Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 27-апрели № 133
Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө
(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-февралындагы № 34 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам асыл тукум малды көбөйтүү, асыл тукум продукцияны (материалды) өндүрүү жана пайдалануу боюнча иштин укуктук, экономикалык, уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана асыл тукум малдын генофондун сактоого жана көбөйтүүгө, тукумдатууга жана алардын азыктуулук сапатын жакшыртууга багытталган.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Асыл тукум малды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо - асыл тукум малды жана мал үйүрлөрүн идентификациялоо, тегин аныктоо жана продукттуулугун аныктоо максатында асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум мал үйүрлөрү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда эсепке алуу.
Асылдандыруу иштеринин субъектилери - асыл тукум малды көбөйтүп, асыл тукум продукцияны (материалдарды) селекциялык максатта пайдаланып жана өндүрүп жаткан, ошондой эле асылдандыруу иштерине тейлөө кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар.
Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган аткаруу бийлигинин асылдандыруу ишин башкаруу жаатындагы мамлекеттик органы.
Асылдандыруу иши - колдо болгон айыл чарба жаныбарларын сактоого жана сапатын жакшыртууга жана жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын чыгарууга багытталган зоотехникалык, биологиялык-генетикалык жана уюштуруучу-чарбалык иш-чаралардын системасы;
Асыл тукум жаныбар - теги документтүү ырасталган, белгилүү бир породаны чыгарууга пайдаланылуучу жана мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда катталган айыл чарба жаныбарлары.
Асыл тукум үйүрү - тигил же бул породанын стандарттуу талаптарына жооп берүүчү, атайын селекциялык-асылдандыруу иштери жүргүзүлө турган айыл чарба жаныбарларынын ар кандай жыныстагы жана жаштагы белгилүү бир сандагы асыл тукум тобу.
Асыл тукум (селекциялык) өзөгү - үйүрдү оңдоо үчүн пайдаланыла турган жогорку баалуу элита тубар жаныбарлар, булар жаныбарлардын тегине жана продукттуулугуна жараша жекече бонитировканын жыйынтыгы менен тандап алынат.
Селекциялык-асылдандыруу иши - мал чарбасындагы асылдандыруу ишинде малдын продукттуулук жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Асыл тукум күбөлүгү - асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, асыл тукум жаныбардын тегин, продукттуулугун жана башка сапаттарын, ошондой эле ата-энесинин генетикалык тектерин жана уруктун же түйүлдүктүн сапатын ырастаган документ.