Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Озгөчө
кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 20 июнундагы № 1-Д
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тынчтык мезгилде (буюм кызматы боюнча) буюмдук мүлк менен камсыздоо жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо (жабдуу) ченемдери жөнүндө
Жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо буюмдук камсыздоону уюштуруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) аймактык бөлүмдөрүн, Жарандык коргонуу аскерлерин дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо үчүн керектүү шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер:
1) буюмдук камсыздоо – Министрликтин аскер кызматчыларын, кызматкерлерин ар тараптан камсыздоону уюштуруу жана буюм кызматынын материалдык-техникалык каражаттарын жеткирүү боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
2) буюм мүлкү – аскердик, ведомстволук жана атайын коргоочу кийимдер, бут кийим, айырмалоочу белгилер, ич кийим, шейшептер жана керектүү буюмдар, атайын жана санитардык-чарбалык мүлк, чатырлар, брезенттер, спорттук, альпинисттик мүлк жана шаймандар, чыгымдалуучу материалдар;
3) камсыздоочу орган – аскер кызматчылардын жана кызматкерлердин буюмдук камсыздоо тапшырмаларын ишке ашыруучу жана буюм мүлкүн чыгымдоо (жабдуу) ченемдерин колдонуу тартиби боюнча көрсөтмөлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу Министрликтин оорук башкармалыгы (оорук бөлүмү);
4) буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация – аскер кызматчыга ушул Жободо каралган тартипте берүүгө тийиштүү болгон төлөнүүчү буюм мүлкүнүн наркынын акчалай суммасы;
5) күндөлүк чыгымдоо (жабдуу) мүлкү – тынчтык мезгилде күнүмдүк жана атайын тапшырмаларды аткаруу максатында Министрликтин аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин камсыздоо үчүн багытталган материалдык- техникалык каражаттар;
6) кол тийгис запастын мүлкү – Жарандык коргонуу аскерлерин мобилизациялык жайылтууну жана согуш мезгилинде запастарды түзүүнү камсыз кылууга багытталган материалдык-техникалык каражаттар;
7) инвентардык буюмдар (мүлк) – жабдыктар, санитардык-чарбалык, альпинисттик, тоо жабдыктары, күзөт мүлкү жана жылуу буюмдар, атайын кийимдер, жарыкты чагылдыруучу жилеттер, спорт мүлкү жана шаймандар, чатырлар, брезенттер, мончо-кир жуучу комбинат жана душ кабиналары, турмуш-тиричилик тейлөө комбинаттары, буюм мүлкүн тигүү жана оңдоо боюнча бөлүмчөлөр, буюм кампалары, аспаптар, запастык бөлүктөр, мончо-кир жуучу жабдуулар жана шаймандар;
8) буюм кызматы боюнча материалдык-техникалык каражаттар – буюм мүлкү, техникалык каражаттар, кинологиялык кызматтын мүлкү, жабдыктар, спорт шаймандары, буюм мүлкүн тигүү жана оңдоо үчүн материалдар, чыгымдалуучу материалдар жана предметтер, жеке гигиена каражаттары, альпинисттик жана тоо мүлкү, чатырлар, брезенттер, бланктар, каттоо жана отчеттуулук китептери, ошондой эле камсыздоо мүлк кызматына жүктөлгөн башка бланктар жана китептер;
9) камсыздоо (жабдуу) ченемдери – бир аскер кызматчыга, кызматкерге же бир аскердик бөлүккө (бөлүкчөгө (түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу түзүмдөрүнө) берилүүчү предметтердин саны жана алардын пайдалануу (эксплуатациялоо) мөөнөтү;
10) буюм мүлкүн күтүү ченемдери – мөөнөттүү кызматтын бир аскер кызматчысына аскердик бөлүктөрдө күтүлүүгө тийиш болгон ич кийимдин, шейшептердин, жылуу кийимдердин жана сүлгүлөрдүн аталышын жана санын, ошондой эле өз убагында буюм менен камсыз кылууну уюштуруу максатында санитардык-чарбалык мүлктүн предметтеринин санын аныктоочу ченемдер;
11) буюм кызматынын техникалык каражаттары –мончо-кир жуучу комбинаттар жана душ кабиналары, турмуш-тиричилик тейлөө үчүн машиналар, жабдуулар, аспаптар, запастык бөлүктөр, буюм мүлкүн тигүү жана оңдоо боюнча бөлүмдөр жана мүлк кампалары; мончо-кир жуучу жабдуулар жана шаймандар;
12) чыгымдоо материалдары жана предметтер – жиптер, фурнитура, оңдоо жана жуучу каражаттар, даарат кагаз, бет аарчылар, жеке гигиена каражаттары, көктөмө жакалар, чылгоолор, байпактар, пахтадан тигилген жана резина мээлейлер, брезент жана ар кандай материалдан кошулуп тигилген кол каптар, айырмалоочу белгилер, буюм мүлкүн оңдоо үчүн кездемелер жана материалдар, буюм кызматынын техникалык каражаттарын оңдоо жана тейлөө үчүн материалдар жана запастык бөлүктөр, кийимге жана бут кийимге кам көрүүчү каражаттар;
13) алмаштыруу фонду – ар кандай чарбалык иштердин түрүн аткаруу жана техника менен куралдарды тейлөө үчүн кийим катары пайдаланууга жарактуу, пайдалануу мөөнөтү өткөн өтүмсүз буюм мүлкү;
14) технологиялык жабдуу – аскердик кир жуучу жайлар үчүн арналган кир жуучу жабдуулар; турмуш-тиричилик тейлөө комбинаттары, буюм мүлкүн тигүү боюнча бөлүмчөлөр, буюм мүлкүн оңдоо боюнча устаканалар үчүн ылайыкталган бут кийим тигүүчү жабдуулар;
15) толугу менен эскирүү – аны түз багыты боюнча колдонууга мүмкүн болбогон буюм мүлкүнүн сапаттык абалы;
16) кинология кызматынын мүлкү – кызматтык багытындагы жаныбарлар (иттер) үчүн, ары-бери жүргөндө аларды башкаруу, (жүрүү, жарым-жартылай (убактылуу) сактоо) штаттык кызматтык багытындагы жаныбарларды кармоо, багуу, үйрөтүү жана колдонуу үчүн атайын мүлк жана шаймандар;
17) атайын коргоочу кийим - Министрликтин аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин айлана-чөйрөнүн жагымсыз таасиринен коргоого, алардын кызматтык жана атайын милдеттерин аткаруусун камсыз кылууга ылайыкталган инвентардык мүлк, буюмдук мүлккө таандык башка мүлктөрдөн тышкары;
18) санитардык-чарбалык мүлк - Министрликтин бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиялык талаптарды аткарууга багытталган инвентардык мүлк;
19) жеке колдонууга берилген буюм мүлкү - аскер кызматчыларга жана кызматкерлерге кийүү мөөнөтү бүткөнгө чейин кайтарымсыз колдонуу үчүн берилген буюм мүлкү;
20) инвентардык мүлк - аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге убактылуу колдонууга берилүүчү буюм мүлкүнүн предметтери;
21) колдонуу (эксплуатациялоо) мөөнөтү - материалдык-техникалык каражаттар түз багыты боюнча колдонулууда болгон мезгили.
3. Мүлктүк камсыздоо тапшырмаларына төмөнкүлөр кирет:
1) камсыздоо (жабдуу);
- кийим-кече, бут кийим, ич кийим, жууркан-төшөк, жарак-жабдыктар, күзөт мүлкү жана жылуу буюмдар, атайын коргоочу жана ведомстволук кийимдер, жарыкты чагылдыруучу жилеттер, санитардык-чарбалык мүлк, спорттук мүлк жана шаймандар, жеке гигиена каражаттары, альпинисттик жана тоо мүлкү, чатырлар, брезенттер, килем буюмдар, кинология кызматынын мүлкү;
- буюм мүлкүн тигүү жана оңдоо үчүн материалдар;
- буюм мүлкү боюнча каттоо жана отчеттуулук бланктары, китептери, ошондой эле буюм мүлкүнө жүктөлгөн башка бланктар жана китептер;
- мүлк кызматынын техникалык каражаттары, турмуш-тиричилик комбинаттары үчүн жабдуулар, шаймандар, запастык бөлүктөр, буюм мүлкүн тигүү жана оңдоо боюнча бөлүмчөлөр, мүлктү оңдоо устаканалары жана мүлк кампалары;
2) жууп-тазалоочу материалдар, мончо-кир жуучу жабдуулар жана шаймандар менен камсыздоо (жабдуу), ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамын мончо-кир жуучу жактан тейлөө;
3) мүлк кызматынын буюм мүлкүн жана техникалык каражаттарын оңдоону уюштуруу жана жүргүзүү;
4) буюм кызматынын беренелери боюнча чыгашаларды финансылык пландаштыруу жана көзөмөлдөө;
5) буюм кызматынын материалдык-техникалык каражаттарын сактоо, буюм кызматы боюнча каттоону жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүргүзүү.
4. Министрликтин аскер кызматчылары жана кызматкерлери материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо (жабдуу) ченемдери боюнча ушул Жобонун тиркемелерине ылайык камсыздалат.
Буюм мүлкүн өз багыты боюнча эмес чыгымдоого жана пайдаланууга тыюу салынат.
5. Буюм мүлкү сапаттык абалына жараша төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) биринчи категория – жаңы (мурда колдонулбаган) мүлк.
2) экинчи категория:
- мурда пайдаланылган (колдонууда же кампаларда турган), колдонуу мөөнөтү өтө элек жеке пайдалануу предметтери;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын инвентардык буюмдары, жылуу жана жайкы ич кийимдери жана бел курлары оңдолбостон же оңдоодон кийин пайдаланууга жарактуу (колдонууда же кампаларда турган), белгиленген колдонуу мөөнөттөрү өткөн же өтө элек экендигине карабастан;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын мөөнөтү өткөн, бирок оңдолбостон же оңдоодон кийин жумушчу кийим катары пайдаланууга жарактуу, жеке пайдалануу предметтери;
3) үчүнчү категория – өзүнүн түз дайындалышы боюнча андан ары пайдаланууга жараксыз, пайдалануу (эксплуатациялоо) мөөнөтү өткөн, белгиленген тартипте эсептен чыгарууга тийиштүү мүлк.
6. Министрликтин келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине берилүүчү жеке колдонуудагы буюм мүлкүнүн колдонуу мөөнөтү камсыздоо (жабдуу) ченемдерине ылайык предметти берген күндөн тартып эсептелинет.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына берилүүчү жеке колдонуудагы буюм мүлкүнүн жана инвентардык мүлктүн предметтеринин колдонуу мөөнөттөрү аларды пайдаланууга камсыздоо (жабдуу) ченемдерине ылайык берилген күндөн тартып эсептелет.
7. Колдонууга (эксплуатациялоого) берилген жана кампаларга тапшырылган мөөнөтү бүтө элек инвентардык мүлктүн предметтерин Министрликтин бөлүмдөрүнүн кампаларында сактоо убактысы буюм мүлкүнүн аталган предметтерин колдонуу (эксплуатациялоо) мөөнөтүнө эсептелинбейт.
8. Максаттык багыты боюнча буюм мүлкү: күнүмдүк камсыздоо мүлкү (жабдуу) жана запастын мүлкү болуп бөлүнөт.
9. Буюм мүлкү, сарпталуучу материалдардан сырткары, жеке колдонулуучу мүлк жана инвентардык мүлк болуп бөлүнөт.
Аскер кызматчыларында жана кызматкерлерде болгон жеке пайдалануудагы буюм мүлкү жеке пайдалануудагы буюм мүлкүн эсепке алуу карточкаларына тиешелүү жазуу менен (45-форма) түздөн-түз чыгым менен Министрликтин бөлүмдөрүнүн эсебинен чыгарылат.
10. Буюм мүлкүн эсепке алуу карточкасын Министрликтин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнүн жооптуу адамдары же бөлүмдөрүнүн дайындалган жооптуу адамдары жүргүзүшөт.
11. Министрликтин аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине жеке пайдалануудагы буюм мүлкү менчикке берилет. Жоголуп кеткен учурларда ал төлөнүп берилүүгө тийиш эмес (ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары).
Келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын, ошондой эле кызматкерлердин буюм мүлкү жоголуп кеткенде, өзүнүн каражатынын эсебинен сатып алууга милдеттүү.
12. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына кийимдер, бут кийим жана жарак-жабдыктар (инвентардык буюмдардан жана жууркан-төшөк керек-жарактардан тышкары) жеке пайдаланууга берилет. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын күнөөсү менен мүлк жоголуп кеткен учурда, аларга мурда колдонууда болгон мүлк берилет.
13. Жеке пайдалануудагы буюм мүлкү аскер кызматчынын жана кызматкердин күнөөсүнөн эмес, кызматтык жана жарандык милдетти аткаруу менен байланышкан себептер боюнча жоголуп кеткен (бузулган) учурларда аларга жоголуп кеткен же жараксыз абалга келген мүлктүн ордуна биринчи категориядагы мүлк берилет.
14. Буюм кызматынын техникалык каражаттары төмөнкүдөй беш категорияга бөлүнөт:
– биринчи категория – жаңы, жасаган заводдун (ишкананын) кепилдик милдеттемелеринин чегинде жүгүртүлгөн (колдонулган);
– экинчи категория – жасаган заводдун (ишкананын) кепилдик милдеттемелеринен жогору жүгүртүлгөн (иштелген, сактоо мөөнөтү менен) оң, эксплуатациялоодо турган;
– үчүнчү категория – орточо оңдоону талап кылган (технологиялык жана жардамчы жабдууларды белгиленбейт);
– төртүнчү категория – капиталдык оңдоону талап кылган;
– бешинчи категория – калыбына келтирүү мүмкүн эмес жана экономикалык жактан ылайыксыз, эсептен чыгарууга тийиш болгон (чектелген сактоо мөөнөтүн өтөгөн), эсептен чыгарууга чейин ресурсун (кызмат кылуу мөөнөтүн) өтөгөн.
Буюм мүлкүнүн жана техникалык каражаттардын сапаттык (техникалык) абалы (категориялуулугу) каттоо документтеринде жана формулярларда чагылдырылат.
15. Чыгымдоо материалдар жана предметтер категорияларга бөлүнбөйт жана пайдаланууга (эксплуатациялоого) берилгенден кийин Министрликтин бөлүктөрүнүн негизги каттоо китебинен жана карточкасынан түз чыгымдоо менен ушул Жобо менен белгиленген чыгымдоо (жабдуу) ченемдеринин чегинде эсептен чыгарылат.
16. Бир категориядан экинчисине которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
– биринчи категориядан экинчиге – таратуу ведомостторунун жана мүлктү берүүгө коштомо кагаздардын негизинде;
– үчүнчү жана кийинки категорияларга – сапаттык (техникалык) абалын өзгөртүү актыларынын негизинде.
17. Аскер кызматчыга камсыздоо (жабдуу) ченемдерине ылайык берилүүгө тийиш болгон жеке колдонуу буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсацияны запаска же отставкага бошотулганда, жаш курагы, ден соолугунун абалы жана штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча, контракт боюнча кызмат мөөнөтү аяктаган же пенсия алууга укугу жеткен аскер кызматчыларга төлөнүп берилет.
Аскер кызматчысына аскердик кызматты өтөөнүн жүрүшүндө берилбеген буюм мүлкүнүн жана бут кийимдин (күнүмдүк көйнөктөрдү, шымдарды жана юбкаларды кошпогондо) бир предмети боюнча эсептөө жүргүзүлөт.
Буюм мүлкүнүн наркын эсептөө Министрликтин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу түзүмдүк бөлүктөрүндө болгон материалдык отчеттун акыркы маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
Материалдык отчетто буюм мүлкүнүн наркы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда акчалай компенсацияны төлөө камсыздоочу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн 3 (үчтөн) кем эмес санда орточо рыноктук баалардын мониторингин жүргүзүү жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтердин (маалымкаттардын, прейскуранттардын, прайс-листтердин ж.б.) негизинде борборлоштурулуп жүзөгө ашырылат.
18. Акчалай компенсация камсыздоонун (жабдуунун) белгиленген ченемдери боюнча буюм мүлк предметтеринин ордуна төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 токтому менен бекитилген Жобонун 186-пунктунун 5-9-пунктчаларынын, 187-пунктунун 1, 3-пунктчаларынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 186 токтому менен бекитилген Жобонун 115-пунктунун 5-9-пунктчаларынын, 116-пункттун 1,3-пунктчаларынын негизинде аскер кызматчысын кызматтан бошоткон учурда;
– параддык буюм мүлкү жана жарак-жабдыктар үчүн.
19. Министрликтин аскер кызматчыларын келерки жылга толук буюм менен камсыз кылууга каржылоо болбогон (же жетишсиз) учурда ведомствонун жетекчиси күнүмдүк тиричиликти камсыз кылуу жана камсыздоо (жабдуу) жана чыгымдоо ченемдерине ылайык биринчи кезектеги милдеттерди аткаруу үчүн материалдык-техникалык каражаттардын жана буюм мүлкүнүн айрым түрлөрүн гана берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
20. Машыгууларга, салтанаттуу иш-чараларга катышуу боюнча тапшырмаларды аткаруучу аскер кызматчыларды жана кызматкерлерди камсыздоого тийиштүү буюм мүлкүнүн үлгүлөрүн сатып алуу жана киргизүү учурларында министрликтин камсыздоочу органы тарабынан камсыздоонун (жабдуунун) атайын жана ушундай буюм мүлктү колдонуу ченемдери бекитилет.
21. Сатып алынуучу жана жаңыдан киргизилүүчү буюм мүлкүнүн түрлөрү жана үлгүлөрү камсыздоочу орган тарабынан иштелип чыгуучу техникалык шарттарга (спецификацияларга) жана сыпаттамаларга, ошондой эле сапат жана коопсуздук талаптарына (санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга) ылайык келүүгө тийиш.
2-глава. Буюм мүлкү менен камсыздоонун тартиби
22. Буюм кызматын материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо (жабдуу) Министрликтин оорук башкармалыгы тарабынан буюм кызматтары (материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрү же буюм мүлкү менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн бөлүктөр) аркылуу кичи бөлүктөрдүн жана аскер бөлүктөрүнүн схемасы боюнча ишке ашырылат:
Камсыздоочу орган-ооруктун кампалары (материалдык-техникалык камсыздоо) – аскердик бөлүк, Министрликтин бөлүмчөлөрү – аскер кызматчысы жана кызматкер.
Министрликтин аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыздоо пландарын Оорук башкармалыгы иштеп чыгат жана бекитет.
23. Министрликтин бөлүмдөрү үчүн буюм мүлкү менен камсыздоо пландарында буюм мүлкүнө болгон муктаждыкты эсептөө жүргүзүлүүчү уюштуруу жана башка иш-чараларды эске алуу менен ушул Жобонун камсыздоо (жабдуу) ченемдерине ылайык өздүк курамдын тизмелик санына жүргүзүлөт.
Бөлүмдөрдүн керектөөсүнүн камсыздалышына жаңы, ошондой эле мурда колдонулган, колдонуу мөөнөтү пландаштырылган мезгилде бүтпөгөн буюм мүлкүнүн бардыгы эсептелет.
Мындан тышкары Министрликтин бөлүмчөлөрүнүн буюм кызматынын сунушу боюнча керектөөлөрдүн камсыздалышына мөөнөтү бүткөн, бирок оңдоосуз же оңдоодон кийин түз багыты боюнча пайдаланууга жарактуу инвентардык буюмдар эсептелет.
24. Министрликтин аскер кызматчылары жана кызматкерлери буюм мүлкү менен ушул Жобого тиркелген № 1 – 21 жабдуу ченемдери боюнча камсыздалат.
25. Мүлктү белгиленген ченемдерден, табелдерден жана штаттардан ашыкча мөөнөтүнөн мурда берүүгө жана чыгымдоого тыюу салынат.
Камсыздоо (жабдуу) жана чыгымдоонун белгиленген ченемдеринен ашык буюм мүлкүн мөөнөтүнөн мурда берүүгө же чыгымдоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
26. Айырмалоо белгилери аскер кызматчыларга ошол белгилерди тагынуу каралган кийимдин предметтерин берүү менен бир убакта берилет.
Мындан тышкары генералдарга кезектеги аскердик наам ыйгарылганда, ал эми офицерлерге «майор» аскердик наамы ыйгарылганда погондор форма маселесине карабастан берилет.
27. Министрлигинин аскер кызматчылары жана кызматкерлери буюм мүлкү менен кайсыл аскер бөлүктүн, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдүн тизмесинде болсо, ошол жактан камсыздалат.
28. Аскер кызматчылары жана кызматкерлер буюм мүлкү менен борборлоштурулган же министрликтин бөлүмчөлөрү аркылуу же министрликтин өзүнчө буйруктары боюнча бекитилген муктаждыктарга ылайык камсыз кылынат.
Камсыздоо тартиби Министрликтин Оорук башкармалыгы тарабынан белгиленет.
29. Аскер кызматчысына жана кызматкерине, анын ичинде мөөнөттөгү аскер кызматчыларына да буюм мүлкүн берүү Министрликтин бөлүктөрүндө, буюм мүлкү кызматы тарабынан түзүлгөн буюм мүлкүнүн эсеп карточкасынын негизинде таркатуу ведомостуна жазылып (№ 23 тиркеме) аркылуу жүргүзүлөт.
Эсепке алуу карточкаларынын жана табыштамалардын так жана туура толтурулушуна бөлүмчөлөрдүн командирлери (жетекчилери) жана алардын оорук боюнча орун басарлары (МТБ бөлүмүнүн башчылары) жооп беришет.
30. Материалдык-техникалык каражаттар министрликтин бөлүмчөлөрүнө түздөн-түз камсыздоочу органдын наряддары (разнарядкалары) боюнча берилет (жөнөтүлөт).
Материалдык-техникалык каражаттарды Министрликтин бөлүмчөлөрүнүн ортосунда которуу камсыздоочу органдын наряддары (разнарядкалары) боюнча жүргүзүлөт.
31. Генералдар буюм мүлкү менен борбордук аппаратта – Министрликтин оорук башкармалыгы аркылуу жеке тартипте камсыз кылынат.
32. Жабдуунун ченемдери боюнча тийиштүү болгон жеке пайдалануудагы, аскер кызматчыларына берилбеген же ал ээлик кылууга жана акысыз пайдаланууга тийиш болгон мезгилдин ичинде алынбаган буюм мүлкү ушул мүлктү алган учурдан тартып ушул аскер кызматчыларынын менчигине өтөт.
33. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылган Министрликтин аскер кызматчылары жана кызматкерлери No7, 9 (ушул Жобонун 7, 9-тиркемелери) ченемдери боюнча камсыз кылынат.
34. Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жеке пайдаланууга берилген буюм мүлкү, шейшептер жана инвентардык мүлк милдеттүү түрдө энтамгаланууга тийиш.
35. Аскер кызматчысын Министрликтин бир бөлүмчөсүнөн башкасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка органдарына жана башка аскердик түзүлүштөрүнө которууда ал тизмеден чыгарылган күнү ага буюм мүлкүнүн предметтерине аттестат берилет (ушул Жобонун 24-тиркемеси), ал жаңы кызмат орду боюнча буюм үлүшүнө киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
Буюм мүлкүнүн предметтеринин аттестаты камсыздоодо турган Министрликтин бөлүмчөсүнүн командири (жетекчиси) тарабынан берилет.
36. Запаска бошотулганда, узак мөөнөттүү иш сапарга, окууга жана башка себептер менен Министрликтин тизмесинде калтырылган аскер кызматчысына буюм мүлкүнүн предметтеринин аттестаты берилбейт.
37. Узак мөөнөттөгү иш сапарга кеткен аскер кызматчылары, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кызматтык иш сапардын бүткүл мезгилине кызмат өтөгөн жери боюнча буюм мүлкү менен камсыз кылынат.
38. Кетип жаткан, башка бөлүмчөлөргө которулган жана окууга жиберилип жаткан аскер кызматчыларында турган инвентардык мүлк предметтери, анын ичинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен буюмдар тиешелүү кампага тапшырылууга тийиш.
39. Кызматкерлерди буюм менен камсыздоого алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) камсыздоо тизмесине киргизүү жөнүндө министрдин, министрдин орун басарынын (Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин) буйругу;
2) буюм мүлкүнүн аттестаты.
40. Кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу карамакта турган аскер кызматчылары жана кызматкерлер үчүн колдонуу мөөнөттөрүн эсептөө – карамакта болгон бардык учурга жана кылмыш иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин токтотулат.
Аскер кызматчысы жана кызматкер мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда буюм мүлкүнүн наркы алардан түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн финансылык кызмат тарабынан бухгалтердик эсептин материалдык отчету боюнча ушул мүлктүн орточо наркына ылайык, эскиришин эске алуу менен эсептелген өлчөмдө өндүрүлүп алынууга тийиш.
3-глава. Офицердик курамды буюм мүлкү менен камсыздоо
41. Офицердик курамдагы кызматкерлер биринчи офицердик наамды алуу менен бирге камсыздоонун (жабдуунун) белгиленген ченемдери боюнча буюм мүлкүн алуу укугуна ээ болушат.
Офицердик курамга буюм мүлкүнүн предметтерин андан ары берүү мурда алынган буюмдарды тагынуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Жогорку офицердик курамдын биринчи аскердик наамын ыйгарууда мурдагы наамында алынган буюм мүлкү камсыздалууга эсептелбейт.
Аскердик кызматка белгиленген тартипте киргизилген офицерлер аларды аскердик кызматка аныктаган күндөн баштап буюм мүлкүн алууга укуктуу болушат. Бул офицерлерге буюм мүлкүн берүү алардын кызмат өтөө жерине келгенден баштап жүргүзүлөт. Буюм мүлкүн кийинки берүү камсыздоонун (жабдуунун) белгиленген ченемдери боюнча кызмат мөөнөтүн узартканда жүргүзүлөт.
42. Министрликтин бөлүмдөрүнүн ортосундагы которууларда офицердик курамдын адамдарына мурдагы кызмат орду боюнча которуу күнүнө карата колдонуу мөөнөтү боюнча белгиленген бардык буюм мүлкү (кампада болгон) берилет.
Офицердик курамдагы кызматкерлерди Министрликтин аскердик кийим формасы белгиленген бөлүктөрүнөн аскердик кийим формасы белгиленген башка мамлекеттик органдарга которууда жана тескерисинче мурдагы кызмат орду боюнча буюм мүлкү менен кошумча камсыз кылуу жүргүзүлбөйт. Мындай учурда кийимдин тиешелүү формасынын мундирин берүү жаңы кызмат ордуна келгенден кийин жүргүзүлөт. Мында кийүү мөөнөтү мурда алынган аты аталган предметтерди кийүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып эсептелет.
Фуражкаларды, погондорду жана эмблемаларды алмаштыруу (зарылчылыка жараша) кезектеги пландык берүүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
43. Офицердик курамдагы кызматкерлер билимин өркүндөтүү курстарына кеткенде (кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу) Министрликтин бөлүмчөлөрүнүн тизмесинде калтыруу менен кеткен күнгө карата буюм мүлкү менен камсыз кылынат. Инвентардык буюмдар бөлүнүштүн буюм кампасына тапшырылат. Мындай учурда буюм мүлкүнө Аттестат берилбейт.
44. Офицердик курамдагы кызматкерлер Министрликтин бөлүмчөлөрүнүн тизмесинде калтыруу менен узак иш сапарларга кеткенде алар кетип жаткан бөлүк тарабынан командировканын бүткүл мезгилинде буюм мүлкү менен камсыз кылынат.
Буюм мүлкүнө Аттестат берилбейт.
45. Аскердик-дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүргөн офицердик курамдын адамдары туруктуу кызмат орду боюнча буюм менен камсыздоодо турушат.
46. Аскердик кызматтан запаска же отставкага жашы, иштеген жылдары, ден соолугунун абалы жана штаттардын кыскаргандыгы, үй-бүлөлүк шарттары боюнча жана контракттын бүтүшү боюнча, же болбосо пенсияга укук берген иштеген жылдары боюнча бошотулуучу офицердик курамдагы адамдар бошотулган күнгө тиешелүү буюм мүлкү же буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация менен камсыз кылынат. Мында инвентардык мүлк Министрликтин бөлүмдөрүнүн буюм кампаларына тапшырылат.
Офицердик курамдагы адамдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелинде № 185 токтому менен бекитилген Жобонун 186-пунктунун 5-9-пунктчалары, 187-пунктунун 1, 3-пунктчалары боюнча аскердик кызматтан бошотууда аларга берилген буюм мүлкүнүн наркы эскирүүнү эске алуу менен түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жана аскердик бөлүктөрдүн финансылык кызматынын бухгалтериясынын материалдык отчету боюнча ушул мүлктүн орточо наркына ылайык эсептелген суммада өндүрүлүүгө тийиш.
Мында эсепте камсыздоо (жабдуу) ченемдери боюнча тийиштүү жана белгиленген мөөнөттө берилбеген буюм мүлкүнүн предметтеринин наркы эске алынат, ал бошотулган күнгө карата компенсациянын баасы боюнча берилбеген буюм мүлкүнүн предметтери кийип жүрүүгө тийиш болгон убакытка пропорциялуу эсептелген суммада аныкталат жана кармалууга тийиш болгон сумманы жоюунун эсебине киргизилет.
4-глава. Прапорщиктер жана сержант аскер кызматчыларын буюм мүлкү менен камсыздоо
47. Прапорщиктер жана сержанттар аларды анык аскер кызматына кабыл алган күндөн тартып жана кызматка дайындоодо буюм мүлкүн алуу укугуна ээ болушат.
48. Запастан анык аскер кызматына кабыл алынган контракттык кызматтын прапорщиктери жана сержанттары кызмат өтөгөн жерине келгенде буюм мүлкү менен камсыз кылынат.
Кийинки берүүлөр мурда алынган буюмдарды колдонуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
49. Мөөнөттүү кызматтын анык аскер кызматын өтөгөн жана контракттык кызматтын прапорщиктери жана сержанттары катары анык аскер кызматына кабыл алынган аскер кызматчыларына берилүүчү мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары запаска бошотулганда камсыз кылынуучу буюм мүлкүнүн предметтеринин тизмесинде көрсөтүлгөн жеке пайдалануудагы мүлк алардын менчигине өтөт жана камсыздалгандыгы эсептелбейт (ушул Жобонун 25-тиркемеси).
50. Прапорщиктерге жана сержанттарга контрактты узартууда жана аларды үч айдан ашпаган тыныгуудан кийин кайрадан анык аскердик кызматка кабыл алууда буюм мүлкү мурда алынган предметтерди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилет. Кийүү мөөнөттөрү календардык тартипте эсептелет.
51. Контракттык кызматтын прапорщиктерине жана сержанттарына офицердик наамды ыйгарууда аларга мурда офицердик үлгүдөгү берилген буюмдар камсыздалууга эсептелет.
52. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобосуна (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген) жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдары тарабынан контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобосуна (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 токтому менен бекитилген) ылайык жаш курагы, пенсияга укук берүүчү кызмат мөөнөтүнүн өтөгөндүгү, ден соолугунун абалы жана штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк абалы жана контракт аяктагандан кийин запаска же отставкага бошотулуучу контракттык кызматтын прапорщиктери жана сержанттары контракт аяктагандан кийин же пенсияга укук берүүчү жылдарды өтөгөндөн кийин бошотулган күнү тиешелүү буюм мүлкү менен камсыз кылынат (бошогон айда алууга укугу келген буюмдар берилүүгө тийиш).
Инвентардык мүлк Министрликтин аскердик бөлүктөрдүн жана башкармалыктардын буюм кампаларына тапшырылат.
Бошотулгандардын буюмдарына буюм аттестаты жазылат, ал бошотулуучунун өздүк делосуна тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобонун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелинде № 185 токтому менен бекитилген) 186-пунктунун 5-9-пунктчалары боюнча прапорщиктерди жана сержанттарды аскердик кызматтан жана жоокердик, сержанттык жана старшиналык кызматтарда турган контракттык кызматтын аскер кызматчыларын аскердик кызматтан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдары тарабынан контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобонун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелинде № 186 токтому менен бекитилген) 115-пунктунун 5-9-пунктчалары, 116-пунктунун 1, 3-пунктчалары боюнча бошотууда аларга берилген колдонуу мөөнөтү өтө элек буюм мүлкүнүн наркы алардан эсептен чыгарылууга тийиш бөлүктүн финансы кызматынын бухгалтериясынын материалдык отчету боюнча бул мүлктүн наркына ылайык эсептелген суммада төлөтүп алынууга тийиш.
Бул учурда жабдуу ченемдери боюнча тийиштүү болгон жана белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген буюм мүлкүнүн предметтеринин наркы эске алынат. Наркы, берилбеген буюм мүлкүнүн предметтери колдонулуш керек болгон убакытка пропорционалдуу эсептелген суммада аныкталат. Мында, буюм мүлкүнүн предметтери бошогон күндөгү компенсация наркы боюнча колдонулуп, кармалган сумманы төлөө эсебине киргизилет.
5-глава. Аял аскер кызматчыларын буюм мүлкү менен камсыздоо
53. Аял аскер кызматчыларын буюм мүлкү менен камсыздоо ушул Жобонун 3, 4-главаларынын тийиштүү категориядагы аскер кызматчылары үчүн жазылган тартипте жана чыгымдоо (жабдуу) ченемдеринин негизинде ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
54. Аял аскер кызматчылары бала багуу боюнча өргүүгө кеткенде буюм мүлкүн берүү жүргүзүлбөйт жана мурда берилген буюм мүлкүнүн предметтеринин колдонуу мөөнөттөрү өргүүнүн бардык мезгилине токтотулат, ал эми өргүүдөн чыккандан кийин кайрадан башталат.
6-глава. Аскердик окуу жайлардын курсанттарын жана офицердик наамы жок угуучуларды буюм мүлкү менен камсыздоо
55. Курсанттарга окуу курстары боюнча жеңге тагылуучу айырмалоочу белгилер жыл сайын аскер кызматчыны кийинки окуу курсуна которуудан кийин берилет.
56. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жана жарандык жаштардын ичинен адамдар, алар аскердик-окуу жайларга киргенден кийин буюм мүлкү менен аскердик окуу жайлардын курсанттары үчүн белгиленген камсыздоо (жабдуу) ченемдери боюнча камсыздалат.
Мында мурда берилген буюм мүлкүнүн предметтери камсыздалгандыкка эсептелбейт.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жана жарандык жаштардын ичинен адамдар, алар чет өлкөлүк аскердик окуу жайларга киргенден кийин буюм мүлкү менен, эгерде түзүлгөн контракттарда кабыл алуучу тараптан буюм мүлкү менен камсыздоо каралбаса, аскердик окуу жайлардын курсанттары үчүн белгиленген камсыздоо (жабдуу) ченемдери боюнча камсыздалат.
Эгерде чет өлкөлүк аскердик окуу жайларда окууга түзүлгөн контракттарда кабыл алуучу тарап буюм мүлкү менен камсыз кылуу каралса, жарандык жаштарга жаш жоокердин курсунан өтүү үчүн гана кийим-кече, бут кийим, ич кийим жана жабдуулар берилет. Жаш жоокердин курсу аяктагандан кийин берилген буюм мүлкү чогултулат жана кампага тапшырылат, кийин бул мүлк камсыздоочу органдын көрсөтмөсү боюнча, атап айтканда алмаштыруу жана оңдоо фонду катары пайдаланылат.
57. Прапорщиктер жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары, ошондой эле запастан чакырылган жана угуучулар жана курсанттар катары аскердик-окуу жайларына кабыл алынгандар буюм мүлкү менен тийиштүү түрдө прапорщиктер жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары катары ушул Жобонун 4-главасында баяндалган тартипте камсыз кылынат.
58. Аскердик-окуу жайларын аяктагандан кийин биринчи офицердик наамды алган жана андан ары аскердик кызматты өтөө үчүн дайындалган курсанттар (угуучулар) офицердик курам үчүн белгиленген камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча даяр параддык кийимдин жана жабдыктын комплекти менен камсыз кылынат.
Камсыздоо (жабдуу) ченемдерине ылайык калган буюм мүлкүн андан ары берүү алар кызмат өтөгөн жерге келгенден кийин ишке ашырылат.
59. Аскердик окуу жайлардан чыгарылган жана аскерлерге кызмат өтөө үчүн жиберилген курсанттар (угуучулар) чыгаруу учуруна карата алардын пайдалануусунда болгон буюм мүлкүнүн предметтери менен кетишет (инвентардык буюмдардан тышкары). Погондорду берүү жаңы кызмат орду боюнча жүргүзүлөт.
60. Запаска бошотуу менен чыгарылган курсанттар (угуучулар) ушул Жобонун 74-пунктуна ылайык буюм мүлкү менен камсыз кылынат.
7-глава. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын буюм мүлкү менен камсыздоо
61. Мөөнөттөгү аскер кызматына чакырылгандарга кызмат өтөө ордуна келгенден жана тизмеге киргизилгенден тартып буюм мүлкү берилет.
Кийинки буюм мүлкүн берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
– өздүк колдонуу предметтери – мурда берилгендердин колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин берилет;
– инвентардык мүлк - жарактан чыккандан кийин, бирок ушул Жобо менен бекитилген колдонуу мөөнөтү бүтө электе берилбейт.
Аскер кийим формасы даяр түрдө берилет.
62. Тартипке келтирүү бөлүктөрүндө жазасын өтөп жаткан аскер кызматчылары буюм мүлкү менен мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча камсыз кылынат.
63. Аскердик кызматка чакырылгандарга жаңы форма берүү менен бир эле мезгилде зарыл болгон учурда ушул Жободо белгиленген колдонуу мөөнөтү өткөн, бирок оңдоосуз же оңдоо жүргүзүлгөндөн кийин андан ары колдонууга жарактуу жогорку аскер формасынын предметтеринин жана бут кийимдин эсебинен аскердик бөлүктөрдө топтолгон жумушчу кийимдин жана бут кийимдин предметтери берилет.
64. Жумушчу кийим аскердик бөлүктөрдө жана башка түзүмдүк бөлүмчөлөрдө бекитилген муктаждыктын чегинде топтолот жана кармалат, чарбалык жана курулуш иштерин аткарууда, ошондой эле техниканы жана курал-жаракты тейлөөдө пайдаланылат.
65. Мөөнөттөгү аскер кызматчылары бутун сүртүүчү сүлгү жана керебеттин жанындагы килемче менен камсыздалат. Бутун сүртүү үчүн сүлгү мурда колдонулган, мөөнөтү бүткөн жарактуу сүлгүлөрдөн, ал эми керебеттин жанындагы килемче чыгышталган одеялдардан же башка тиешелүү каражаттардан даярдалат.
66. Мөөнөттөгү аскер кызматчыларына кезектеги буюм мүлкү берилгенде, мурда берилип кийүү мөөнөтү бүткөндөрү, аскер бөлүктүн кампасына тапшырылат жана жумушчу кийим катары колдонулат же камсыздоочу органдын көрсөтмөсү менен ооруктун бириккен кампаларына тапшырылат.
67. Мөөнөттүү аскер кызматына чакыртылгандардын жарандык менчик кийимдери буюм мүлкү берилгенден тартып таңгакталып, тизмеге алынып, менчик буюмдары мөөнөттөгү аскер кызматчылары бошотулганга чейин сактоочу жайга тапшырылат. Жарандык кийимдердин сакталуусуна бөлүмдүн командири жооп берет.
68. Мөөнөттүү аскер кызматчылары аскердик-дарылоочу мекемеге дарыланууга же бошотууга жөнөтүлгөндө мезгилге ылайык толук комплекттүү формалык кийим менен камсыздалат. Калган буюм мүлктөрүн убактылуу сактоого тапшырууга тийиш. Мөөнөттөгү аскер кызматчыларына аскердик-дарылоочу мекемеден чыгарылып жатканда, келип түшкөн учурда тапшырган буюмдары кайтарылып берилет.
69. Аскер бөлүктүн бөлүмчөлөрүндө буюм мүлкүнүн предметтери ушул Жобонун камсыздоо ченемине ылайык жетишээрлик санда кармалат. Ашыкча мүлк аскер бөлүгүнүн буюм кампасына тапшырылат.
70. Мөөнөттүү аскер кызматчылары башка аскер бөлүгүнө которулган учурда алар которулган күнүнө карата өздүк колдонулуучу буюм мүлкү менен камсыздоо ченемине ылайык камсыздалат. Инвентардык мүлк аскер бөлүктүн кампасына тапшырылат.
71. Мөөнөттүгү аскер кызматчылары аскердик окуу жайларга кирүү экзаменин тапшырууга жөнөтүлгөн учурларда, окууга жөнөтүп жаткан бөлүм тарабынан буюм мүлкү менен камсыздалат. Калган колдонуудагы предметтер аскер бөлүккө калтырылат, кирүү экзаменинен өтпөй калган учурда өзүнө кайра колдонууга берилет. Кетип жаткандарына (окууга өткөндөр) буюм мүлкүнүн аттестаты жазылат жана иш сапар баракчасына белгиленет.
72. Жаны которулуп келген аскер бөлүгүндө башка форма кийүү белгиленсе, баш кийимин жана айрымалоочу белгилерин алмаштыруу жаңы которулуп келген аскер бөлүгү тарабынан жаңы же мурда колдонулган бирок колдонууга жарактуу күнүмдүк мүлктүн эсебинен жүргүзүлөт. Алмаштырылган буюм мүлкүнүн предметтери аскер бөлүктүн кампасына тапшырылат.
73. Мөөнөттүү аскер кызматынан бошотулуп жаткан мөөнөттөгү аскер кызматчысы колдонуп жаткан мүлк буюмунун предметтери менен белгиленген тизме боюнча камсыздалып (ушул Жобонун № 25 тиркемеси) бошотулат. Бошотулуп жаткан мөөнөттөгү аскер кызматчылары өзүнүн жарандык кийими менен бошотулушу мүмкүн.
74. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын запаска бошотуунун алдында алардын жеке пайдалануусунда турган кийимди жана бут кийимди кылдат кароо жүргүзүлөт. Бардык буюмдар жарактуу абалга келтирилет: жуулат, тазаланат, оңдолот жана талаптагыдай абалга келтирилет.
75. Мөөнөттүү аскер кызматчылардын ортосунда буюм мүлкүн алмашуусуна тыюу салынат.
76. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын көмүүдө: маркумдун пайдалануусунда болгон баш кийим, күрмө жана кебез кездемеден тигилген шым, ич кийимдин комплектиси, байпак, госпиталдык бут кийим, үстүнкү жаздык кап, эки шейшеп чыгымдалат.
77. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары инвентардык буюмдарга тиешелүү жабдык предметтери жана жууркан-төшөктөр менен №13 ченеми боюнча камсыз кылынат (ушул Жобонун 13-тиркемеси).
78. Министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборуна жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына окууларды өткөрүү убактысында зарылчылык келип чыккан учурларда окууга (кайра квалификацияланууга) келгендерди камсыздоо үчүн жууркан-төшөк жана шейшептер берилет.
Өздүк курамды пландуу камсыздоого багытталган жууркан-төшөк жана шейшептерди мейманкана жана жатаканаларда колдонууга тыюу салынат.
8-глава. Министрликтин аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин ведомстволук форма, атайын коргоочу кийим жана куткаруучунун шаймандары менен камсыздоо
§ 1. Ведомстволук форма менен кызматкерлерди камсыздоо
79. Ведомстволук форма (ушул Жобонун 7-тиркемеси) менен камсыз кылуу №7 ченеми боюнча берилет жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаатында алдын алуу, авариялык-куткаруу жана жоюу иш-чараларын даярдоого, өткөрүүгө тартылган кызматкерлерге (мамлекеттик кызматкерлерге, кызматкерлерге, эркин жалдануучу курамга) жеке пайдаланууга берилет, кенже тейлөөчү персоналдын жана техникалык тейлөөчү персоналдын (техник, электриктер, сантехниктер) кызматкерлеринен тышкары.
§ 2. Атайын кийимдер жана куткаруучунун шаймандары менен камсыздоо
80. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаатында алдын алуу, авариялык-куткаруу жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн атайын коргоочу кийимдер жана куткаруучу шаймандар менен Министрликтин аскер кызматчылары жана эркин жалданган курамынын кызматкерлери камсыз кылынат. Атайын коргоочу кийимдер жана куткаруучу шаймандар камсыздоо № 8 ченеми боюнча (ушул Жобонун 8-тиркемеси) берилет.
81. Атайын коргоочу кийимдер Министрликтин бөлүктөрүндө аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине даяр түрдө берилет.
Атайын коргоочу кийимдердин бардык түрлөрүн күнүмдүк кийим катары кийүүгө тыюу салынат.
82. Ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык аскердик бөлүктөрдүн лазареттерин жана медициналык кызматтарын камсыздоо үчүн берилүүчү (чыгымдалуучу) буюмдук жана санитардык-чарбалык мүлк ошол аскердик бөлүктөрдүн (түзүмдүк бөлүмдөрдүн) инвентардык мүлкүнө киргизилет жана дарыланып жаткан адамдарды камсыздоо үчүн чыгымдалат.
83. Лазареттер жана медициналык кызматтар үчүн сырт кийим, ич кийим, бут кийим жана төшөнчүлөр даяр түрдө берилет.
§ 3. Лагердик жана атайын чатырлар менен камсыздоо
84. Чатырлар өздүк курамды лагерге жайгаштыруу үчүн жана талаа шарттарындагы башка жумуштарда алар штаттарга табелдер менен каралган министрликтин бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө гана пайдаланылат, № 17 жабдуу ченеми боюнча берилет (ушул Жобонун 17-тиркемеси).
Лагердик жыйын аяктагандан кийин чатырлар тартипке келтирилет (тазаланат жана кургатылат), оңдолот жана Министрликтин бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн кампаларына өткөрүлөт. Чатырларды иш жүзүндө пайдалануу мөөнөтү эсепке алуу карточкасында (паспорт, формуляр) көрсөтүлөт.
85. Чатырларды эксплуатациялоо мөөнөтү Министрликтин өзүнчө документтеринде каралган. Чатырларды убактылуу пайдаланууга алган адамдар чатырларды талаптагыдай абалда өз убагында кайтарып берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
86. Альпинисттик жана тоо шаймандары Министрликтин аскер кызматчыларын жана куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин камсыздоо үчүн ушул Жобонун 16-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча берилет (сарпталат).
87. Мүлк жана шаймандар штаттык жаныбарларды камсыздоо үчүн кинологиялык кызматка ушул Жобонун 22-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченемдери боюнча берилет (сарпталат). Министрликтин аскердик бөлүктөрү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү кинологиялык мүлк предметтери менен штаттык кызматтык жаныбарлардын саны боюнча камсыз кылынат.
Штаттык кызматтык иттерди кармоо, багуу, үйрөтүү жана колдонуу үчүн атайын мүлк жана шаймандар министрликтин аскердик бөлүктөрүндө жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө же сметалык дайындоолор болгондо борборлоштурулуп даярдалат.
88. Инвентардык мүлк Министрликтин аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн менчиги болуп саналат жана убактылуу пайдаланууга (эксплуатациялоого) гана берилет (сарпталат).
89. Инвентардык мүлккө кирген буюм мүлкүнүн предметтери инвентардык буюм катары пайдаланууга берилет.
90. Инвентардык буюмдар экинчи жана кийинки категориядагы мүлк катары колдонулат (эксплуатацияланат) жана толук эскиргенге чейин колдонулат.
Түз багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз инвентардык буюмдар үчүнчү жана кийинки категорияларга которулат, бирок колдонуу (пайдалануу) мөөнөтү аяктагандан эрте эмес жана белгиленген тартипте эсептен чыгарылат.
Инвентардык мүлк мөөнөтүнөн мурда эскирген учурда күнөөлүү аскер кызматчысы же кызматкер "Кыргыз Республикасынын Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык материалдык жоопкерчилик тартат.
91. Күзөттүк жана жылуу мүлк аскер кызматчыларын жана аскердик бөлүктөрдү (түзүмдүк бөлүмдөрдү) камсыздоо үчүн ушул Жобонун 12-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча берилет (чыгымдалат).
Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына жылуу мүлк бекитилбейт. Аны кийүү убактысы жана тартиби аскердик бөлүктүн командири (түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси) тарабынан белгиленет.
Кыш мезгили аяктагандан кийин жылуу мүлк бөлүнүштөрдөн алынат, иргелет, кургак тазаланат, оңдолот жана сактоо үчүн буюм кампасына тапшырылат. Камсыздоочу органга 1-октябрга карата белгиленген форма боюнча жылуу буюмдарды кезектеги берүүгө даярдыгы жөнүндө отчет берилет.
92. Инвентардык буюмдарга таандык жууркан-төшөктөр жана жабдыктардын предметтери Министрликтин аскер кызматчыларын жана аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин камсыздоо үчүн ушул Жобонун 13-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча берилет (чыгымдалат).
Контракт боюнча аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге министрликтин окуу борборлорун казармаларда, мейманканаларда жашоого акы төлөбөстөн жайгаштырууда, талаа шарттарында, күжүрмөн кезметчиликте туруучу жерлерде, күнү-түнү нөөмөттө кызмат өтөөдө бир сутка жана андан ашык убакыт кармоо нормасынын эсебинен шейшептердин экинчи комплекти берилет.
Тыюу салынат: офицердик курамдын жатаканаларында жана үйлөрүндө өздүк курамды пландуу камсыздоо (жабдуу) үчүн арналган жууркан-төшөктөрдү колдонууга.
§ 4. Спорт мүлкү менен камсыздоо:
93. Спорттук буюм мүлкү түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жана аскердик бөлүктөрдүн аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин камсыздоо үчүн ушул Жобонун 18-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченемдери боюнча чыгымдалат.
94. Офицердик курам, прапорщиктер, контракттык кызматтын аскер кызматчылары жана кызматкерлери эл аралык мелдештердеги командаларды кошпогондо, дене тарбия даярдыгы менен машыгуу үчүн жеке пайдалануудагы спорттук мүлктү жана шаймандарды жеке каражаттарынан сатып алышат.
§ 5. Күндөлүк чарбалык предметтери менен камсыздоо:
95. Турмуш-тиричилик буюмдары: кийим-кече жана бут кийим тазалоочу щеткалар, үтүк, чач кыркуучу машинкалар жана башка буюмдар аскердик бөлүктөрдө өздүк курамдын турмуш-тиричилик керектөөлөрүн камсыз кылуучу санда кармалышы керек.
96. Чарбалык тиричилик буюмдарын даярдоо аскердик бөлүктөрдүн (түзүмдүк бөлүмдөрдүн) командирлери тарабынан чарбалык чыгымдарга арналган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
97. Чарбалык тиричиликтин айрым предметтери борборлоштурулуп даярдалып, аскер бөлүктөрүнө кезмет боюнча берилет.
