик архив агенттигинин 2009-жылдын 17-августундагы № 46/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери” (мындан ары – Негизги эрежелер);
- Архив агенттигинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 130 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы тарабынан социалдык-укуктук маанидеги суроо-талаптарды аткаруу боюнча нускама” (мындан ары – Нускама);
- Архив агенттигинин ЭТУКтун (эксперттик текшерүү-усулдук комиссия) 2008-жылдын 27-мартындагы № 4-чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин окуу залында пайдалануучулардын иштөө эрежелери” (мындан ары – Иштөө эрежелери).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Суроо-талапты, арызды, катты (өзү кайрылганда же эл. почта аркылуу) кабыл алуу | а) Арыз ээси мамлекеттик архивге өзү кайрылган учурда суроо-талапты кабыл алуу; б) Электрондук почта аркылуу келген суроо-талапты кабыл алуу; |
2 | Мамлекеттик архивдин окуу залына киргизүү же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, эгер ага уруксат берүү мыйзам тарабынана чектөө коюлган болсо жана зарыл документтер болбогон учурда (ушул Регламенттин 3-п. 3.2. п. көрсөтүлгөн) | КР «КР Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык |
3. | Архив сактоочу жайдан архивдик документтерди берүү | Архивдик фонддорго, документтерге маалымдагыч-издөө каражаттарын (илимий-маалымдоо аппараты) берүү |
4 | Архив сактоочу жайга архивдик документтерди кайтаруу | Документтерди көчүрмөлөөгө тапшырык берүү |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документтер | |||
1. | 2. | 3. | 4. | 5. | |||
1-жол-жобо. Суроо-талапты, арызды, каттарды кабыл алуу а) Мамлекеттик архивге арыз ээси өзү кайрылганда суроо-талабын кабыл алуу | |||||||
1.1-иш-аракет Арыздарды жана каттарды кабыл алуу
| Архив мекемелерининжетекчилери
| Кезекте күтүү, арыздарды жана каттарды кабыл алуу 20 мүнөттөн ашык эмес | |||||