Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча КОЛДОНМО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 08 , 2025-жылдын 10-декабрындагы № 11 буйруктарынын редакциясына ылайык)
Бул Кыргыз Республикасында аба кемелеринин тастыктамасын берүү боюнча Колдонмо (мындан ары – Колдонмо) Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин (КРАЭ) талаптарына жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан.
Бул колдонмонун максаты – аба кемелеринин эксплуатанттарынын тастыктамаларын (ЭТ) жана тиешелүү эксплуатациялык спецификацияларды берүү боюнча бирдиктүү тартипти аныктоо. Бул колдонмо Жарандык авиация органынын (ЖАО) инспекторлоруна, аба кемелеринин эксплуатанттарына жана ошондой эле, башка кызыкдар тараптарга керектүү документтерди даярдоо жана тапшыруу жана шайкештикти баалоо жол жоболорун жүргүзүү жана эксплуатациялык талаптарды аткаруу боюнча так жана туруктуу көрсөтмөлөрдү берет.
Бул колдонмонун колдонулушу учуулар коопсуздугун жогорулатууга, эксплуатанттардын улуттук мыйзамдардын талаптарына жана эл аралык авиациялык стандарттарына шайкештигин камсыз кылууга, жана ошондой эле эксплуатанттар менен Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органынынын ортосундагы эффективдүү өз ара аракеттешүүсүнө багытталган.
Бул колдонмодо көрсөтүлгөн бардык жол-жоболор ЖАО инспекторлору үчүн тастыктамалоо жол-жоболорун жүргүзүүдө колдонууга милдеттүү жана эксплуатанттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде аба кемелерин тастыктамалоого даярдоодо жана кийинки эксплуатациялоодо негизги колдонмо катары кызмат кылуусу керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 11 буйругунун редакциясына ылайык)
1-глава. Аныктамалар, түшүнүктөр жана кыскартуулар
1. Ушул Колдонмонун максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр пайдаланылат:
"экипажсыз ижара ("кургак" ижара") - экипажсыз аба кемесин ижаралоо;
"экипаждын бир бөлүгү менен ижаралоо ("нымдуу"ижара") - аба кемесин учуучу экипажы менен, бирок борт коштоочусу жок ижаралоо;
"экипажы менен ижаралоо ("суулуу" ижара") - аба кемеси экипажы менен берилген шарттагы ижара;
"ижара" - ижара деп келишим бүтүмү түшүнүлөт, анын негизинде тийиштүү түрдө лицензияланган авиаташуучу ээлик кылуу укугун өткөрүп бербестен аба кемесине толук коммерциялык контролду алат;
"Финансылык лизинг (финансылык ижара келишими)" -ижарага берүүчү ижарачы көрсөткөн мүлктү ал аныктаган сатуучудан менчикке сатып алууга жана бул мүлктү ижарачыга акысына, ишкердик максаттар үчүн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет. Ижарага берүүчү мындай учурда ижара буюмун жана сатуучуну тандоо үчүн жоопкер болбойт.
"ижарачы" - аба кемесин ижаралаган тарап;
"ижарага берүүчү" - аба кемесин ижарага берген тарап;
"каттоочу мамлекет" - аба кемесин каттоого алган мамлекет;
"эксплуатанттын мамлекети" - эксплуатанттын негизги иш орду жайгашкан мамлекет же, эгерде эксплуатанттын мындай иш орду жок болсо, эксплуатант туруктуу турган жер;
"операциялык лизинг" - авиаташуучунун кошумча аба кемесине болгон шашылыш, көбүнчө сезондук же кыска мөөнөттүк негиздеги керектөөлөрүн камсыз кылат;
"эксплуатанттын тастыктамасы (ЭТ)" - эксплуатантка белгилүү бир коммерциялык аба кемеси менен ташууларды аткарууга уруксат берүүчү тастыктама;
"эксплуатант" - аба кемелерин эксплуатациялоо менен алектенген же ушул жаатта өзүнүн кызматтарын сунуштаган адам, уюм же ишкана;