9-глава. Министрликте буюм мүлкүнүн эсебин жүргүзүүнүн тартиби
98. Министрликтин жана анын бөлүктөрүндөгү буюм мүлктөрү милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш, баштапкы эсептик документтерди жол-жоболоштуруу, өз убагында жана туура, баардык эсеп менен байланышкан кыймылдарды жана мүлктүн сапаттык өзгөрүүлөрү боюнча операцияларды эсептик китептерге жана карточкаларга жазылууга тийиш.
99. Эсеп жүргүзүүнүн негизги тапшырмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
– буюм мүлкүнүн сакталышын, мыйзамдуулугун, максатка ылайыктуулугун жана чыгымдалышын (пайдаланылышын) көзөмөлдөө;
– Министрликтин тийиштүү башкармалыгын, бөлүмүн (кызмат адамдарын) Министрликтин жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмчөлөрүн жана аскер бөлүктөрүн, аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин мүлк менен камсыздоону пландаштыруу жана уюштуруу үчүн зарыл болгон буюм мүлкүнүн бар экендиги жана сапаттык абалы жөнүндө маалыматтар менен өз убагында камсыз кылуу;
– отчеттук жана пландаштыруучу документтерди түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоо.
100. Кампаларда, кичи бөлүктөрдө жана аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин пайдалануусунда болгон буюм мүлкү жалпысынан министрлик боюнча, ошондой эле анын ар бир түзүмдүк бөлүмү боюнча эсепке алынууга тийиш.
101. Кампаларда, кичи бөлүктөрдө жана аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин пайдалануусундагы жалпы министрлик боюнча, ошондой эле кичи бөлүктөрдөгү мүлктөр буюм менен камсыз кылуу бөлүмү тарабынан материалдык баалуулуктарды эсепке алуу китептеринде же карточкаларында эсепке алынат.
102. Буюм мүлкүн 1-категориядан 2-категорияга которуу ушул Жобонун 23-тиркемесине ылайык коштомо кагаздын же таратуу ведомостунун негизинде жүргүзүлөт.
103. Бир жылдан ашык колдонуу мөөнөтү белгиленген инвентардык мүлктүн предметтери ушул Жобонун 26-тиркемесине ылайык инвентардык мүлктү эсепке алуу китебинде берилген жылдар боюнча эсепке алынат.
104. Министрликтин аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине берилген өздүк пайдалануудагы буюм мүлкү ушул Жобонун 27-тиркемесине ылайык жеке колдонуудагы буюм мүлкүн эсепке алуу карточкаларында эсепке алынат.
105. Көрсөтүлгөн курамга өздүк пайдалануудагы буюм мүлкүн эсепке алуу карточкасын тариздөө үчүн негиз болуп, кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрук, ал эми Министрликтин башка бөлүмдөрүнөн келген адамдарга – мындан тышкары ушул Жобонун 24-тиркемесине ылайык буюм мүлкүнүн предметтерине аттестат эсептелет.
106. Буюм мүлкүнө аттестаттар жок болгон учурда алар келгендердин мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча суралат. Буюм аттестаттарын алганга чейин буюм мүлкү менен камсыз кылуу жүргүзүлбөйт.
107. Бир нече аскер кызматчыларына буюм мүлкүн берүүдө ушул Жобонун 23-тиркемесине ылайык таратуу ведомосттору таризделет.
Аларды тариздөө үчүн негиз болуп жеке пайдалануудагы буюм мүлкүн эсепке алуу карточкасынын маалыматтары эсептелет.
108. Ведомосттор бир нускада таризделет (зарыл болсо бир нече нускада), аталган өздүк курамды эсепке алуунун маалыматтары менен салыштырылат жана аткаруу үчүн берилет:
- кампадан мүлк кампанын башчысына берилгенде;
- бөлүмдөрдө мүлктү берүүнү жүргүзгөн кызмат адамына берүүдө.
109. Аткарылган ведомосттор буюм менен камсыздоо бөлүмүнө тапшырылат. Айрым предметтер тапшырылбаган учурда алардын санын билдирген цифралар ведомосттун тиешелүү графаларында маркер, карандаш ж.б.у.с. бардык предметтер айрым адамдарга берилбеген учурда, мындан тышкары "алуучунун-тапшыруучунун колу" графасында "берилген жок"деген белги коюлат. Айрым адамдарга жарым-жартылай же толугу менен берилбеген мүлк кампага тапшырылат.
110. Министрликтин бөлүмдөрүнөн кетип жаткан адамдардын жеке пайдалануусунда болгон буюм мүлкүн эсепке алуу үчүн (бошотулуучу аскер кызматчыларынан тышкары) буюм мүлкүнүн предметтерине аттестат түзүлөт (ушул Жобонун 24-тиркемеси).
111. Аскер кызматчыларына буюм мүлкүнүн предметтери боюнча аттестаттар жеке пайдалануудагы буюм мүлкүн эсепке алуу карточкасынын маалыматтарынын негизинде кетип жаткан ар бир адамга эки нускада жеке жазылат, катталат жана кетип жаткан кызматкерге кол койдуруу менен тапшырылат.
§ 1. Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүндө буюм мүлкүн эсепке алуу
112. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына буюм мүлкүн берүү, ошондой эле алардан буюм мүлкүнүн предметтерин кабыл алуу буюм мүлкүнө таратуу (тапшыруу) ведомосту боюнча жүргүзүлөт.
113. Мөөнөттүү кызматтын айрым аскер кызматчыларына берилбеген жаңы буюм мүлкү жана өздүк курамдан кабыл алынган буюм мүлкү 2 категория коштомо кагазы (накладной) боюнча кампага берилет.
114. Кызмат өтөө жана иш сапарга чыгуу мезгилинде өздүк курамга убактылуу пайдаланууга берилүүчү инвентардык мүлк предметтери, ошондой эле өргүүгө, дарыланууга кетип жатканда алардын артында турган мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын өздүк пайдалануудагы предметтери убактылуу пайдаланууга берилүүчү буюм мүлкүн эсепке алуу китебинде эске алынат (ушул Жобонун 28-тиркемеси).
115. Убактылуу пайдаланууга берилген инвентардык мүлктүн предметтерин өз убагында кайтарып берүүгө каттоодо турган бөлүмдүн командири (башчысы) жооптуу.
§ 2. Кампадагы буюм мүлкүнүн эсеби
116. Кампада турган буюм мүлкү материалдык каражаттардын болушу жана кыймылынын эсеп китебинде ушул Жобонун 29-тиркемесине ылайык эсепке алынат.
117. Кампадан мүлктү чыгаруу белгиленген тартипте жазылган биринчи эсептик документтин негизинде гана жүргүзүлөт.
118. Аткарылган баштапкы эсепке алуу документтери чарбалык иш-чара аяктагандан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кампаны эсепке алуу жүргүзүлүүгө тийиш.
119. Министрликтин бөлүмүнө буюм мүлкүн бекитип берүү, ошондой эле буюмдардын кампада колдонуу (эксплуатациялоо) мөөнөтүн аныктоо максатында аны энтамгалоо (белги коюу) жүргүзүлөт.
120. Буюм мүлкүн энтамгалоо үчүн ушул Жобонун 1, 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн үлгүлөргө ылайык белгилер колдонулат.
121. Жаңы буюм мүлкүн пайдаланууга берүүдө инвентардык мүлктүн предметтери №1 белги жана эсептен чыгарылган буюм мүлкү №2 белги менен белгиленүүгө тийиш.
122. Буюм мүлкүнүн предметтерине эн тамга ушул Жобонун 30-тиркемесинде аныкталган жерлерге коюлат.
123. Буюм мүлкүнүн өз убагында жана туура энтамгаланышына аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнүн башчылары жана аскер бөлүктөрүнүн командиринин оорук боюнча орун басарлары жооптуу.
124. Эсептен чыгарылган, бирок бүтүн бойдон калтырылган буюм мүлкүнүн предметтерине №2 “энтамгалоо” белгиси № 1 “энтамгалоо” белгисинин жанына коюлат, ал эми бүтүн эмес буюм мүлкүнүн предметтеринин көрүнүктүү жерине, эсептен чыгарылган мүлктү колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгондой кылып “энтамгалоо” белгиси коюлат.
125. Буюм мүлкүн энтамгалоо үчүн көрсөтүлгөн максаттар үчүн өнөр жай чыгарган кара жана ак түстөгү боектор же типографиялык боектор пайдаланылат.
126. Буюм мүлкүн энтамгалоо үчүн хлор акиташынын эритмелерин колдонууга тыюу салынат.
