Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 115
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2024-жылдын 7-мартындагы № 101, 2024-жылдын 11-мартындагы № 103 , 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207, 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210, 2024-жылдын 13-июнундагы № 306, 2024-жылдын 1-июлундагы № 341 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 416, 2024-жылдын 14-августундагы № 467, 2024-жылдын 14-августундагы № 471, 2024-жылдын 27-августундагы № 530, 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619, 2024-жылдын 17-октябрындагы № 632, 2024-жылдын 24-октябрындагы № 642, 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 672, 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 686, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 819, 2025-жылдын 16-январындагы № 16, 2025-жылдын 18-февралындагы № 79, 2025-жылдын 26-мартындагы № 153, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325, 2025-жылдын 9-июнундагы № 327, 2025-жылдын 21-июлундагы № 432, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 577, 2025-жылдын 25-сентябры № 615, 2025-жылдын 6-октябрындагы № 641, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 653 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 700, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 , 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 762, 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 850 , 2026-жылдын 30-мартындагы № 201, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 274 , 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308, 2026-жылдын 14-августундагы № 546, 2026-жылдын 25-августундагы № 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү мөөнөтсүз мүнөздө болору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү чечимдери же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери кабыл алынганга чейин колдонулары.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашырууда:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун сакталышын камсыз кылсын;
2) алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- 1-пунктчасында:
"Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
", буга ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын веб-сайттары кирбейт" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;