Загрузка документа…
| 25-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“ID-card формасындагы паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү: алмаштыруу боюнча, бузулгандыгы боюнча, жоголгон паспортту калыбына келтирүү боюнча, эркинен ажыратуучу жайдан бошогондугу боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 40
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары текст боюнча – ЖААЖКПК бөлүмдөрү) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери (мындан ары текст боюнча - КТБ) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
(а) арызды кабыл алуу жеке кайрылганда 10-20 мүнөт, кезек күтүүнү эске албаганда;
(б) анкета-арызды толтурган датадан тартып жалпы тартипте паспортту даярдоо жана берүү 12 жумуш күн;
(2) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- анкета-арыз, ЖААЖКПК бөлүмдөрүнүн жана/же КТБнын кызматкери тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:
1) 16 жашка толгондо:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же арыз ээсинини жарандыгын аныктоо үчүн күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү (паспорттордун) - КБМРде маалымат болбогондо;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн.
б) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
в) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан паспорт;
г) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда:
- паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча - алмаштырылып жаткан паспорт;
- жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу - алмаштырылып жаткан паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк, никелешүү/никени бузуу тууралуу күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк- КБМРде маалымат болбогондо;
д) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда:
- алмаштырылып жаткан 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жоголгон учурда туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
е) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:
- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.
ж) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы;
з) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:
- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;
к) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРда маалымат болбосо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк- КБМРде маалымат болбогондо;
- никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат болбогондо;
л) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары текст боюнча – Нускама);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары текст боюнча – Жобо”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 токтому);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтому (мындан ары текст боюнча - КРӨнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому);
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (мындан ары текст боюнча - идентификацифлык карта) тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү
| - паспортту тариздөөгө документтер ЖААЖКПК бөлүмдөрүнүн жана КТБнын кызматкерлери тарабынан кабыл алынат; - документтер мыйзамдарга ылайык толуктугуна, оңдоолордун жана жасалмалоонун белгилеринин болуусуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздемелер аныкталган учурда ЖААККПК бөлүмүнүн жана КТБнын жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ЖААККПК бөлүмүндө жана/же КТБда калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет. - фотосүрөт арыз ээсинин тышкы келбети менен салыштырылып текшерилет, фотосүрөттүн сапатына баа берилет, тышкы өңү-түсү өзгөрсө медициналык маалымкаттын болуусу.
|
2 | Анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү | - анкета-арыз ЖААККПК бөлүмүнүн/КТБнын кызматкери тарабынан толтурулат; - идентификациялык картаны алуу үчүн анкета-арыз электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү портал боюнча берилет. Анкета-арыз корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу Мамлекеттик жекелештирүү борборуна электрондук түрдө жиберилет, анкета-арызга тиркелген документтер сканерленип, анкета-арыз менен бирге жөнөтүлөт. |
3 | Идентификациялык картаны берүү | идентификациялык карта арыз ээсинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өз колуна берилет. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||
1-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын жаранынын ID-card формасындагы паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алуу жана текшерүү | |||||||
1.1. Идентификациялык картаны алуу үчүн кайрылган арыз ээсин кабыл алат; 1.2. Документтердин ушул Административдик регламент менен белгиленген тизмекке шайкештигине жана оңдоолордун жана жасалмалоонун болуусуна карата текшерет; - берилген документтер бардык талаптарга шайкеш келген учурда анкета-арызды “Паспорт” АМСте тариздейт; - эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке шайкеш келбесе, документтер тизмекке ылайык берилүүсү сунушталат. - берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган учурда документтерди кабыл алып жаткан кызматкер бардык иш-аракеттерди токтотот, 3 нускада акт түзөт жана укук коргоо органдарынын же жетекчиликтин акыркы чечимине чейин документтерди кабыл алууну токтотуп турат; - керектүү документтер болбогон же белгиленген талаптарга шайкеш келбеген табылган фактылар жоюлбаган учурда идентификациялык картаны алууга документтерди тариздөөдөн баш тартат; -эгерде жаран баш тартуунун жазуу түрүндө таризделишин өтүнсө, жарандын арызын берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө кабыл алат, арызды кириш кат-кабарлар каттоо журналында каттайт, жетекчинин кароосуна киргизет; - жетекчинин резолюциясы алынгандан кийин суроо-талапты жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө карайт; -тиешелүү жооптун долбоорун жазуу түрүндө даярдайт жана жетекчиге кол коюуга киргизет; -жоопко жетекчинин колу коюлгандан кийин, аны чыгыш кат-кабарлар каттоо журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча жөнөтөт. | ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкери | документтер талапка шайкеш келген учурда 5-10 мүнөт | документтерди кабыл алуу же документтерди кабыл алууда баш тартуу жөнүндо чечим | -Нускама; - Жобо; - КРӨнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 токтому; - КРӨнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому. | |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу | |||||||