Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 14-ноябры № 08
«Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуз аба каттамдарына болгон муктаждыгын камсыздоо, жарандык авиация тармагындагы эл аралык принциптерди жана стандарттарды сактоо боюнча милдеттенмелерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315 Жарлыгын аткаруу, улуттук авиациялык тутумду чыңдоо, анын ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмосуна» төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Аталышындaгы «аба транспортунун» деген сөздөр «аба кемесинин» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) Төмөнкүдөй мазмуундагы "Киришүү" бөлүмү менен толукталсын:
«Бул Кыргыз Республикасында аба кемелеринин тастыктамасын берүү боюнча Колдонмо (мындан ары – Колдонмо) Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин (КРАЭ) талаптарына жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан.
Бул колдонмонун максаты – аба кемелеринин эксплуатанттарынын тастыктамаларын (ЭТ) жана тиешелүү эксплуатациялык өзгөчөлөөлөрдү берүү боюнча бирдиктүү тартипти аныктоо. Бул колдонмо Жарандык авиация органынын (ЖАО) инспекторлоруна, аба кемелеринин эксплуатанттарына жана ошондой эле, башка кызыкдар тараптарга керектүү документтерди даярдоо жана тапшыруу жана шайкештикти баалоо процедураларын жүргүзүү жана эксплуатациялык талаптарды аткаруу боюнча так жана туруктуу көрсөтмөлөрдү берет.
Бул колдонмонун колдонулушу учуулар коопсуздугун жогорулатууга, эксплуатанттардын улуттук мыйзамдардын талаптарына жана эл аралык авиациялык стандарттарына шайкештигин камсыз кылууга, жана ошондой эле эксплуатанттар менен Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органынынын ортосундагы эффективдүү өз ара аракеттешүүсүнө багытталган.
Бул колдонмодо көрсөтүлгөн бардык жол-жоболор ЖАО инспекторлору үчүн тастыктамалоо жол-жоболорун жүргүзүүдө колдонууга милдеттүү жана эксплуатанттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары аба кемелерин тастыктамалоого даярдоодо жана кийинки эксплуатациялоодо негизги колдонмо катары кызмат кылуусу керек.»;
3) 1-баптын 1-пункту төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:
«кызматтык позиция» — арыз берүүчүнүн/эксплуатанттын башкаруу (жетекчилик) персоналынын курамындагы, учуу коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу штаттык кызмат орду;
«жооптуу жетекчи (Accountable Manager)» — арыз берүүчүнүн/эксплуатанттын коопсуз ишмердүүлүгүн камсыздоо тармагында эң жогорку ыйгарым укуктарга ээ болгон, башкы (аткаруучу) директордун деңгээлинде иш алып барган кызмат адамы.
4) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Бул Колдонмо документти берүүнүн тартибин белгилейт (мындан ары – Эксплуатанттын тастыктамасы (ЭТ) жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү – Ops Specs) коммерциялык аба ташууларын жүзөгө ашырууну каалаган юридикалык жактын (мындан ары– өтүнмө ээси) Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Нускаманын талаптарына ылайык келүүсүн ырастайт.
5) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: