Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 1-февралы № 23

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 35-статьянын 5-бөлүгүндөгү "каражаттары" деген сөздөн кийин ", ошондой эле гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү дары-дармек каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 50-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Гуманитардык жардам иретиндеги дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алардын ишинин уставына ылайык эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып келиниши мүмкүн.";

3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;

5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы гуманитардык линия боюнча келип түшкөн дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү республикалык реестрин жүргүзөт.";

6-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;

9-бөлүктөгү "дары-дармек каражаттары жөнүндө" деген сөздөр алынып салынсын, "мыйзамдарды" деген сөз "мыйзамдарын" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев