Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругу менен бекитилген
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөн чарбаларына, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Үрөн жөнүндө", "Кооперативдер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнунда № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.
2. Бул тартип Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууга багытталган, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамлекеттик фонд) түз берүү ыкмасы менен берилет.
3. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин берүү комиссиялык түрдө жүргүзүлөт, комиссиянын курамы райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.
4. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин алууга кайрылууларды кароо талаа иштеринин аякташын эске алуу менен айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик Фонддун жерлери облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан учурда Комиссиянын курамы шаардын мэриясы тарабынан бекитилет.
5. Мамлекеттик фонддун жерлери үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга 5 жылдык мөөнөткө берилиши мүмкүн, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ижарачы Башкалар бирдей шартта башка жактарга караганда 15 жылдык жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө артыкчылыктуу укукка ээ болот.
6. Мамлекеттик Фонддун жерлери ушул Тартиптин 7-8-пунктунун талаптарын эске алуу менен айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө 5 жылга оң натыйжага ээ болгон айыл чарба кооперативдерине жана экономикалык жактан артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине берилет, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ижарачы башка жактарга караганда 15 жылга жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө артыкчылыктуу укукка ээ болот.
7. Айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжага ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине коюлуучу талаптар:
1) айыл чарба ишин ишке ашыруу боюнча инвестициялык долбоор;
2) айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
3) зарыл кадрдык камсыздоонун болушу;
4) пайдаланылып жаткан жерлердин болушу;
8. айыл чарба кооперативдерине карата талаптар;
1) юстиция органдарында белгиленген тартипте катталуу;
2) кооперативдин айыл чарба ишинин мөөнөтү үзгүлтүксүз үч жылдан кем болбошу керек;
3) кооперативдин иш кагаздарын жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүсү;
4) айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
5) зарыл кадрдык камсыздоонун болушу.
Мамлекеттик фонддун жерлерин айыл чарба кооперативдерине берүү 2023-жылдын 1-январынан тартып ушул Тартиптин жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарына шайкештигине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат.
a. Ижара акысынын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү формуланын негизинде белгиленет:
AP1 = Nz × K,
мында
AP1 - 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү;
Nz - жер салыгынын салык ставкасы;
К - 30га барабар коэффициент:
(Мисалы, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районундагы сугат айдоо жерлерин эсептөө:
"AP1 = 400 × 30 = 12000 сом)
b. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин субижарага берүүгө тыюу салынат.
Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин берүү талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Эскертме:
Мал-жандыктын түрү | Шарттуу малдын башы | 1 шарттуу башка ченемдик талаптар (га) |
Ийри мүйүздү мал (ИММ) | 1 | 1 x 1 = 1 |
Жаш мал ИММ | 0,7 | 0,7 x 1 = 0,7 |
Жылкы | 0,5 | 0,5 x 1 = 0,5 |
Кой эчки | 0,2 | 0,2 x 1 = 0,2 |
Чочко | 0,23 | 0,23 x 1 = 0,23 |
Канаттуулар | 0,003 | 0,003 x 1 = 0,003 |