127. Ушул Жободо белгиленген колдонуу (эксплуатациялоо) мөөнөтү аяктагандан кийин пайдалануудан алынган буюм мүлкү кампага топтолот, оңдоого чейин же андан кийин пайдаланууга жарактуу жана эсептен чыгарууга тийиш болгон буюмдарга иргелет.
10-глава. Министрликте буюм мүлкүн эсептен чыгаруунун тартиби
128. Буюм мүлкүн керектен чыгаруу белгиленген колдонуу мөөнөтү бүткөн жана жараксыз болуп калган мүлктү эсептен чыгаруу максатында жүргүзүлөт. Буюм мүлкүн керектен чыгаруу жараксыз мүлктүн топтолушуна жараша ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчиси жана аскердик бөлүктүн командири тарабынан түзүлгөн материалдык запастарды эсептен чыгаруу боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
129. Колдонуунун (эксплуатациялоонун) белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн материалдык баалуулуктарды кайра эсептегенден, алардын сапаттык абалын текшергенден жана андан ары пайдаланууга жарактуулугун аныктагандан кийин эсептен чыгаруу боюнча комиссия буюм мүлкүнүн сапаттык абалын өзгөртүү актысын түзөт (ушул Жобонун 31-тиркемеси), эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат, Министрликтин оорук башкармалыгы менен макулдашып, комиссияны түзгөн башчы актыны бекитет.
130. Инвентардык мүлк объекттеринин санын, сапаттык абалын жана эсептен чыгарууну текшерүүнү эсептен чыгаруу комиссиясы жүргүзөт, мында бул комиссия мүлктүн сапаттык абалын өзгөртүү жөнүндө өзүнчө акт түзөт.
131. Эсептен чыгаруу үчүн жараксыздалган буюм мүлкүнүн предметтери эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын катышуусунда тигилишинен сөгүлүүгө (бузулууга) тийиш. Буюм мүлкүн тигилишинен сөгүү (бузуу) жумшак жана чарбалык инвентарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт менен таризделет, анда буюм мүлкүнүн сапаттык абалын өзгөртүү актысына же техникалык абалынын актысына тиешелүү түрдө шилтеме жасалат.
132. Жумшак жана чарбалык инвентарды эсептен чыгаруу жөнүндө актыда алынган кездеменин кесиндилерин, деталдардын, фурнитуранын, чүпүрөктүн жана калдыктардын аталышы жана салмагы көрсөтүлөт.
133. Атайын, ведомстволук форма кийимдердин, куткаруучу шаймандардын сыпаттамасы жана аларга карата техникалык талаптар Министрликтин өзүнчө буйруктары жана тескемелери менен аныкталат.
11-глава. Буюм мүлкүн оңдоону жана химиялык тазалоону уюштуруу
134. Аскер кийимин жана бут кийимди күндөлүк оңдоо штаттык жана штаттан тышкаркы тигүүчүлөр, өтүкчүлөр, ошондой эле мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тарабынан жүргүзүлөт.
135. Буюм мүлкүнүн орточо оңдоосу аскердик бөлүктүн буюм оңдоо устаканасында же турмуш-тиричилик тейлөө комбинатында жүргүзүлөт.
136. Буюм мүлкүнүн жана материалдык каражаттардын сапаттуу абалы, учурдагы жана орто оңдоолорду өз убагында жүргүзүү үчүн мүлк табышталган аскер кызматчысы, ошондой эле аскердик бөлүктөрдүн командирлери, командирлердин оорук боюнча орун басарлары жана аскердик бөлүктөрдүн буюм кызматтарынын башчылары жооп берет.
12-глава. Мончо-кир жуучу тейлөө
137. Аскердик бөлүктөрдү мончо-кир жуучу тейлөө Министрликтин буйруктарына ылайык ишке ашырылат.
138. Аскердик бөлүктөр мончо-кир жуучу, көмөкчү жабдуулар жана инвентарлар менен ушул Жобонун 19-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча камсыз кылынат.
139. Аскердик бөлүктөр жана бөлүмдөр ушул Жобонун 14-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча жеке гигиена каражаттары менен камсыз кылынат.
140. Аскердик бөлүктөр жана мекемелер самын жана жуучу каражаттар менен ушул Жобонун 15-тиркемесине ылайык камсыздоо (жабдуу) ченеми боюнча камсыз кылынат.
1-тиркеме
№ 1 ченем
жогорку офицердик курамды буюм мүлкү менен камсыздоо
№ к/м | Предметтердин аталышы | Бир адам үчүн предмет-тердин саны | Колдонуу мөөнөтү | бул предметти берүүдө колдонулуучу эскертүүлөрдүн № |
1.Формалык кийими | ||||
1 | Параддык фуражка | 1 даана | 5 жыл |
|
2 | Күнүмдүк фуражка | 1 даана | 4 жыл |
|
3 | Каракүлдөн жасалган кулакчындуу тумак | 1 даана | 5 жыл |
|
4 | Жылуулатылган топу (сатып алат) | 1 даана | – | 4 |
5 | Формалык кепка (сатып алат) | 1 даана | – | 4 |
6 | Жазгы-күзгү плащ | 1 даана | 5 жыл |
|
7 | Накта булгаарыдан жасалган күрмө | 1 даана | 5 жыл |
|
8 | Кышкы пальто | 1 даана | 5 жыл |
|
9 | Параддык мундир | 1 даана | 5 жыл |
|
10 | Күнүмдүк китель | 1 даана | 5 жыл |
|
11 | Күнүмдүк шым | 2 даана | 4 жыл |
|
12 | Багалеги коё берилме шым | 1 даана | 5 жыл |
|
13 | Жүн аралаш токулган пуловер (сатып алат) | 1 даана | – | 4 |
14 | Сыдырмалуу күнүмдүк күрмө | 1 даана | 3 жыл | |
15 | Узун жеңдүү күнүмдүк көйнөк | 2 даана | 2 жыл | 1 |
16 | Чолок жеңдүү күнүмдүк көйнөк | 2 даана | 2 жыл | 1 |
17 | Формалык параддык узун жеңдүү көйнөк | 1 даана | 5 жыл |
|
18 | Формалык параддык чолок жеңдүү көйнөк | 1 даана | 5 жыл |
|
19 | Параддык жагоо | 1 даана | 3 жыл |
|
20 | Күнүмдүк жагоо | 1 даана | 2 жыл | |
21 | Каракүлдөн жасалган чечилүүчү жака | 1 даана | 5 жыл |
|
22 | Моюн орогуч (сатып алынат) | 1 даана | – | 4 |
23 | Накта булгаарыдан жасалган 5 манжалуу кол кап (сатып алынат) | 1 жуп | – | 4 |
24 | Ак түстөгү 5 манжалуу трикотаж кол кап | 1 жуп | 2 жыл | |
2. Талаа формасы | ||||
1 | Камуфляждык түстөгү талаа фуражкасы | 1 даана | 3 жыл |
|
2 | Камуфляждык түстөгү талаа күрмө жана шым | 1 к-т. | 3 жыл |
|
3 | Жылуулатылган камуфляждык түстөгү талаа күрмөсү | 1 даана | 4 жыл |
|
4 | Коргоочу (камуфляждык) түстөгү футболка | 1 даана | 1 жыл |
|
3. Ведомстволук форма кийими | ||||
1 | Көк түстөгү фуражка (кепка) | 1 даана | 2 жыл |
|
2 | Жайкы кыска жеңдүү күрмө жана шым (акылуу) | 1 даана | – |
|
3 | Көк түстөгү күрмө жана шым | 1 даана | 2 жыл |
|
4 | Көк түстөгү жазгы-күзгү плащ | 1 даана | 5 жыл |
|
5 | Жылуулатылган көк түстөгү күрмө (кышкы) | 1 к-т. | 4 жыл |
|
6 | Көк түстөгү пуловер | 1 даана | 2 жыл |
|
7 | Көк түстөгү свитер (акылуу) | 1 даана | – | 4 |
8 | Көк түстөгү футболка | 1 даана | 2 жыл | |
4. Бут кийим | ||||
1 | Булгаарыдан жасалган кыска ботинкалар (туфли) | 1 жуп | 2 жыл |
|
2 | Кончу бийик ботинкалар | 1 жуп | 5 жыл |
|
5. Жабдыктар | ||||
1 | Булгаарыдан белге тагылуучу кур | 1 даана | 10 жыл |
|
2 | Шымга тагылуучу кур | 1 даана | 10 жыл |
|
3 | Параддык кур | 1 даана | 10 жыл |
|
4 | Талаа баштыгы | 1 даана | 10 жыл |
|
5 | Аксельбант | 1 даана | 10 жыл |
|
6 | Жамынма плащ | 1 даана | 10 жыл |
|