Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган |
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 471 Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2023-жылдын 21-январындагы № 26, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206, 2025-жылдын 21-майындагы № 270 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык иштелип чыккан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү, башкаруу боюнча укук мамилелерин жөнгө салат жана аларды берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижаралоо - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - айыл өкмөтү жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы тарабынан жер участогун ижарачыга айыл чарба максатында пайдалануу укугу менен белгилүү бир акыга белгилүү мөөнөткө берүү;
- ижарачы - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага берүүчүдөн белгиленген тартипте ижарага алган Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагы;
- аукцион - тооруктун түрү, мында эң чоң суммадагы ижара акысын сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
- экинчи жеңүүчү - аукциондо экинчи чоң өлчөмдөгү ижара акысын, ал эми конкурста конкурстун жеңүүчүсүнөн кийинки эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу;
- арыз ээси (талапкер) - тооруктарга катышуу каалоосун билдирген юридикалык жана жеке жак;
- жер-пландоо зонасы - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкаларын башкаруунун жана берүүнүн бирдиктүү ыкмасы белгиленген аймак (жана тиешелүү түрдө анда жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун бардык жер участкалары);
- чет элдик жактар - Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык ушундай деп таанылган жеке жана юридикалык жактар;
- конкурс - тооруктун түрү, мында конкурстук комиссиянын корутундусуна ылайык эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
- лот - пайдалануу укугу тоорукка коюлуп жаткан жер участогу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген жакыр үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын социалдык паспорту бар үй-бүлөсүнүн жан башына жыйынды кирешеси керектөөнүн гарантияланган минималдык деңгээлинен (КГМД) ашпаган үй-бүлөлөр жана жарандар;
- талап болбогон жер участкалары - бул Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун суроо-талапка ээ эмес жерлери;
- бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүсү - мүчөлөргө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунда айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашырган юридикалык жак статусуна ээ бириккен айыл чарба кооперативдери;
- аукционду уюштуруучу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөтү) жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы (мындан ары - Келечек план) - жергиликтүү калктын таламдарын максимум эске алуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин экономикалык жактан максаттуу, сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануунун узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечегин аныктоочу план;
- түз берүү - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жеке жана юридикалык жактарга тоорук өткөрбөстөн, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы;
- социалдык багыттагы субъектилер - жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин эсебинен каржылануучу, иш аракеттери саламаттык сактоого, айыл калкын иш менен камсыздоого, билим берүүгө, тарбиялоого (ооруканалар, мектептер ж.б), социалдык камсыздоого, жарандардын коомдук талаптарын канааттандырууга багытталган уюмдар;
- тооруктар - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн аукциондук, конкурстук түрү;
- катышуучу - тооруктарга катышуу үчүн белгиленген тартипте катталган жеке же юридикалык жак;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду - мамлекеттик менчикте турган жана айыл чарба жерлеринен түзүлгөн (жайытты кошпогондо) жер участкалары;
- үрөнчүлүк чарба - бир же бир нече айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк же көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берүүчү чарбакер субъект;
- асыл тукум чарба - асыл тукум малдарды өстүрүү, асыл тукум продукцияларын (материалдарын) селекциялык максаттарда өндүрүү жана колдонуу, ошондой эле асыл тукум ишине кызмат көрсөтүүчү чарбакер субъект;
- эксперименттик чарба, илим-изилдөө мекемеси, тажрыйба-селекциялык чарба - мал чарба же өсүмдүк өстүрүү тармактарында илим-изилдөө иштерин жүргүзүүчү, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин, ошондой эле айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын жаңы породаларын чыгаруу боюнча селекциялык иштерди аткаруучу чарбакер субъекттер;
- сорт сыноо станциясы, сорт сыноо участогу - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана башка өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдүн сортторун, гибриддерин жана линияларын түздөн түз сыноону ишке ашырган мекемелер;
- айыл чарба кооперативи - кооператив мүчөлөрүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк же башка чарбалык иш үчүн акчалай баага ээ болгон алардын мүлктүк үлүштүк мүчөлүк акыларын бириктирүүнүн негизиндеги мүчөлүккө негизделген ыктыярдуу бирикмеси;
- асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан жогору эмес же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу айыл чарба жерлери.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206, 2025-жылдын 21-майындагы № 270 токтомдорунун редакцияларына ылайык)