Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
2023-жылдын 5-октябры № 6-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 25-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жободо:
312-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“312. Контрактты (келишимди) түзүүдө:
- жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө авансалык төлөмдөрдүн өлчөмү контракттын (келишимдин) суммасынан 10 пайызга чейин белгиленет;
- товарларды берүүгө, чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга байланышкан жумуштарды аткарууга, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды, ошондой эле билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын сатып алууга аванстык төлөмдүн өлчөмү контракт (келишим) түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет;
- “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга келишимдин суммасынан 100 пайызга чейин аванстык төлөмдөр каралышы мүмкүн;
- мамлекеттик жашыруундуулукту коргоо, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук жана коргонуу менен түздөн-түз байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга аванстык төлөмгө карата талап коюлбайт.”.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;