Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020- жылдын 15-июнундагы № 1 буйругуна ылайык) |
Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартиби (мындан ары - Тартип) пробация органдарына волонтерлорду тандоону жана алардын иштөө тартибин жөнгө салат.
2. Пробациянын волонтерлорунун иштөөсү Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтому менен бекитилген Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартибине, ошондой эле ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) пробация кызматкерлери - пробация чөйрөсүндө, анын ичинде психологиялык жана социалдык иш менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жарандык кызматчылар;
2) пробация кардары – статусу Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренеси менен аныкталган жеке жак;
3) пробация волонтеру (мындан ары - волонтер) - Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин талаптарына шайкеш келген жеке жак;
4) пробация органы - коомдон обочолонтуу жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган жазык жазаларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Пробация чөйрөсүндөгү волонтердук иш алып баруу төмөнкү принциптер менен жүргүзүлөт:
1) пробация волонтерлорунун ишинин акысыздыгы, ыктыярдуулугу, мыйзамдуулугу;
2) волонтердук ишти жүзөгө ашырууда маалыматтын айкындуулугу жана жалпыга жеткиликтүүлүгү;
3) гумандуулук, волонтердук ишти жүзөгө ашырууда адамдын укуктары менен эркиндиктерин сактоо;
4) жынысына, туткан динине, улутуна, тилине, социалдык статусуна, курагына карабастан бардыгынын теңчилиги;
5) тилектештик, ак-ниеттүүлүк жана волонтердук иштин катышуучуларынын кызматташтыгы.