Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин
“Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана
жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
сертификаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө”
“4” октябрындагы 2021-ж. № 291 буйрукка
Тиркеме
Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жол-жобо (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Бир катар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым тартиптерди иштеп чыгуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү” №530 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана ал эл аралык автомобиль ташуучулардын кошумча билим алуусуна жана кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкештөө маселелерин жөнгө салат, эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын (мындан ары - жооптуу адамдар) кесиптик компетенттүүлүгүн жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүүнү тастыктоону белгилейт.
2. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган) кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү компетенттүү орган болуп саналат.
3. Автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашып, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык, эл аралык автомобиль ташуучулардын кошумча билим алуу жана кесиптик компетенциясына бирдиктүү талаптардын негизинде бирдиктүү программаларды иштеп чыгат.
4. Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окутуу (мындан ары - кошумча окутуу) - эл аралык автомобиль ташууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын квалификациясын жогорулатуу;
бирдиктүү программалар - кошумча окутуу жана кесиптик компетенттүүлүк боюнча бирдиктүү талаптарга ылайык иштелип чыккан жана транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окутуунун программалары;
автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү компетенттүү орган - автомобиль транспорту жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган КМШга мүчө мамлекеттердин башкаруу органдары;
эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу чөйрөсүндөгү компетенттүү орган - эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенциясы үчүн кошумча окутуу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу башкаруу органы;
эл аралык автомобиль транспорту - жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү автотранспорт каражаты менен Кыргыз
аймагынан тышкары жерлерде же Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу, ошондой эле автотранспорт каражаты менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен жүк же жүргүнчүлөрдү ташуу;
эл аралык автомобиль ташуучу - эл аралык ташууда мыйзамдарга ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;
кесиптик компетенттүүлүк - эл аралык автомобиль ташууларын уюштуруу үчүн зарыл болгон билимдин, көнүмдөрдүн жана тажрыйбанын жыйындысы;
кесиптик компетенттүүлүккө коюлуучу талаптар - эл аралык ташууларда ташууларды жүзөгө ашырган автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлине карата негизги талаптарды аныктаган документ;
кошумча окутууга жана кесиптик компетенттүүлүккө коюлган талаптар - эл аралык ташууларда ташууларды жүзөгө ашырган автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенциясы үчүн кошумча окутуу программаларынын минималдуу мазмунуна карата негизги талаптарды аныктаган документ.
2-глава. Эл аралык автомобиль ташууларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга талаптар
5. Эл аралык автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн автомобиль транспорту жаатындагы транспорттук ишмердүүлүктүн дисциплиналарын окуп-үйрөнүүнү кошкондо, жогорку же орто атайын билимге ээ болгон же эл аралык автомобиль ташууларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдарды кайра даярдай турган жана квалификациясын жогорулатуучу билим берүү мекемесинде кайра даярдоодон жана (же) квалификациясын жогорулатуудан өткөн адам жооптуу болуп дайындалат.
Белгиленген тартипте автомобиль ташууларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу болуп дайындалган адам, ушул Тартип күчүнө киргенге чейин, кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окуудан өтүшү керек.
6. Эгерде жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын милдеттерин аткарса, 5-пункттун жоболору транспорттук чөйрөдөгү мамлекеттик орган бекиткен программага ылайык автомобиль ташууларды жүзөгө ашыруу курсун аяктаган жеке ишкерге (мындан ары - автомобиль ташууларды жүзөгө ашыруу курсу) жайылтылбайт.
7. Автомобиль ташууларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу адам, беш жылда бир жолудан кем эмес автомобиль ташууладры уюштурууга жана аткарууга жооптуу адамдарды кайра даярдаган жана квалификациясын жогорулаткан билим берүү мекемесинде квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Эгерде жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын милдеттерин аткарган болсо, анда ал тарабынан автомобиль ташуулар боюнча курстун аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк берүү боюнча чечим алынган күндөн баштап беш жыл бою күчүндө болот.
8. Автомобиль ташууларды ишке ашыруу курсун аяктагандыгы жөнүндө сертификаттын формасы автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Күбөлүктүн бланктары автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан мамлекттик жана расмий тилдерде басылып чыгарылат.
Күбөлүк типографиялык ыкма менен даярдалат жана коопсуздук тутумуна ээ.
9. Кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктаган күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) жок жооптуу адам, кызматка дайындалгандан кийин үч айдын ичинде күбөлүк алып, кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоого милдеттүү.
10. Кесиптик компетенттүүлүктү тастыктоо үчүн жооптуу адам автомобиль ташууларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдарды (мындан ары - кесиптик билим берүүчү уюм) кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырган кесиптик билим берүү уюмунда кошумча окутуудан жана аттестациядан өтүүгө жана күбөлүк алууга милдеттүү.
Эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутууну эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу жаатында жана автомобиль транспорту жаатында компетенттүү орган тарабынан ыйгарым укук берилген окутуу уюмдары жүргүзөт.
11. Кошумча окутуу автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилген программаларга ылайык жүргүзүлөт.
12. Кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
- жогорку же орто атайын билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (дубликат);
- эмгек китепчесинен көчүрмө (анын дубликаты);
- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы аттестациялык баракча.
13. Кошумча окутуу, аттестациялоо жана жооптуу адамга күбөлүк берүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Жооптуу адам же ал иштеген уюм кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн акы төлөй алат.
Кошумча окутуунун тарифтери Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке адамдарды кайра окутуучу жана квалификациясын жогорулатуучу билим берүү мекемеси тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу органы менен макулдашуу боюнча белгиленет.
14. Жооптуу адамдын билимин текшерүү жана анын кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо үчүн аттестация жүргүзүлөт. Аттестацияга кошумча окутуудан өткөн жооптуу адамдар кабыл алынат.
Аттестация компьютер сыноо түрүндө жүзөгө ашырылат.
15. Аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү үчүн билим берүү мекемеси туруктуу аттестациялык комиссия түзөт. Анын курамына республикалык мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
Аттестациялык комиссиянын курамы билим берүү мекемесинин буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы билим берүү мекемесинин башчысы, ал жок болсо анын орун басары дайындалат.
16. Аттестация комиссиясы:
- жооптуу адамдын белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
- кошумча окутуудан өткөн жооптуу адамдарга, компьютердик сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу боюнча маалымат берет;
- экзамен алат;
- өз отурумдарында сынактын натыйжаларын карайт жана алардын жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколун түзөт;
- аттестацияга байланыштуу башка функцияларды аткарат.
17. Аттестациялык комиссиянын катчысы:
- аттестациялык комиссиянын ишине, анын ичинде анын жыйналыштарын өткөрүүгө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- аттестациянын датасын, убактысын жана ордун жана аттестациялык комиссиянын отурумун аныктайт;
- өзүнүн отурумдарынын протоколуна кол коет;
- аттестацияга байланыштуу башка функцияларды аткарат.
Ал жок болгон учурда, аттестациялык комиссиянын төрагасынын милдеттерин аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
18. Аттестациялык комиссиянын катчысы:
- аттестация үчүн документтерди даярдайт, иш кагаздарын жүргүзөт;
- аттестациянын күнү, убактысы жана орду жөнүндө аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнө жана аттестацияга киргизилген жооптуу адамдарга ага чейин беш күндөн кечиктирбестен кабарлайт;
- аттестациялык комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коет.
19. Жооптуу адам аттестацияга анын инсандыгын тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин киргизилет, ал эми бул документтери жоктор же жүйөлүү себепсиз аттестацияга кечигип калгандар келбей калган деп эсептелет.
20. Эгерде жооптуу адам белгиленген убакытта аттестацияга келе албаса, анда ал өткөрүлө турган күнгө чейин бир күндөн кечиктирбестен аттестациялык комиссиянын катчысына билдирүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн талап аткарылганда, ошондой эле аттестациялык комиссия аттестацияга келбегендигинин жүйөлүү себебин тааныган өзгөчө учурларда, жооптуу адам аттестациядан өтүү үчүн аны менен макулдашылган жооптуу адамдардын кийинки же башка тобуна киргизилет.
21. Ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аттестацияга келбеген жооптуу адамдар аттестациядан өтпөгөн деп таанылат.
22. Аттестация аттестациялык комиссиянын жалпы курамынын кеминде жарымынын катышуусунда өткөрүлөт.
23. Аттестация учурунда жооптуу адамга ченемдик укуктук актыларды, маалымдама же атайын адабияттарды, байланыш каражаттарын колдонууга жана башка адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. Ушул талаптарды бузган жооптуу адам аттестациядан өтүүдөн четтетилет жана аттестациядан өтпөй калды деп таанылат.
24. Компьютердик тестирлөөдөн өтүп, жооптуу адамга анын жыйынтыгын кагаз жүзүндө бергенден кийин, жооптуу адам аларга кол коюуга милдеттүү. Жооптуу адам тестирлөөнүн жыйынтыгына кол койбосо, аттестациядан өткөн эмес деп эсептелет.
25. Компьютердик тестирлөөнүн натыйжаларын оң деп табууга негиз болгон туура жооптордун саны, экзамендик тестте камтылган суроолордун сексен пайызынан кем болбошу керек.
26. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча, аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколу түзүлөт, тиешелүү жазуулар аттестациялык баракчага киргизилет.
