Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 25-апрели N 65
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн (мындан ары - администрациялык-аймактык түзүлүш) түшүнүгүн, принциптерин, администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүүнүн тартибин, администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүүдө жана жоюуда, алардын чегараларын аныктоодо жана өзгөртүүдө, администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алуу жана каттоо маселелерин, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүшкө байланышкан башка маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү - бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруу максаттарында аймактарды администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүү;
администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;
калктуу конуштар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурулган шаарлар айылдар жана башка калктуу конуштар;
калктуу конуштардын категориялары - мыйзамда белгиленген белгилүү статуска ээ болгон администрациялык-аймактык бирдиктердин жыйындысы;
область - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу областтык маанидеги шаарлардын аймактарын, ошондой эле ушул областын аймагында жайгашкан райондордун аймактарын бириктирүүчү администрациялык-аймактык бирдик;
район - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу, ушул райондун белгиленген чектеринде жайгашкан айылдарды, райондук маанидеги шаарларды бириктирүүчү администрациялык-аймактык бирдик;
шаар - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлар түрүндөгү админстрациялык-аймактык бирдик;
айыл аймагы - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу бир же бир нече айылдан турган администрациялык-аймактык бирдик;
(абзац КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
айыл - ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем эмес, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуш.
(КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн түшүнүгү
Администрациялык-аймактык түзүлүш - бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркиндиктерин, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагынын администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнүшү.
3-берене. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн негизги принциптери
Администрациялык-аймактык түзүлүш төмөнкү принциптерге негизделет:
Кыргыз Республикасынын аймагынын бирдиктүүлүгү жана ажыратылгыстыгы;
жалпы мамлекеттик кызыкчылыктар менен тийиштүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарынын шайкештиги;
мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чекараларынын чегинде жүзөгө ашыруусу;
администрациялык-аймактык бирдиктердин өнүгүүсүнүн тең салмактуулугу жана комплекстүүлүгү;
бир кыйла ири администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарынын курамына бир кыйла кичирээк администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарынын кошулуусу;
администрациялык-аймактык бирдиктердин укуктук статусун алардын багыттарына, жергиликтүү өзгөчөлүктөргө, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлине жана башка факторлорго ылайык аныктоо;