Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2024-жылдын 2-августундагы ПЖ № 216 , 2026-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 219 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча арыздарды тариздөөнүн жана берүүнүн, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоонун тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыгынын бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кабарлоонун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуунун тартибин жана негиздерин белгилейт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 219 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
2) ким экендигин ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан адамдын статусун ырастоочу документ, ал эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн жана Кыргыз Республикасы тарабынан ушул сапатта таанылган;
3) жашап турууга уруксат - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
4) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далили бар адамдар;
5) жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы боюнча далилдери жок адам;
6) Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - маалыматтарды чогултуу, сактоо, жаңылоо жана талдоо үчүн арналган Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирилген эсепке алуу системасы;
7) Кыргыз Республикасында тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - адамдардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө визаларды жана уруксаттарды, убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксатты берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында келген (жашаган) жери боюнча каттоо боюнча маалыматтык система;
8) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу документ;
9) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же андан чыгуу жөнүндө арыз - Кыргыз Республикасынын Президентинин атына даректелген, арыз ээсинин, жакын туугандарынын (мындайлар болсо) жеке маалыматтарын камтыган, аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан электрондук жана кагаз түрүндө таризделүүчү арыздар;
10) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле арыз ээси камкордугунда турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;
11) чек арага чектеш мамлекеттер - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттер: Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы;
12) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
13) аймактык бөлүмдөр - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан жарандык маселелери боюнча арыздарды кабыл алууну, тариздөөнү ишке ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү;
14) чет өлкөдөгү мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриясы (бөлүмү) жана консулдук мекемеси;
15) электрондук колтамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат.
16) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 219 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, жарандык маселелер боюнча берилген, чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтер Кыргыз Республикасында алардын консулдук легализациясы же апостили болгондо жарактуу деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын/таандык эместигин аныктоого документтер, белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, арыз ээсинин жеке өзү тарабынан берилет.
Жарандык маселелери боюнча бардык документтер аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан АМС аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 219 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Арыздардын, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо милдеттенмелеринин, маалымкаттардын, корутундулардын, башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жаранынын кабарлоосунун, жашап тургандыгы жөнүндө актынын формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.