Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 17-февралы № 53

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статьянын 4 жана 21-бөлүктөрүндөгү "мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 6-статьядагы "тартипте медициналык" деген сөздөрдөн кийин "милдеттүү" деген сөз менен толукталсын.

3. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген жеке медициналык уюмдар өз иштерин милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүргүзүшөт.".

4. 20-статьянын 3-бөлүгүндө:

"мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, областтык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 54-статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттары.".

6. 60-статьянын 1-бөлүгүндөгү "республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана милдеттүү" деген сөздөр "базалык мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.