Редакцияот 26.02.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2008-жылдын 26-февралы № 16                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ               "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби         жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор                    жана өзгөртүү киргизүү тууралу 2008-жылдын 18-январында               Кыргыз Республикасынын Жогорку                                       Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Жарандардын кайрылууларын  кароонун  тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын  Мыйзамына  ("Эркинтоо"   гезити,   2007-жылдын   22-майы)төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:     1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар  менен  толук-талсын:     "6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;     7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.".     2. 7-статьяда:     1-бөлүгүндөгү "жарандарды"  деген сөздөн кийин "жумасына бир жолу-дан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;     статья төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:     "7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар  кезексизкабыл алынуу укугуна ээ.".     3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталганкайрылууну карап  жаткан  жетекчи  же  адам  кайрылуунун  мањызын  жанажүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жа-на почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону ме-нен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байла-ныша албай калса,  кайрылууну андан ары кароо токтотулат,  бул  тууралуарыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.".      2-статья.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын          Президенти                                 К.Бакиев