Загрузка документа…
| Тиркеме 1 |
| (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык) |
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б
“Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү
боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругунун долбооруна
ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТАБЛИЦАСЫ
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Макулдашуунун натыйжалары | Эске алуу/сын-пикирди эске албоонун негиздемеси |
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Сын-пикир жок | - |
2 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | Сын-пикир жок | - |
3 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | Сын-пикир жок | - |
4 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Сын-пикир жок | - |
5 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Сунуш менен “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга келишимдин суммасынан 100 пайызга чейин аванстык төлөмдөр каралышы мүмкүн. | Эске алынды |
6 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Сын-пикир жок | - |
7 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Сын-пикир жок | - |
8 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Сын-пикир жок | - |
9 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдалдаар министрлиги | Сын-пикир жок | - |
10 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | Сын-пикир жок | - |
11 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Сын-пикир жок | - |
12 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | Сын-пикир жок | - |
13 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | Сын-пикир жок | - |
14 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Кайрадан иштеп чыгуу талап кылынат 2. Атайын бөлүгү. 1. Сунушталган долбоор менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы 2-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобонун 312-пунктуна берүүчү (подрядчы) тарабынан аванстык төлөмдүн суммасына банктык кепилдикти берүүнү алып салуу бөлүгүндө өзгөртүү киргизилет. Мында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” 50-беренесине ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону сурап алат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдикти камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген, кепилдиктерди, күрөөлүк камсыздоону көрсөтүүчүгө депозиттик сертификат түрүндө же камсыз кылынган баалуу кагаздар формасында берүүчүлөр тарабынан берилиши мүмкүн. 2. Ошондуктан, сунушталган долбоор тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кошумча талдоо жана көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык келүү предметине толуктап иштеп чыгуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет. Ушуга байланыштуу, бул буйруктун күчүнө кириши жөнүндө пункт корутунду жоболор каралышы керек. 3. Ошондой эле буйруктун долбоорун жана ага тиркелген документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы 31-майындагы №313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Нускамасынын 76, 82 жана 86-пункттарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейбиз. | Жарым-жартылай эске алынды Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык сатып алуучу уюм жеткирүүчүдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыз кылууну сурайт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы 2-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобонун 312-пункту аванстык төлөмдөрдү жөнгө салат. Ушуга байланыштуу бул пункт Кыргыз Республикасынын Мыйзамына “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” карама-каршы келбейт. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
А.К.Бакетаев |
| Тиркеме 2 |
| (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык) |
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б