27. Аттестацияланган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде, аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколунун негизинде, билим берүү мекемеси аттестациядан өткөн (өтпөгөн) жана ушул тартиптин 5-тиркемесине ылайык формадагы күбөлүктөрдү берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө буйрук чыгарат.
Жооптуу адамга күбөлүк берүүдөн баш тарткан учурда, буйрукта баш тартуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш.
28. Жооптуу адамга күбөлүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:
- жооптуу адамды аттестациядан өтпөгөн деп таануу;
- жооптуу адамдын аттестациядан баш тартуусу;
- жооптуу адамдын жүйөлүү себепсиз аттестацияга келбей калышы.
29. Аттестациянын натыйжалары жөнүндө жооптуу адамга билим берүү мекемеси чечим кабыл алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аттестациялык комиссиянын катчысы билдирет.
Аттестациянын жыйынтыктары менен макул болбогон учурда, жооптуу адам мыйзамдарда белгиленген тартипте жыйынтыктарга даттанууга укуктуу.
30. Күбөлүккө окуу жайдын жетекчиси кол коет жана билим берүү мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Күбөлүктүн бланкы - белгилүү деңгээлде корголгон бланктын документи болуп саналат.
31. Күбөлүктөрдүн бланктарын чыгарууну уюштуруу автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган же ал ыйгарым укук берген уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Күбөлүктү берүүдөн баш тарткан учурда, жооптуу адам кайрадан аттестация үчүн акы төлөнгөн шартта, эки айдын ичинде билим берүү мекемеси тарабынан аттестациядан өтүүгө кабыл алынышы мүмкүн.
33. Кайра аттестациядан өтүү үчүн жооптуу адам аттестациялоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
- ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы аттестациялык баракча.
34. Күбөлүк беш жылга жарактуу.
35. Күбөлүктү жоготкон жооптуу адам, аны берген кесиптик билим берүү уюмуна күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
36. Күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, жооптуу адам өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү үчүн негиздер пайда болгондон кийин бир айдын ичинде тиешелүү күбөлүктү берген кесиптик билим берүү уюмуна тиешелүү арыз менен кайрылууга милдеттүү. Арыз берүүдө жооптуу адам күбөлүккө өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү үчүн негиздерди тастыктаган документтерди көрсөтүүгө жана документтердин көчүрмөлөрүн арызга тиркөөгө милдеттүү.
Өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенден кийин жооптуу адамга мурда берилген күбөлүктүн берилген күнүн жана номерин сактоо менен жаңы формадагы күбөлүк берилет.
Жаңы бланкта берилген күбөлүктү алгандан кийин жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмуна мурда берилген күбөлүктүн түп нускасын (дубликатын) тапшырууга милдеттүү.
37. Күбөлүктүн дубликатын берүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү, бардык зарыл документтерди тиркөө менен, арыз берилген күндөн тартып он күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
38. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму кошумча окутуу, аттестациялоо жана күбөлүктөрдүн мөөнөтү бүткөндөн кийин беш жыл бою документтерди каттоону жана сактоону камсыз кылат.
3-глава. Эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгү үчүн кошумча окутууларды өткөргөн КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү уюмдарынын тизмесинин аныктамалары
39. Эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгү үчүн кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюмдары) тизмесин аныктоо - бул эл аралык автомобиль ташуучуларды кошумча окутуу жана автомобиль транспорту жаатында компетенттүү органдын окутуу процессинин сапатына жана кошумча окутуунун бирдиктүү талаптарына ылайык иштелип чыккан бирдиктүү программаларга ылайык эл аралык автомобиль ташуучуларды окутуучу бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарына карата коюлган талаптарына ылайык билим берүүчү уюмдардын билим берүү ишин жүзөгө ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн тастыктаган жол-жобо.
40. Билим берүү уюмдарынын тизмесин автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган аныктайт.
41. Тизмени аныктоонун максаттары:
- билим берүү кызматтарынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу;
- билим берүү процессинин сапатын көз карандысыз эксперттик контролдоо.
Окуу процессин аныктоонун негизги принциптери:
- объективдүүлүк;
- компетенттүүлүк;
- маалымдуулук.
42. Тизмеге киргизүү үчүн өбөлгөлөр:
- билим берүү уюму кошумча кесиптик билим берүү жаатында билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензияга ээ болсо;
- сурануучу-билим берүү уюмдарынын экспертизасынын жыйынтыгы боюнча оң корутунду.
43. Билим берүү уюмдарынын экспертизасы - бул эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу чөйрөсүндөгү компетенттүү органдын талаптарына шайкештигин комплекстүү баалоо.
44. Тизмеге киргизүү ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык, жетекчиси тарабынан берилген билим берүү уюмунун талабы боюнча жүргүзүлгөн эксперттин оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
1) Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү (лицензияга тиркеме менен бирге, анда билим берүү ишинин уруксат берилген багыттары көрсөтүлгөн);
- окутулган курстар, материалдык-техникалык база жана окутуучулар жамааты жөнүндө маалымат ушул Тартиптин 7,8,9,10 тиркемелернде көрсөтүлгөн формага ылайык.
Документтердин көчүрмөлөрү окуу жайдын жетекчисинин колу жана мөөр менен бекитилиши керек.
2) Экспертизанын максаты - бирдиктүү программалардын мазмунуна жана сапат критерийлерине ылайык эл аралык автомобиль ташуучулардын кошумча окутуу боюнча иш-чараларды сапаттуу жүргүзүү үчүн билим берүү уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн баалоо.
3) Билим берүү уюмунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу жаатында компетенттүү органдын өкүлдөрүнөн эксперттик комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы транспорт жаатындагы мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Экспертизанын мөөнөтү каттоодон өткөн учурдан тартып белгиленет жана эки айдан ашпоого тийиш.
4) Эксперттик корутундунун долбоорун даярдоодо комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнө берилген бардык документтерге экспертиза жүргүзүүнү тапшырат.
Зарыл болго учурларда, комиссиянын мүчөлөрү билим берүү уюмуна барса болот.
5) Эксперттик корутунду комиссиянын отурумунда анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 2/3 катышуусу менен бекитилет. Комиссиянын чечими комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет. Эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү билим берүү уюмуна жөнөтүлөт.
6) Комиссия милдеттүү түрдө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен билим берүү уюмунун аккредитациясынан баш тарта алат. Комиссиянын терс чечими чыккан учурда, билим берүү уюму баш тартуунун себебин жойгондон кийин экинчи жолу арыз бере алат.
7) Билим берүү уюмунун комиссиясынын оң чечими менен кесиптик компетенттүүлүк боюнча кошумча окутууну жүргүзгөн билим берүү уюмдарынын тизмесине кошулгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет, ал үч жылда бир жолу текшерүү менен белгисиз мөөнөткө берилет.
8) Эгерде билим берүү уюмунун ишинин натыйжаларынын белгиленген талаптарга ылайык келбеген фактылары аныкталса, анда тизмеге киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк мөөнөтүнөн мурда жараксыз деп табылышы мүмкүн. Бул учурда күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө чечим окутуу уюмуна жөнөтүлөт. Бул учурда, тизмеге киргизүү жөнүндө кайталап билдирме билим берүү уюму тарабынан күбөлүктү мөөнөтүнөн мурда алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес берилиши мүмкүн.
9) Тизмеге кирген билим берүү уюмдары автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган бекиткен бирдиктүү программаларга ылайык иштөөгө укуктуу.
Эл аралык автомобиль ташууларды уюштуруу
жана аткаруу жана тиешелүү сертификаттарды
берүү үчүн жооптуу адамдардын кесиптик
компетенттүүлүгүн ырастоонун тартибине
1-тиркеме
Кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окутууга бирдиктүү талаптардын тизмеси
1. Модуль: Укуктук негиздер
Эл аралык жол кыймылынын жалпы шарттары
Каралып жаткан маселелер:
1.1. Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык Комиссиясы, Эл аралык Автотранспорт Бирлиги.
1.2. Эл аралык транспорттук конвенциялар:
- жол кыймылы, жол белгилери жана сигналдары боюнча конвенциялар жана макулдашуулар;
- бажы конвенциясы;
- жүктөрдү эл аралык ташуу келишими жөнүндө конвенция (ЖТКК - ЦМР);
- товарлардын айрым түрлөрүн эл аралык автомобиль транспорту менен ташуу боюнча келишимдер;
- эл аралык транспортто транспорт каражаттарынын экипаждарынын иштөө жана эс алуу режими жөнүндө макулдашуу;
-
1.3. Эл аралык автомобиль ташууларды укуктук жөнгө салуу жана уруксат берүү тутуму:
- эл аралык жол кыймылы боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдер;
- көп тараптуу конвенциялар жана келишимдер;
- ички мыйзамдардын ченемдери.
- КМШга мүчө мамлекеттердеги эл аралык автомобиль ташулардын шарттары жөнүндө негизги маалымат.
Угармандар тарабынан материалды өздөштүрүүнүн сапатынын критерийлери
Тема | Угармандар | |
милдеттүү | оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Эл аралык транспорттук конвенциялар Укуктук жөнгө салуу | Атап чыгуу | Негизги эл аралык конвенциялар |
Аныктоо | Уруксат берүү тутумунун маңызы | |
«Каботаж» түшүнүгү | ||