Редакцияот 17.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2008-жылдын 17-декабры № 264                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ              Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу          актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын           Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык               жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор                           киргизүү жөнүндө      2008-жылдын 30-октябрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-берене.      "Жарнак жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөйтолуктоо киргизилсин:     16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:     "7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:     - мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары балдарды жасалма  тамак-тандыруу  үчүн  тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталганазыктардын жана каражаттардын үлгүлөрүн акысыз таратууга;     - балдарды  жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттардыколдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим  берүүматериалдарын белекке берүүгө жана таратууга;     - эгерде балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана  кара-жаттарды жасап чыгаруучулардын аталыштары, сүрөт-сыпаттамалары жана то-вардык белгилери колдонулса, балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кен-же  курактагы  балдардын тамак-аш азыктарына карата кызыкчылыгы бар кошбойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар,  саламаттык сактоо кызматкер-лери жана башка жактар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;     - балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон,  сырт жагынабалдарды  жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын ата-лыштары же сүрөт-сыпаттамалары түшүрүлгөн товарларды (футболкалар,  башкийимдер,  оюнчуктар, кол чатырлар, баштыктар д.у.с.) адамдардын кењиричөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;     - балдарды  жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттардысатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө тикелей же  кыйыр  багытталганбашка иш-аракеттердин түрлөрүнө.".      2-берене.      Кыргыз Республикасынын  Администрациялык  жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  1999-ж.,  №2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:     1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 92-2-статья менен толукталсын:     "92-2-статья. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана                   каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин                   бузуу      Тизмеги Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарында белгиленген балдардыжасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо  жанатаратуу эрежелерин бузуу, -     тиешелүүлүгүнө жараша жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн ондон  жы-йырмага чейинки,  кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмаданжүзгө чейинки,  юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн бешжүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".     2. 508-статьянын 1-бөлүгү "92" деген цифралардан кийин "92-2"  де-ген цифралар менен толукталсын.      3-берене.      Ушул Мыйзам  кол коюлган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнөкирет.      4-берене.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул  Мыйзам  күчүнө  кирген  күндөнтартып  үч  айдын  ичинде  өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайыккелтирсин.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев